Түндүк Корея ачарчылыктын алдында, ЖККУнун Тажикстандагы аскердик машыгуусу
14-октябрь: Күндүн жаңылыктары
БУУ: Түндүк Кореяда ачарчылык коркунучу курч

Сүрөттүн булагы, AFP
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттеринин айтымында, Түндүк Кореядагы аялуу жаш балдар менен улгайгандар ачарчылык коркунучунун алдында турат.
Өлкөдөгү БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы эл аралык санкцияларды жана ковид бөгөтүн азык-түлүктүн тартыштыгы үчүн айыптап чыкты.
Томас Охеа Кинтананын айтымында, анын натыйжасында түндүк кореялыктар “өз кадыры менен жашоо өткөрүү” менен күрөшүп жатышат.
Кризистин алдын алуу үчүн ал Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан улам киргизилген санкцияларды алып салууга чакырды.
Түндүк Корея оор экономикалык абалга туш болгону айтылып келет.
Өлкө Covid-19 вирусунун тарашын токтотуу үчүн өз чек араларын жапкан. Натыйжада, Кытай менен соода кескин түрдө солгундап кеткен. Түндүк Корея азык-түлүк, жер семирткич жана күйүүчү май сатып алууда Кытайга таянат.
Мамлекеттик маалымат агенттиги ушул аптада кабарлагандай, лидер Ким Чен Ын Түндүк Корея “өтө оор абалга” туш болгонун мойнуна алган.
Азык-түлүктүн баасы өтө өсүп кеткени боюнча маалыматтар тарап, “NK News” сайты июнда бир килограмм банан $45 чыкканын жазган.
Соңку маалыматтар боюнча, Кинтана БУУнун Коопсуздук кеңеши эл аралык санкцияларды жеңилдетип, “гуманитардык жана өмүр сактаган жардамга” уруксат бериши керек экенин билдирген.
Жо Байдендин жетекчилиги астында АКШнын бийлиги Түндүк Корея менен сүйлөшкүсү келгенин айткан, бирок санкцияларды алып салуудан мурда Пхенян өзөктүк куралдардан баш тартышы керек экенин талап кылган. Түндүк Корея бул сунушту четкен кагып келет.
Ушул аптанын башында Ким Чен Ын АКШ чыңалууну күчөтүп жатат деп айыптап, өзүн-өзү коргоо үчүн курал-жарактардын иштеп чыгара бериши керек экенин билдирген.
Экономикалык көйгөйлөргө карабастан Түндүк Корея курал-жарактарын жана ракета жабдууларын жасап чыгарууну улантып келет. (EA)
ЖККУ Тажикстанда аскердик машыгуу өткөрөт

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ЖККУ Тажикстанда 22-23-октябрда аскердик машыгуу өткөрөт. “Взаимодействие-2021” аскердик машыгуусу Афганистан менен чектеш жердеги тажик полигондорунда өткөрүлөт. Бул тууралуу ЖККУнун Парламенттик ассамблеясы билдирди.
Машыгууларлын негизги максаты – Борбор Азияга кирип келиши мүмкүн болгон куралдуу террордук топтордун мизин кайтарууга даярдык. Иш-чарага Россия, Беларус, Армения, Казакстан жана Тажикистандын парламент депутаттарына жеринен байкоо салары да маалымдалды.
Афганистандагы соңку кырдаалды эске алганда мындай машыгуулар абдан маанилүү экенин Путиндин басма сөз кытматчысы Дмитрий Песков 13-октябрда билдирди.
"Жакында ЖККУнун президенттери Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнө камтамачылыгын билдиришкен. Алар кырдаалды алдын ала жоромолдош кыйын экенин баса белгилешип, ЖККУ сак турушу керектигин айтышкан", - деди 13-октябрдагы брифингде Песков.
Буга чейин мындай машыгуулар сентбябрда Кыргызстанда өткөн. Бирок ага Тажикстандан аскерлер келген эмес. (EK)












