Чикагодогу рейддер: Кыркка жакын кыргыз жараны кармалганы кабарланды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын журналисти
АКШнын президенти Дональд Трамптын мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшүү саясатынын алкагында өткөн айдан бери Чикагодо текшерүүлөр күч алды. Чикагодо ICE офицерлеринин (АКШнын Иммиграция жана бажы полициясы) рейддеринде кармалган кыргызстандыктардын саны болжолу менен 30-40тан ашканын Би-Би-Сиге бул шаардагы кыргыз диаспорасынын башчысы Умар Жусупбеков билдирди.
Жусупбековдун айтуусунда, кармалгандар учурда иммиграциялык кармоочу жайда (detention centre) жатышат жана алардын арасында үй-бүлөлүүлөр дагы бар.
"Чикагодогу рейд учурунда же трак айдап жүрүп, текшерүү маалында кармалган кыргыз мекендештерибиз бар. Биздин маалыматыбыз боюнча, ICE офицерлерине 30-40тын айланасында кыргыз жарандары кармалды. Алардын кээ бирлеринин бул жакта үй-бүлөсү, жаш балдары бар. Аларга Америкадагы мекендештер чогулуп жардам берип жатышат, же Кыргызстандан ата-энелери, бир туугандары жардам жөнөтүп жатышат", - деди диаспоранын башчысы.
Азырынча АКШдагы рейддерде кармалган кыргыз жарандарынын так санын башка булактар аркылуу тастыктоо мүмкүн боло элек.
"Трактан түшүп, таксиге өтө башташты"
Өзүн Мика деп тааныштырган, АКШда жашаган кыргыз жараны текшерүүлөрдүн айынан тракты таштап, такси кызматына өткөндөр көбөйгөнүн айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Акыркы эки ай мигранттарга каршы рейддер күч алып жатат. Менин эсебим боюнча, ICE офицерлери тарабынан трак айдап, же ага окуп жаткандардан күнүнө жок дегенде бир-эки кыргызстандык кармалып жатат. Ошондой эле, акыркы учурда таксинин саны көбөйүп кетти. Бул ошол трактан түшүп, таксиге өткөндөрүн эсебинен деп ойлойм", - деди Мика.
Ал кармоолор айрым учурда мыйзамсыз болуп жатканын кошумчалады.
"Америкага келгенде 5 жылга work permit деп коет, иштегенге уруксат дегенди билдирет. Баары ошол кагазды алып иштейт. 5 жыл аяктаган соң, аны жаңылап иштей беришет. Бирок ал кагаз бар экенине карабай, кээ бирлерин камап коюп жатышат. Же АКШнын жараны болушуң керек, же грин картанын ээси болушуң керек. Мурдагыдай уруксат кагазы менен жүрүүгө мүмкүн болбой калды",-деди Мика.
Мика кээ бирлери үй-бүлөсүн Кыргызстанга жөнөтүп жатышканын кошумчалайт. Себеби үй-бүлөдө бирөө кармалып калса, алган насыяларын, ай сайын төлөнүүчү үй акы жана башка төлөмдөрү жүргүзүү кыйын болуп калат.
26-сентябрда Американын Транспорт министрлиги коммерциялык айдоочулук күбөлүк (CDL) алуу үчүн чет элдик жарандарга талапты күчөткөн. Министр Шон Даффи акыркы жарым жылда эле трактар катышкан кандуу үч кырсык катталганын, соңку чектөөлөр коомдун коопсуздугу үчүн кабыл алынганын айткан.
Жаңы чектөөгө ылайык, эми тракты АКШнын жараны, же грин-картанын ээси, же тийиштүү федералдык текшерүүлөрдөн өткөн белгилүү бир визанын түрлөрүнө ээ иммигрант гана айдай алат. Калган иммигранттарга коммерциялык айдоочулук күбөлүк берилбейт.
Бул чектөөнү улай Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүк ташуу менен алектенген кыргыз жарандарына кайрылып, документтерин алдын ала иреттеп алууга чакырган.
"Өз ыктыярыңар менен АКШдан чыгып кеткиле"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чикагодогу кыргыз диаспорасынын башчысы Умар Жусупбеков текшерүүлөрдөн кийин кармалган кыргызстандыктардын жакындары жана адвокаттары менен байланышта болуп турат. Ал ICE офицерлери кармалгандардын ишин сотко өткөрөрдөн мурун атайын сунуш киргизишет дейт.
"Кармалгандардын жакындары менен байланышканыбызда ICE офицерлери кармалгандарга "сот процесси башталганга чейин өз ыктыярыңар менен АКШдан чыгып кеткиле" деп сунуш кылышат экен. Эгер ушул ыкма менен депортацияга макул болушса, бир-эки айдын ичинде кармоочу жайдан чыгарылып, андан ары өлкөдөн чыгып кетишет экен. А эгер "жок, мен соттун чечимин күтөм" дей турган болсо, анда көбүрөөк убакытка кармалып калышат экен. Биздин бир-эки жаран ошентип 5-6 айдан бери камоодо жатат. Алар менен бир гана адвокат аркылуу же жакындарына өзүлөрү телефон чалганда гана байланышууга мүмкүн. Сот процесстеринин жай жүрүп жатканынын дагы себептери бар. Текшерүүлөр башталгандан бери кармалгандардын саны 210 миңден ашты деп расмий булактар айтып жатышат. Андан сырткары Трамп мурда мигранттардын ишин караган соттордун ордуна жаңы аскерий сотторду коюп жатканы дагы себеп болууда. Укук коргоочулар бул туура эмес экендигин айтып жатышат. Анткени жаңы коюлган соттор көчмөндөрдүн ишин ичинен так билишпейт", - деди Жусупбеков.
Диаспоранын жетекчиси кармалгандардын көбү АКШ өкмөтүнөн башпаанек сурап барганы үчүн Кыргызстандын элчилигине кайрыла албай турганын айтты.
"Элчиликке, консулдукка мекендештер өзүлөрү кайрылса, алар расмий түрдө жардам берерин айтып келишет. Эгер бирөө кармоочу жайга түшкөн болсо, депортация болом деп өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгарда гана тийиштүү документ сурап кайрылышат. Ал эми генконсулдуктун түздөн-түз мекендештер тууралуу өзүлөрү сураганга акылары жок экен. Анткени алардын көбү АКШга келгенде саясий башпаанек сурап келгени үчүн Кыргыз Республикасынын расмий өкүлдөрү менен байланышканга мүмкүнчүлүктөрү болбойт. Тагыраагы документтери туура келбейт. Ошондуктан элчиликке кайрылбаганга аракет кылышат. Мамлекеттен депортация болордо гана кайрылууга муктаж болушат", - деди Умар Жусупбеков.

Сүрөттүн булагы, Tribune News Service via Getty Images
Катаалдашкан иммиграциялык саясат
Дональд Трамп экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден бери иммиграциялык эрежелер катаалдашып, мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо күч алды. Жыл башынан бери ондогон борборазиялыктар АКШдан депортация болду. Мыйзамсыз мигранттарды аныктап, кармоо иши менен негизинен АКШнын ICE офицерлери же Иммиграция жана бажы полициясы алек болуп жатат.
Айрым учурда алардын кармоолору жеринде каршылык акцияларына жол ачууда. Трамп негизинен демократтар башкарган бир катар шаарларга Улуттук гвардиянын аскерлерин жөнөтүп, алар мыйзамсыз миграцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшкө көмөк көрсөтөрүн белгилеп келет.
АКШ армиясынын маалыматына ылайык, бул аптада жалпысынан Иллинойс штатынын Улуттук гвардиясынын 300 аскери, Техастан келген Улуттук гвардиянын дагы 200 жоокери аскерлери Чикаго шаарынын айлана-тегерегинде ишке киришкен.
Алар шаардын көчөлөрүн кыдырып, кеминде эки ай федералдык мүлктү коргошот деп кабарланган. Америка Кошмо Штаттарында күчөгөн нааразылык акцияларына туш болуп жаткан ICE кызматкерлерин жана алардын кеңселерин коргоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Иллинойс штатынын губернатору Жей Роберт Прицкер Трамптын бул кадамы мыйзамга каршы келерин айтып, анын администрациясын "авторитардык жүрүш" жүргүзүп жатат деп айыптады. Улуттук гвардияны демократтар башкарган шаарларга киргизүү чечимине каршы соттук процесттер уланып жатат.












