Венгриянын премьер-министринин кеңешчиси Орбандын “нацисттик сөздөрүнөн” улам кызматын тапшырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын көп жылдардан берки тарапташы, үзөңгүлөшү жана кеңешчиси Жужа Хегедус кызматын тапшырды. Хегедус премьердин “европалыктар башка расалар менен аралашпашы керек” деген сөздөрүн “нацисттик” деп атады.
"Сиздин сүйлөгөн сөзүңүз Йозеф Геббельске татыктуу нацисттик диатриба (агрессивдүү сын-пикир - редакция) экенин кантип байкабай калганыңызды түшүнбөйм", - деди Жужа Хегедус. Бул анын кызматтан кетүү тууралуу каттында жазылганын венгриялык hvg.hu маалымат сайты жазды.
*Йозеф Геббельс - немис саясатчы жана Адольф Гитлердин тарапташы. Ал Үчүнчү рейхте 1933-1945-жылдары пропаганда министри кызматын ээлеген. Гитлер 1945-жылдын 30-апрелде каза болгондон кийин Геббельс рейхсканцлер кызматына келген, бирок бир күн өтпөй ал үй-бүлөсү менен жанын кыйган.
Жужа Хегедус Орбан менен 20 жылдан бери тааныш. Венгриянын премьер-министри иммигранттарга каршы көз караштары менен белгилүү. Анын 23-июлда расалык аралашуу тууралуу чуулгандуу сөздөрү атүгүл көптөн берки тарапташы үчүн да кабыл алынгыс пикир болду көрүнөт.
Анда Орбан мажарлар (венгрлер) жашаган Румыниянын батыш аймагындагы расалар тууралуу сөз кылган. Ал Европанын элдери бири-бири менен аралаша алат жана каалайт, бирок европалык эместер менен аралашпашы керек деп айткан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
“Биз бири-бирибиз менен аралашкыбыз келет, бирок биз аралаш расанын элине айлангыбыз келбейт”, - деди премьер-министр.
“Аушвиц” концлагеринен аман калгандардын эл аралык комитети Орбандын сөзүн “акылсыз жана кооптуу” деп атады. Венгриянын алдыңкы жөөт уюму да бул билдирүүгө нааразы болду.
Виктор Орбан өзүнүн кеткен тарапташына жооп кайтарып, ал жок жерден “нацизмге” айыптады деп үн катты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Менин Венгриядагы өкмөтүмдүн антисемитизмге да, расизмге да өтө сабырдуу саясаты бар экенин баарынан жакшы билесиң го", - деп жазды ал Жужа Хегедуска.
Орбандын басма сөз катчысы Золтан Ковач "иммиграция жана ассимиляция тууралуу бир нече катаал сөздөрдү" пресса эле көбүртүп-жабыртып салганын айтып, бирок Ковач бул билдирүүлөрдүн негизги мазмунуна көңүл бурган жок.
Виктор Орбан 23-июлда Украинадагы согуш тууралуу да айтып, Батыштын Украинага жардамы жыйынтык көрсөтпөгөнүн, Орусияга каршы санкциялар иштебей жатканын жана тез арада тынчтык келишим түзүү керектигин айткан.
Виктор Орбан согушка чейин Москва менен салыштырмалуу жакшы мамиледе болгон, бирок ошол эле учурда Венгрия акыркы сегиз жылда Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларын колдоп келген. Мындан сырткары, Орбан өткөн жазда ЕБнын орус мунайына эмбарго киргизүү сунушуна катуу каршылык көрсөттү.
Би-Би-Синин венгриядагы кабарчысы Ник Торп Жужа Хегедустун отставкасы Венгриянын саясатында кандайдыр бир толкундоолорго алып келбейт деп эсептейт: Орбандын “Фидес” партиясында катуу тартип орногон жана бул кызматтан кетүү дээрлик уникалдуу окуя. (EB)














