Өлгүчөктү кыйнашкан: Мьянмада массалык адам өлтүрүүлөрдүн бети ачылды

Ребекка Хеншке жана Кельвин Браун, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Би-Би-Си Мьянманын аскерлери быйыл июлда кеминде кырк адамдан турган бейпил жарандардын тобун кыйнап, өлтүргөнүн иликтеп чыкты.

Би-Би-Синин иликтөөсү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мьянмадагы аскерлердин массалык адам өлтүрүүлөрү тууралуу Би-Би-Синин иликтөөсү чыкты

Бул окуяларда аман калган жана ага күбө болгон жарандар бул ишке барган аскерлердин айрымдары болгону 17 жашта экенин айтып жатышат. Аскерлер алды менен айылды курчоого алышып, андан кийин эркектерди өзүнчө бөлүп кетип, өлтүрүшкөн.

Видео жана сүрөттөрдөрдөн маркумдардын көбү кыйноого алынып, андан кийин тайыз көргө көмүлгөнүн көрүүгө болот.

Мьянманын борборундагы Сагаинг районундагы оппозициянын коргоонуучу жайы - Кани шаарчасында июль айында төрт башка ушундай кыргын болгон.

Демократиялык жол менен шайланган Аунг Сан Су Чжи башындагы өкмөт февралда төңкөрүш менен кулатылып, аскерлер мамлекетке ээлик алышып, бирок алар жарандык коомдун каршылыгына кабылды.

Би-Би-Си Кани шаарчасындагы дагы 11 күбө менен маектешип, алардын берген көрсөтмөлөрүн британ өкмөттүк эмес Myanmar Witness уюму чогулткан видео жана сүрөттөр менен салыштырды. Бул уюм Мьянмадагы адам укуктарынын бузулушун иликтеп келет.

Эң чоң кыргын Инь айылында орун алып, кеминде 14 эркек катуу сабалып, кыйноолорго алынган. Алардын жансыз денелерин токойдогу аң-ченекке ыргытышкан.

Инь айылынын тургундары Би-Би-Сиге эркектерди алды менен аркандап, андан кийин ур-токмокко алышканын айтып бертишти. Бул күбөлөрдүн аты-жөнү алардын коопсуздугу үчүн ачыкталбайт.

"Биз алардан мындай кылбагыла деп жалынып-жалбардык. Бирок аларга баары бир болду. Алар аялдарга кайрылып: булардын арасында жолдошуңар барбы? Бар болсо акыркы жөрөлгөңөрдү жасап калгыла", -дешти".

Бул окуяларда аман калган бир эркек аскерлер аларды бир нече саат бою шылдың-мазакка алганын айтып берди.

"Аларды байлап коюп, таш менен ургулап, айтоор болушунча кыйнашты", -деди аман калган ал киши.

"Арасында 17 же 18 жаштагы жаш аскерлер да жүрүштү, айрымдары карыгандар да экен. Алардын арасында бир аял жүрдү".

карта
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Коңшу Зи Бин Двин кыштагындагы көрүстөндө июлдун соңунда 12 адамдын денеси табылды. Арасында кичине сөөк бар, балким бул кичине баланын денеси болушу да мүмкүн. Ошондой эле майым адамдын да сөөгү чыккан, алардын баарынын денелери кыйноого учураганы көрүнүп турат.

60 жашка таяган эркек кишинин денеси андан анча алыс эмес жерде, кара өрүккө байланган тейден турган. Маркумдун денеси видеого жазылган, Би-Би-Си аны көрүп жатып кыйноолордун тагын көрдү.

Анын уулу жана небереси аскерлер айылга кирип келе жатат дегенде качып кетүүгө үлгүргөнүн айтып беришти. Маркум болсо, анын жаш курагына карап тийбейт деген ишенимде айылда калган экен.

Бул райондун тургундары демократиянын калыбына келтирилишин талап кылып, баш ийбөөчүлүк көрсөтүп аскерлерге кол салган. Соңку кыргындар ошол кол салууларга өч алуудай көрүнөт.

Массалык адам өлтүрүү бул окуялары алдында ушул жерде төңкөрүш менен келген бийликке каршы чыккан "Коргоону элдик күчтөрү" менен аскерлердин кагылуушусу күчөгөн. Зи Бин Двин кыштагында да мындай кагылыштар болгон эле.

Би-Би-Си чогулткан көрсөтмө жана визуалдык далилдерде кол салуулар эркек кишилерге карата жүргөнүн түшүнүүгө болот. Бул Мьянмада соңку айларда ишке ашып жаткан схемага дал келет. Ага ылайык, "Коргоонуу элдик күчтөр" катарында аскерлер менен кагылышкан эркек айыл тургундары ушундай жамааттык жазалоого туш болуп жатышат.

Кыйноого алынып каза тапкан эркектердин туугандары ал маркумдардын аскерлерге карата кол салууларга катышы жок экенин айтып жатышат. Инь айылында аскерлер колунан каза тапкан жарандын эжеси аскерлерге жалынып-жалбарып, анын иниси катапультаны да башкара албайт десе да болушкан эмес.

Ал аскерлер ага "Жаагыңды бас. Биз чарчадык. Керек болсо сени да өлтүрөбүз" дешкен.

Мьянмада болгон аскердик төңкөрүштөн кийин чет элдик журналистттерге ал жерден репортаж жасоого тыюу салынган. Мамлекеттик эмес ММКлардын көбү жабылып, жеринде эмне болуп жатат билүү кыйын болууда.

Би-Би-Си бул макалада айтылган айыптоолор боюнча материалдарды Мьянманын Маалымат министринин орун басары жана аскер чиновниги, генерал За Мин Тунга өткөрүп берди.

Ал аскерлер массалык адам өлтүрүүлөргө барганын четке каккан жок.

"Андай болушу мүмкүн", -деп жооп кылды генерал.

"Алар бизге душманга кылгандай мамиле кылышса, биз коргоонууга укуктуубуз".

Учурда Бириккен улуттар уюму Мьянмада аскерлер жасады делген адам укугун бузуу боюнча кылмыштарды иликтеп жатат. (EK)