Кытай таануучу Александр Габуев: Бээжинде Путинди ашынган фанатик деп эсептешет

BBC

Сүрөттүн булагы, BBC/Dmytro Vlasov/Getty Images

Святослав Хоменко, Би-Би-Си кабарчысы

Украинадагы согушту тынчтык жолу менен чечүү тууралуу жаңылыктарда көбүнчө Дональд Трамптын жана анын жаңы администрациясынын аты аталууда. Бирок дүйнөлүк саясаттагы маанилүү оюнчу Кытай көз жаздымда калып жаткандай.

Батыш өлкөлөрү Кытайды Украинага каршы согушта Орусияга жардам берип жатат деп айыпташууда. Алар Бээжиндин Батыш санкцияларын колдобогонун, Москвага электроника жана башка кош максаттагы товарларды берүүнү улантып жатканын жүйөө келтиришүүдө.

Украинада көпчүлүк Бээжин Москвага ар тараптан көмөктөшүп жатат деп эсептейт. Алардын пикиринде, Кытай кааласа, "кенже өнөктөшүнө" согушту токтотууга оңой эле буйрук берип коймок.

Бул арада Дональд Трамп Бээжин менен тандемин үзүү үчүн Москва менен жакындашууда деген жоромолдор бар.

Чынында баары мындан алда канча татаал.

Би-Би-Си Кытайдын позициясы, анын Орусияга, Украинага болгон мамилеси жана эки өлкөнүн ортосундагы согуштун жагдайлары, "украин сценарийи" Тайванда колдонулушу мүмкүнбү деген маселелер боюнча кытай таануучу, Берлиндеги Карнеги борборунун Орусия жана Евразия боюнча жетекчиси Александр Габуев менен маектешти.

Кытай үчүн Украинанын чек ара сызыгы маанилүү эмес, тынчтык маанилүү

Би-Би-Си: Дегеле Кытайдын көз карашы боюнча идеалдуу саясий дүйнөнүн түзүлүшү кандай?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Александр Габуев: Кытайлыктар Кытайды жер жүзүндөгү эң күчтүү держава деп эсептешет. Же болбосо Америка жер шарынын батышында, Кытай жер шарынын чыгышында үстөмдүк кылат деп ойлошот. Азияда Кытай — абсолюттук гегемон, бул аймакта согуш болбойт, анткени бардык өлкө де-факто Кытайдын үстөмдүгүн таанып, анын кызыкчылыктарын урматташат.

Идеалдуу дүйнөдө Кытайдын күчү жана туруктуулугу менен гармония өкүм сүрөт. Дүйнөлүк соода эрежелери азыркыдан көп айырмаланбайт, бирок бул Кытайга гана эмес, бардык өлкөлөргө пайдалуу болушу керек. Ошентсе да биринчи Кытайдын өзүнө пайда алып келиши маанилүү.

Би-Би-Си: Бул дүйнө түзүлүшүнүн картинасында Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш кандай мааниге ээ?

Александр Габуев: Эгерде тарыхый аналогияларды алып таштасак, Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш Кытайдан алыс жерде болуп жаткан жаңжал. Бирок ал Кытайга таасирин тийгизип жатат. Анткени Кытайдын маанилүү кошунасы согушуп жатат. Орусия Кытайдын "кенже өнөктөшү" болуп эсептелет. Экөө тең АКШнын таасирин чектөөгө умтулушат.

Экинчиден, бул жаңжалга Европа да тартылып калды. Ал Кытай товарлары үчүн эң ири рынок. Технология, инвестиция жана башка жактан маанилүү аймак.

Үчүнчүдөн, жаңжалдын бир жагында Украина турат. Орусия же Европа сыяктуу болбосо да, ал дагы Кытай үчүн маанилүү өлкө.

Төртүнчүдөн, согушка АКШ да түздөн-түз тартылган. Ал дүйнөдөгү эң күчтүү держава жана таасир талаш жагынан Кытайдын түздөн-түз атаандашы.

Бул согуш азык-түлүк, энергия ресурстары, жер семирткич, металл базарына таасирин тийгизет. Анын кесепети Кытайга да тиет. Мисалы, кээ бир товарлардын баасы жогорулайт.

Акыркы мезгилге чейин бул согуш Американын Европадагы таасирин күчөтүп, АКШ менен анын союздаштарынын ортосундагы байланышты бекемдеп келди.

Бул согуш Кытайдын көптөгөн кызыкчылыгына терс таасирин тийгизүүдө. Албетте, Бээжин үчүн бул жаңжалдын болбогону жакшы. Бирок анын Кытай үчүн позитивдүү жактары да жок эмес.

Би-Би-Си: Өлкөдөгү медиа Украинадагы согуш жөнүндө кытайлыктарга кандай маалымат берет?

Александр Габуев: Жалпысынан алганда, расмий маалымат менен коомдук сайттарда талкууланган маалымат бири-биринен айырмаланып турат.

Мамлекеттик телекөрсөтүүлөрдө аймактык бүтүндүктүн бузулушу жакшы эмес, бир жагынан алганда бул НАТОнун кеңейиши, Америка айла-амалдарын табууда деп айтылат. Ошондуктан Орусияны да түшүнсө болот деген пикирлер чагылдырылат.

Кытай

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Албетте, социалдык тармактар да бар. Бирок алар дагы цензурадан өткөн платформалар. Билдирүүлөр көбүнчө премодерациядан өткөн болот. Ошентсе да бул тыштагы окуя болгондуктан, социалдык тармактарда Орусия менен Украина жөнүндө колдонуучулардын чыныгы пикирлерин кездештирүүгө болот.

Коомдук сайттардын колдонуучуларынын арасында басымдуулук кылган төмөнкүдөй пикирлер бар: "биз бир өлкөнүн аймактык бүтүндүгү бузулганын көрүп жатабыз. Бизде Тайвань, Тибет жана башкалар бар. Америкалыктар бизде жикчилдерди колдоп жаткандай эле орустар да Донбасстагы жикчилдерди колдойт. Бул жаман. Ошондуктан биз принципиалдык себептерден улам бул согушта Орусияны колдобошубуз керек".

Би-Би-Си: Кытайлардын канчасы Украинаны, канчасы Орусияны колдоп жатканын билебизби?

Александр Габуев: Биринчиден, кытайлыктар Кытайды гана колдошот. Менимче, кытайлыктардын көбү бул прокси-согуш, АКШ Украина аркылуу Орусияны алсыраткысы келет деп ойлошот.

Би-Би-Си: Ал эми расмий Бээжин кимди колдойт? Кытай согуштун кандай аякташын каалайт?

Александр Габуев: Менимче, Кытай тынчтыктын орношун, Орусиянын Батыштан болушунча обочолонушун, өзү болсо тынчтыкты орнотууга катышканы үчүн мактоого арзышын каалайт. Башкача айтканда, тынчтык болушу керек. Согуш кайра тутанып, Орусия Украинага кол салбашы керек. Ошол эле учурда кытайлар Украинанын НАТОго кошулушун колдобойт.

Чек ара кайсы сызыктан өтөрү кытайлыктар үчүн анчалык маанилүү эмес. Кытайлыктар Украина 1991-жылкы чек ара сызыгына кайтып келиши мүмкүн деп эсептешпейт. Башкача айтканда, Украина өзүнүн эгемендигин жана көз карандысыздыгын сактап калса болот, бирок аймактык бүтүндүгүн сактай албайт деп эсептешет.

BBC

Сүрөттүн булагы, BBC/Dmytro Vlasov

Кытайлыктар үчүн Путиндин Украинага мынчалык "жармашып" алганы түшүнүксүз

Би-Би-Си: Кытай бул согушта Орусияга жардам берип жатабы?

Александр Габуев: Албетте, Кытай бул согушта Орусияга жардам берип жатат.

Биринчиден, Кытай Орусия менен соода жана экономикалык алакасынын көлөмүн сактап калды, ал тургай аны кыйла көбөйттү. Толук масштабдуу согуш башталганда Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода көлөмү 147 миллиард долларды түзгөн. Өткөн жылы бул көрсөткүч 245 миллиард долларга жетти.

Кытай Батыш өлкөлөрү киргизген санкцияларды ачык бузган жок, бирок аларды айланып өтүп, Орусияга чоң жардам көрсөтүүдө. Түшүп жаткан акча Орусиянын аскердик бюджети үчүн маанилүү. Экинчиден, кытай бренддери Орусиядан чыгып кеткен батыш бренддерин алмаштырып жатат. Мунун аркасы менен эл Кытайдын электроникасын, мобилдик телефонун колдонуп, машинесин айдап жатат. Бул да жардам.

Үчүнчүдөн, аскердик машина үчүн компоненттер, металл иштетүүчү станоктор, чиптер сатылууда. Булар курал-жарак эмес, бирок аларды жасоо үчүн керектелүүчү нерселер. Мунун баарын Кытай жеткирип турат. Ошондой эле АКШ жана Европада чыгарылган компоненттер Кытай аркылуу Орусияга жөнөтүлүп жатат.

Орусиянын резервдеринин жарымы тоңдурулганы маалым. Экинчи жарымы юань менен алтын түрүндө жана Орусия аларды пайдалана алат. Юань менен эсептешүү мүмкүнчүлүгү Орусияга чоң колдоо болуп жатат.

Ошондой эле дипломатия жагынан алып караганда, Бээжиндин агрессияны айыптабаганы жана Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн катышуусунда бирдиктүү фронт түзүүгө каршы турушу дагы Орусия үчүн чоң колдоо.

Би-Би-Си: Бир мезгилде Володимир Зеленский Кытай Орусияга басым жасаса, согуш тез арада аякташы мүмкүн экенин байма-бай айтып турган. Кытай Путинге буйрук берүү менен согушту токтото алабы? Бул канчалык реалдуу?

Александр Габуев: Кытай согушту бир сөз менен токтото аларына ишенбейм. Путин 2022-жылы февралда Бээжинге барып, "чексиз өнөктөштүк" жөнүндөгү билдирүүгө кол коюп, бирок Си Цзиньпинге алдыдагы планы жөнүндө үн каткан эмес.

Чындыгында, биз көп деталдарды билбейбиз. Маселен, алар Донбасста аскердик аракеттерди активдештирүүнү талкуулашкан болушу мүмкүн, бирок кытайлыктар ушундай масштабдуу окуя болорун күтүшкөн эмес.

Ошондуктан Кытай Батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып, Украинадагы элчилигин же жарандарын эвакуациялоону уюштурган эмес. 2022-жылдын январь, февраль айларынын башында мен сүйлөшкөн кытайлык дипломаттар, эксперттер жана атайын кызматтар менен байланышы бар кишилер согуш болоруна ишенишкен эмес.

Алар Орусия үчүн бул пайдасыз деп ойлошкон. Орусия Украинаны тез эле басып алса да, бир катар жоготууларга, чоң санкцияларга туш болот, АКШнын Европадагы аскерлери көбөйүп, Орусиянын Кытайга көз карандылыгы артат деген жүйөөнү карманышкан.

Алар Путин келесоо эмес, ал деле муну түшүнүп турат деп ойлошкон. Бирок алар жаңылган. Менимче, кытайлыктар үчүн Путиндин Украинага мынчалык "жармашып" алганы түшүнүксүз.

Орусия — АКШнын үстөмдүгүнө каршы күрөшүүдө жана Кытайдын күчүн бекемдөөдө маанилүү ресурс. Бул арзан табигый ресурстардын булагы, рынокторго чыгуу жолдору, айрым багыттарда алдыңкы аскердик технологиялардын жана интеллектуалдык потенциалдын булагы.

Эгерде согуш токтоп калса же Орусия согушта жеңилип, бийликке батышчыл адамдар келсе, бул Кытай үчүн опурталдуу. Анткени Кытайдын тегерегинде Батыштын таасири күчөп, коопсуздугуна коркунуч жаралат.

Ошондуктан кытайлыктарга согуш кандай аяктаганы маанилүү эмес, Путин же ага окшогон бир кишинин Кремлде бийлик жүргүзүп турганы маанилүү. Мындан улам алар санкцияларды кыйгай өтүп, Путинди "берилген фанатик" деп эсептешсе да, Орусиянын жеңилип калбашы үчүн көмөктөшүп жатат.

Путин менен Си

Сүрөттүн булагы, Reuters

Кытай менен Орусиянын ажырымына негиз жок

Би-Би-Си: Азыркы Кытайдын Орусияга болгон мамилесин жөнөкөйлөтүп айтсак кандай? Москва Бээжин үчүн чийки зат ресурсубу, "чексиз өнөктөштүк" декларациясына кол койгон стратегиялык өнөктөшпү же балким душманбы?

Александр Габуев: Бул өңүттөн алсак, биз азыр дээрлик бир жарым миллиард бейтабы бар оорукананын орточо температурасы жөнүндө сүйлөшкөндөй болуп калабыз. Ошентсе да айта кетейин.

Биринчиден, маданий жана расалык үстөмдүк сезим байкалып турат. Алардын арасында билимдүү, шовинист эмес кишилер бар экени түшүнүктүү, бирок жалпысынан кытайлыктар өз цивилизациясынын беш миң жылдык тарыхы бар экенин айтышып, башка элдерден өйдө турабыз деп эсептешет.

Коомдук сайттарда Орусиянын чек ара аймактарын, ошол эле Благовещенск жана Кытайдын Хэйхэ шаарын салыштырган коллаждарды көп кездештирүүгө болот. Союз кулаган мезгилде Хэйхэ жөн гана талаа болгон. Азыр асман тиреген турак жайлары менен дээрлик бир жарым миллион калкы бар шаарга айланган. Бул кытайлыктарды эрдемсинтип, "биз кыйынбыз, ийгиликке жеттик, анткени биз кытайбыз" деп турушат. "Ал эми силер ийгиликке жете албадыңар, Горбачев сыяктуу начар башчыңар союзду ыдыратканы үчүн эле эмес, силер оруссуңар, силердин маданиятыңар төмөн" дегендей ишарат бар.

турак-жай

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Башка жагынан алганда, Орусия союздаш эмес, бирок өнөктөш жана коңшу деген сезим бар. Орустар менен кытайларды жалпы душманды — америкалыктарды жактырбагандык бириктирип турат.

Ал ортодо илгери тарттырып жиберген аймактарын эстеп жүргөн кишилер да бар. Алар падышачыл Орусия Кытайдын миллион чарчы чакырым аймагын уурдап алган жана бул аймактарды кайтарып бериши керек деп эсептешет.

Би-Би-Си: Кээ бир комментаторлор азыркы америкалык администрация "Никсондун тескери багыты" деп аталган геосаясий операцияны жүргүзүп, Орусия менен Кытайдын мамилесине доо кетирип, Бээжиндин күчтөнүшүнө тоскоолдук кылгысы келет деп эсептешет. Сиз бул көз караш менен макулсузбу? Эгер макул болсоңуз, анда Кытай буга каршы турабы?

Александр Габуев: Чындыгында Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда ачык эле Орусия менен Кытайдын жакындашуусу Америка кызыкчылыгына каршы келерин айтып, аларды бөлүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Трамптын командасы, анын ичинде улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси жана Мамлекеттик департаменттин башчысы Никсон менен Киссинжердин Кытайга ыктаган, совет-кытай ажырымынан пайдаланган саясаты аларга "кансыз согушта" жеңишке жетүүгө жардам берген деп эсептешет. Эгер азыр АКШ Орусия менен мамилесин жакшыртса, Кытай менен Орусиянын ортосуна чок түшсө, АКШ стратегиялык артыкчылыкка ээ болушу мүмкүн. Ошондуктан Америка үчүн азыр Орусия менен мамилени жакшыртуу маанилүү. Азыр анын жасап жаткан бардык аракеттери, анын ичинде Украина багытындагы саясаты ушул логика менен түшүндүрүлөт.

Менимче, бул Трамптын мотивациясынын бир бөлүгү экенине бир топ далил бар. Ал согушту токтотууну каалайт, бирок Украинанын коопсуздук кепилдиктери аны Байдендин администрациясына караганда азыраак кызыктырат. Жалпысынан алганда, ал Зеленскийге караганда Путинге жеке симпатиясы көбүрөөктөй сезилет, ал эми Трамп үчүн тышкы саясат жеке мамилеге негизделген.

товар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Трамптын пикиринде, Орусия менен өнөктөштүк америкалык бизнеске жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Орустар муну абдан активдүү колдонуп, Трамптын көңүлүндө кереметтүү орус-америка кызматташтыгынын образын жаратып жатышат. Бул көз караштан алганда, кыялдагы чоң максатка жетүүдө Украина тоскоолдук сыяктуу көрүнөт, аны четке сүрүп коюу керек.

Менимче, орустар "Никсондун тескери багытын" кылдаттык менен колдоп жатышат. Алар Си Цзиньпинди урматтайбыз, кытайлыктарды урматтайбыз, алар менен байланышты толугу менен үзүүнү ойлобойбуз, бирок бизге маневр үчүн бир аз мейкиндик керек деп жатышкандай.

Чындыгында, Орусия менен Кытайдын ортосуна чок салууга мейкиндик дээрлик жок деп ойлойм.

Биринчиден, Никсон менен Киссинжер өз убагында советтер союзу менен Кытайдын ортосундагы терең ажырымдан пайдаланышкан. Бул ажырым дүйнөлүк коммунисттик кыймылдагы лидерлик үчүн Хрущев менен Маонун ортосундагы күрөш менен түшүндүрүлөт.

Азыр Орусия менен Кытайдын ортосунда эч кандай ажырым жок. Тескерисинче, алардын ортосундагы мамиле абдан тереңдеп кетти. Ооба, бул мамилелер тең эмес, бирок эки тарапка тең пайдалуу жана азырынча эч кандай олуттуу жарака жок.

Экинчиден, Путинди Кытайдын "чоң агалыгы" жана күчтүү рычагга ээ болгону канааттандырбайт. Бирок кытайлыктар Орусиянын ички маселесине кийлигишпейт. Алар демократия жөнүндө эч нерсе айтышпайт, Орусиянын тышкы саясатын сындашпайт. Тескерисинче Путин бийликте турган чейрек кылымдан бери жардам көрсөтүп келе жатышат. Албетте, бул Путин баалаган актив жана ал бул өнөктөштүктөн баш тартпайт.

getty

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Зеленский менен сүйлөшүү Си Цзиньпинге жагымсыз таасир калтырган болушу мүмкүн

Би-Би-Си: Кытай Украинаны өзүнчө субъект катары карайбы же аны Орусиянын козголоңчул бир бөлүгү катары эсептейби?

Александр Габуев: Албетте, Кытайдын мамлекеттик жана дипломатиялык системасы үчүн Украина өзүнчө субъект. Украина менен инвестициялык эмес, көбүнчө соода алака жүргүзөт. Башкача айтканда, айыл чарба өнүмдөрү, металл сатыгы бар, инвестиция анча көп эмес.

Ошондуктан мамлекеттик аппараттын көз карашында Украина бул – Орусия өзүнүн башкаруусуна жана таасирине алгысы келген Чыгыш Европадагы өлкө.

Би-Би-Си: Си Цзиньпин чоң согуш башталгандан бери Володимир Зеленский менен бир да жолу жолугушкан жок, бирок ошол эле учурда Владимир Путин менен дээрлик ар бир квартал сайын жолугуп жатат. Бул эмнени билдирет?

Александр Габуев: Си менен Путиндин ортосунда согуштун чегинен тышкары опол тоодой күн тартиби бар. Буга ири товар жүгүртүү, дүйнөлүк маселелер боюнча жалпы көз караш, аскердик кызматташтык, БРИКС, ШКУ жана башка ушул сыяктуу нерселер кирет.

Зеленскийге келсек ... Биз билгендей, Си Цзиньпин күтүлбөгөн жагдайларды сүйбөйт. Ошондой эле алдыда эмне болору белгисиз нерселерге аралашууга мажбурлагандарды жактырбайт.

Кытай үчүн согушту көз жаздымда калтыруу таптакыр мүмкүн болбой калганда гана Си менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Эгер сиз расмий Киев менен такыр сүйлөшпөсөңүз, Орусияны колдобойм жана Украинадагы тынчтыкты жактайм деп кантип айта аласыз?

Алар бир гана жолу сүйлөштү. Менимче, бул байланыш кайра кайталанган жок. Кыязы, биринчи сүйлөшүү Сиге начар таасир калтыргандай, ошондуктан ал бул тажрыйбаны кайталоону эп көргөн жок. Бирок менде так маалымат жок. Кытайлардын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзсөк, ушул вариант гана акылга сыйган түшүндүрмөдөй сезилип жатат.

 Кытай аскерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кытайларды Украинадагы тынчтык орнотуучу күчтөрдүн курамында элестетүү толук мүмкүн

Би-Би-Си: Угушубузча, ок атышууну токтотуунун негизги шарты – бул азыркы фронт линиясы боюнча согуштук аракеттерди токтотуу. Ошондой эле Украина тынчтык келишиминин натыйжасында НАТОго мүчө болбойт. Бул шарт Кытайдын тынчтык планына толук дал келет.

Александр Габуев: Ооба.

Би-Би-Си: Бирок кайсы бир этапта чек ара сызыгына чет элдик контингентти киргизүүгө туура келет? Кытайдын планында бул маселе жок. Бирок Володимир Зеленский миңдеген эмес, жүз миңдеген киши жөнүндө сөз болушу керек деп жатат. Албетте, Европада мындай күч жок, бирок Кытайда бар экени көрүнүп турат. Чек ара сызыгында Кытай аскерлери тынчтыкты куруучу контингенттин ролунда боло аларын элестете алабызбы?

Александр Габуев: Фронттун узундугун, мүмкүн болгон операциянын наркын, логистиканын татаалдыгын жана башка факторлорду эске алганда, жүз миңдеген адамды элестетүү кыйын. Бирок ЕККУнун жеңил куралданган миссиясынан кубаттуураак күчтөрдү жайгаштырууну элестетүүгө болот.

Кытай аскерлерин БУУнун мандаты астындагы тынчтыкты сактоо контингентинин бир бөлүгү катары элестетүүгө болот.

Си Цзиньпин согуш башталгандан бери Володимир Зеленский менен бир да жолу жолугушкан жок, бирок ошол эле учурда Владимир Путин менен дээрлик ар бир квартал сайын жолугуп жатат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Си Цзиньпин согуш башталгандан бери Володимир Зеленский менен бир да жолу жолугушкан жок, бирок ошол эле учурда Владимир Путин менен дээрлик ар бир квартал сайын жолугуп жатат

Тайвань үчүн сабак алса болобу?

Би-Би-Си: Кытай азыр Украинадагы согушка кылдаттык менен көңүл бурууда. Анткени ал жактагы тажрыйба Тайвань менен болгон маселесин чечүүдө кандайдыр бир жол көрсөтөт. Чын эле ушундайбы? Эгер чын болсо, Кытай Украинадагы окуялардан кандай жыйынтык чыгарса болот?

Александр Габуев: Албетте, Кытай бул учурга көңүл буруп, андан сабак алууда. Кытай – бул тынымсыз үйрөнүп, тажрыйба жыйнап жаткан система.

Алар Батыштын бириккенин түшүнүп турат жана байкоо жүргүзүп жатат. Санкциялар абдан оор болушу мүмкүн. Орустар санкцияларды кантип айланып өтүп жатканын, ага кантип каршылык көрсөтүп жатканын изилдөө үчүн алар өздөрүнүн кишилерин Орусияга жөнөтүп жатат.

Экинчиден, генералдар армиянын согушка жөндөмдүүлүгү жөнүндө калп айтышы мүмкүн экенин билип калышты. Путинге "Киевди үч күндө алабыз" деп айтышкан, бирок дүйнөгө уят болуп калышты. Буга байланыштуу өзүбүздүн аскер машинебизди "тазалоо" керекпи же жокпу деген ой жаралды. Натыйжада 2022-жылдын май айынан тартып Кытайдын Элдик боштондук армиясында тынымсыз тазалоо жүрүп жатат. Бул мезгил аралыгында эки коргоо министри кызматтан алынды.

Үчүнчүдөн, алар Батыштын реакциясын байкап жатышат. Тактап айтканда, алар Батыштын бириге аларын, бир нерсе жасоого жөндөмдүү экенин көрүштү. Бирок Батыш бул жаңжалга аскерлери менен кийлигишеби же жокпу деген суроо бар.

Бирок бул жерде Тайвань Украина сыяктуу эмес экенин түшүнүү өтө маанилүү. Ал эл аралык деңгээлде көз карандысыз мамлекет катары таанылган эмес. Көптөгөн өлкө Тайванды Кытай Эл Республикасынын бир бөлүгү деп эсептешет. Ошондуктан бул маселе эл аралык укуктук көз караш боюнча, Карабакка, Чеченстанга же Түндүк Ирландияга окшош.

Ошондуктан Тайванда кырдаал курчуй турган болсо, Батыш кандай реакция жасай турганын айтуу өтө татаал. Бирок азыртан эле "каршылык көрсөтүүдөн пайда жок, багынгыла" деген сыяктуу билдирүүлөр менен тайвань коомчулугун ичтен чөктүрүүгө мүмкүн. Кытай бул ишти мурда эле жасап келген, азыр андан да активдүү иштеп жатат.