Кытай телефонун ыргытууга чакырган Литва, Хабаровскиде жоголгон учак
23-сентябрга карата дүйнөдөгү жана жергиликтүү кабарларга назар салыңыз.
Литва Кытайдын телефондорун ыргытууга чакырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Литванын коргоо министрлиги эскерткендей, керектөөчүлөр Кытайдын телефондорун ыргытып салышы жана жаңыларын сатып албашы керек.
Өлкөнүн Улуттук кибер коопсуздук борбору Кытай өндүргөн 5G мобилдик телефондорун текшерүүдөн өткөргөн.
Анда Xiaomi телефонунда мурдатан киргизилген цензуралоочу шаймандар, ал эми Huawei моделдеринде коопсуздук жактан жылчыктар аныкталган.
Huawei колдонуучулардын маалыматтары сыртка чыгарылбасын, а Xiaomi болсо байланышты цензуралабасын айтышты.
“Биздин сунушубуз Кытайдын жаңы телефондорун сатып албаңыздар. Эгер сатып алган болсоңуздар, аларды мүмкүн болушунча тез арада ыргытып жибериңиздер”, - деп билдирди Литванын коргоо министри Маргирис Абукевичюс.
Xiaomi компаниясынын Mi 10T 5G телефонунда бир программа орнотулганын таап чыгышкан. Маалыматка ылайык, ал “Эркин Тибет”, “Жашасын Тайвандын эгемендиги” же “демократиялык кыймыл” сыяктуу сөздөрдү аныктап, чектей алат.
Анда 449дан ашуун сөздөр Xiaomi телефондорунда бөгөттөлгөн болушу ыктымалдыгы белгиленген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Xiaomi телефондору адамдарга байланышуусу үчүн цензура колдонбойт. Xiaomi буга чейин жана мындан кийин дагы биздин смартфондорду колдонгондордун жеке жүрүм-турумуна чектөө коюп же бөгөттөбөйт. Мисалы, издөө, чалуу, браузерде иштөө же үчүнчү жактардын байланыш программаларын колдоно алышат”, - деди компаниянын өкүлү Би-Би-Сиге.
Ошондой эле, Литванын Улуттук кибер коопсуздук борбору Huawei компаниясынын P40 5G телефонундагы жылчыкты белгилеген. Ал колдонуучуларды кибер коопсуздук коркунучуна түртөт.
Аталган компаниянын өкүлү Би-Би-Сиге билдиргендей, Huawei иш алып барган өлкөлөрдүн мыйзамдарына жана эрежелерине баш ийип, кибер жанa жеке коопсуздукка артыкчылык берет.
“Маалыматтар эч качан Huawei телефондорунан сыртка чыкпайт”, - деп кошумчалады ал.
Бул билдирүү Литва менен Кытайдын ортосунда мамиле чыңалып жаткан убакка туш келди.
Өткөн айда Кытай Литвадан Бээжиндеги элчисин чыгарып кетүүсүн талап кылып, өзүнүн элчилигин Вилнюстан алып кетерин айткан.
Тайван Литвада өзүнүн миссиясы жөнүндө жар салып, ал Тайвандын расмий өкүлчүлүгү болот деп атагандан кийин Литва менен Кытайдын мамилеси сууп кеткен.
Европа менен АКШдагы Тайвандын элчиликтери аралдын өзүнө эле ишарат кылып, борбор шаар Тайпейдин атын колдонуп келет. Тайванды Кытай өзүнүн аймагы катары көрөт. (EA)
Ковид: жуктургандан айыкканы көп

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Республикалык штаб билдиргендей, соңку суткада Кыргызстанда Covid-19дан каза болгон факт катталган жок. Жаңы жуктуруп алгандардын саны 95ке жетсе, 96 айыгып чыккан. Штаб берген маалыматка караганда, ушул жылдын 9-апрелинен бери карай күнү куру эмес вирустан көз жумгандар катталып келе жаткан.
2020-жылдын март айында бул вирус Кыргызстанда дагы бар экени аныкталгандан бери жалпысынан 2595 киши каза болду. Бирок, бул каттоого алынган гана эсеп. Статком берген маалыматта вирус жайылгандан тарта көз жумгандардын саны адаттагыдан кыйла көбөйгөн.
Учурда ковидге каршы эмдөө уланууда. Жалпысынан 784 948 киши эмдөөнүн биринчи дозасын, 583 834 киши эки дозасын тең сайдырган. Сонку күндөрү Орусиянын бир топ аймагында вирус тездик менен тарап жатканына дарыгерлер тынчсызданууда. (AK)
Хабаровскиде жоголгон учактын сыныктары жаратылыш коругунан табылды

Сүрөттүн булагы, YURI SMITYUK/TASS
Хабаровскиде радардан жоголгон Ан-26 учагынын сыныктары Большехецирский коругунан табылды. Бул жөнүндө Хабаровскинин жаратылыш парктарынын мамлекеттик дирекциясы билдирди.
Учак кыйраган жер Большехецирский коругунун ичинде, Корфовск районунун этегинде, жолдон 3 км ары.
Кырсыктаган учакты Өзгөчө кырдаал министрлигинин тик учагы менен учуп жүрүп табышкан.
22-сентябрда кечинде Хабаровскинин аба майданынан 38 км аралыкта Ан-26 учагы радардан жоголуп кеткени жөнүндө кабар түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын бортунда учкучтар командасы, алты адам бар болгон. Ал техникалык учуу жасап жаткан экен. Аны издөөгө 70тей куткаруучу тартылды. (КС)
Борис Жонсон: адамзат климаттын өзгөрүүсү боюнча ойлонууга убакыт келди

Сүрөттүн булагы, Reuters
“Адамзат климаттын өзгөрүүсү боюнча ойлонуп, акыл токтотууга убакыт келди”,- деди Британиянын премьер-министри Борис Жонсон БУУнун Нью-Йорктогу жыйынында.
Анын айтымында, дүйнө “бурулуш учурга” келип, мамлекеттер планетаны кирдетип жана кыйратып жаткан иш-аракеттерге жоопкерчилик алуу мөөнөтү келди.
Жонсондун бул билдирүүсү ноябрда Шотландияда климаттын өзгөрүүсу боюнча өтө турган COP26 саммитинин алдында орун алды.
БУУнун Генералдык Ассамблеясынын жыйынына 100гө жакын дүйнө лидерлери катышып жатат.
Британ премьер-министри аларды абанын температурасын 1,5 градустан ашырбоого аракет кылууга, көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын кыскартууга милдеттенме алууга чакырды.
Көмүр отунун колдонууну өнүккөн өлкөлөр 2030 жылга карата, ал эми өнүгүп келе жаткан мамлекеттер 2040-жылга чейин кыскартуусу керектигине чакырык жасалды.
Борис Жонсон ар бир өлкө көмүр кычкыл газынын абага бүркүлүшүн кыскартып, 2030-жылга чейин биоартүүрдүлүктү сактап, бак-дарактардын кыйылышын токтотуу керек, деди.
Ошондой эле 10 миллиард бак тигүүнү убадалаган Пакистанды башка мамлекеттерге үлгү кылды. (EK)












