Топон суудай эле. Адамзаттын айласын алты кетирген кыян, селдер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эч кимге моюн бербегидей кубаты бар, дүркүрөп өнүгүп жатат деген Кытай дагы буга алы келген жок, келбейт дагы. Кытайдын да алы жетпегидей бул эмне болгон күч десеңиз - табият, климат.
Кытай кааласа нөшөрлөйм деп турган булуттарды атып, чилдей таратып, асманын чайыттай ачып салат экен, кааласа жасалма жаан жаадырып коё алат дегенди сиз да уксаңыз керек. Бирок бул баарын эле ушинтип чече алат дегенди түшүндүрбөйт. Анын учкай эле мисалынан баштайлы.
Селден улам өткөн аптада бул көчөдө унаалар төмөн карай аккан.
Кытайдын түштүгүндө нөшөрлөп жаан жаап турганы менен, мынчалык болгон эмес. Жакында эле кытайда жумурткадай мөндүр жаады деп видеолор тарап жатат. Ондогон киши жаракат алып, мөндүрдөн беш киши өлдү. Кыйраган имараттар да бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дубай. Шаар курган жагынан дүйнөнүн оозун ачырды. Асман тиреген мунара имараттары менен далайды өзүнө азгырганы азгырган. Эс алсак, керек болсо ошол имараттардан сүрөткө түшсөк дегендер четтен чыгат. Эң бай дегендери Дубайдан үй алат элек деп да арман кылат. Дал ошол Дубайда да асман тиреген имараттарды белчесине чейин суу каптап, айласын алты кетирди.
Шаарда бир жарым жылда жаачу жамгыр күр эттирип бир эле күндө жаап салды. Анысы аз келгенсип аймакта мындай катуу шамал болгон эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакында эле Перс булуңундагы өлкөлөрдө болгон катуу шамалдан 23 адам көз жумуп, Дубай менен Оманда кан буугандай эле кыймыл токтоп калды.
Бүгүн жарыяланган изилдөөдө, климаттын өзгөрүүсүнөн улам жаан-чачын 10 пайыздан 40 пайызга көбөйгөнү аныкталды. Дубай катуу жаан-чачынга ылайыкташып курулбагандыктан, суу ташкыны бир катар көйгөйлөрдү жаратты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аймакта мындай кубулуштар сейрек болуп тургандыктан изилдөөнүн жыйынтыгын так деп айтууга эрте.
Деген менен, табигый кырсыктар көп каттала баштаганы талашсыз.
"Атмосфера жылып жатат. Муну менен, ал өзүндө көбүрөөк нымдуулукту кармап тура алат дегенди билдирет. Ошол эле. Кийин ошол нымдуулук нөшөрлөгөн жаанга айланат. Ал эми шамал соккондо, ал катуу жамгыр менен бирге коштолот",- дейт профессор Ханна Клоук.
Британияда да ушундай эле көрүнүш.
Өлкөнүн метеорология кызматы, ушул жылдын март айына чейин 18 ай рекорддук нымдуу жыл болгонун айтат. Жылдан жылга жаан-чачын өзгөрүп, келечекте кыш нымдуу, жай болсо кургак болушу мүмкүн экенин кызмат кабарлады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Казакстанды каптап, Орусияны жайпап кетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Үйүмдүн чатыры калкып жүрөт" деп ыйлаган киши казакстандагы суу каптоонун азабын айтып олтурду. Жайында сууга зарбыз, жазында сууга тумчугабыз деген казакстандыктардын бир тобу бийликке кайрылып, ар кандай кенемте менен алаксытпай үй куруп бергиле дешти. Суу ташкындарынан толук баш аягыбызды жыйганда айрым айыл, кыштактарды түп орду менен көчурөбүз деди казак бийлиги. Миллиондогон доллар чыгым алып келген суу каптоонун кесепети менен зыяны али толук такталып бүтө элек. Жылдап жыйган тергенибиз бир заматта сууга кетти деп миңдеген киши мөгдөп турган учуру.
Орусиянын Оренбургундагы суу каптоо Казакстандагыдан ашса ашып, бирок кем калган жок. Жергиликтүүлөр соңку жүз жылда мындай суу каптоо болгон эмес деп үрөйлөрү учту. Арасында үй-жайынан кол жууп калган теги кыргызстандыктар да бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыян менен сел Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок
Кыргызстанда да быйыл соңку күндөрү катуу жамгырдан улам аймактарда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптады, бир катар автоунаа жолдору жабылды. Казандай таштардан бери агызган сел көп кишинин үрөйүн учурду.
Соңку жылдары төрт түлүктүн саны абдан көбөйдү деп кубанганыбыз менен дагы бир топ көйгөй кошо келди. Саны бар, сапаты жок малдын башын көбөйткөн сайын топурактын эррозиясы күчөй берет. Жайыт үчүн малдын оозу маселе деле эмес, маселе анын төрт туягында. Оозу менен кенедей жерди оттогону менен туягы андан көп жерди эшип, кор кылып салат. Натыйжада көк кылтыйгандан тарта эле аттиштей тиш менен сууруп жеп, туягы менен ныгырат, таптайт. Ошентип көгөргөн чөп урук чачмак турсун гүлдөгөнгө да үлгүрбөй калат. 2-3 жыл уругу чачылбаган өсүмдүк сөз жок саны кемий берет. Ошентип бир кезде чөбү белден буралган чоң жайлоолордо да азыр андагыдай чөп жок. Буга климат дагы, шагыраган малдын саны да себеп.

Сүрөттүн булагы, mchs.gov.kg
Климаттын тездик менен ысып баратканы кыргыз тоолорундагы мөңгүдөн даана байкалат. Барган сайын мөңгүлөрдүн саны көбөйүүдө. Мөңгүнүн саны көбөйдү дегени чоң мөңгүлөр ээрип, четинен майдаланып жатат дегенди билдирет. Алда кайда алыс жайгашкан чөлдүн кумдуу бороондорунун эпкини кыргыз тоолоруна чейин жетээри айтылып эле келет. Андан сырткары тоо-кендерин казуу да буга кедергисин тийгизбей койбойт.


Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жайыттын кыртышы эшиле берсе эмне болот?
Топурак таануучулар айткандай, кыртыш жарактан чыккан сайын чөп да өспөй баштайт. Ундай упураган бош топурак жааган жамгырды өзүнө сиңирип кармап кала албайт. Нөшөр болгон сайын агып жөнөйт, жамгыр канчалык узак жааса ошончолук агым тездейт, төмөндөгөн сайын аккан суу дагы, агынды топурак дагы көбөйө берет. Тоонун кырында жылжып аккан суу бет ылдый агып, ошончо аянттын суусун чогултуп жүрүп олтуруп этегине жеткенде кыян пайда болот. Жыбыт-жылга, кокту колот сайын чогулган кыян заматта селге айланаары турган иш.
Жыйынтыктап келгенде жалпы адамзат экологияга кайдыгер мамилесинин кесепетин тартып жаткан жокпу деген суроо кабыргасынан турат. Эгер жылдап тырмалап жыйганын бир заматта сел алып, көз ачып жумганча силкинген жер титирөө там-тарагын кыйратып, улуган бороон-чапкын самандай сапырып салса, кактап тийген күн куйкалап жиберсе адамзат табияттын алдында алсыз экенин, аны кордоду дегиче өзү эселеп кор болоорун түшүнө алар бекен?







