Тестиер кыздын колун сындырган психолог алты жылга кесилди

Сүрөттүн булагы, Social media
- Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.
Ленин райондук соту аутизм менен жабыркаган кызга зомбулук көрсөткөн психологго өкүм чыгарды. Бул тууралуу "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондусунун жетекчиси, укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.
Анын айтымында, алты жылга кесүүгө өкүм кылынган психологду сот залынан эле камакка алышты. Айыпталып жаткан адис жазасын жалпы тартиптеги абакта өтөмөй болду.
Сотко Акыйкатчы институнун өкүлдөрү да байкоо салышты.
Былтыр 23-декабрда жеке тартипте бейтаптарды кабыл алган психолог аутизм менен ооруган кызды айыктырам деп колун сындырып алганы тууралуу маалымат тарап, ал видео менен да коштолгон. Бул окуядан кийин ал кыздын сынык колуна беш жолу операция жасалган.
"Кыздын ден-соолугу начарлап кетпедиби. Энеси тетиги Түркияга чейин кызын дарылаганга алып барды. Колуна операция кылышты. Операциядан кийин деле колу жакшы тартылбай, айыкпай жатыптыр да. Колун ушунчалык сындырган операция жасатууга муктаж болду. Апасы жумушу жок калды. Ушул окуядан каражаты жок калды"- деди укук коргоочу Назгүл Турдубекова.
Бул окуя Кыргызстандагы жеке тартиптеги медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана коопсуздугу тууралуу маселени көтөрдү.
Саламаттыкты сактоо жаатында эксперт Бермет Барыктабасованын айтымында, өлкөдө жакында эле өткөн текшерүүлөр, жеке тартипте медициналык кызмат көрсөткөн 547 клиниканын дээрлик жарымынын тийиштүү лицензиялары жок экенин көрсөттү. Ал эми уруксаты барларынын 20 миллион сомго тете эреже бузуулары аныкталган.
"Алты жылга эркинен ажыратуу тууралуу соттун чечими бул мурда болбогон көрүнүш. Бирок жакшысы айып пулга жыгуу туралуу өкүм кылынса болмок, ал наристенин пайдасына. "Психолог-сөөкчүнү" түрмөгө тыгуудан не пайда? Материалдык жаза ал үй-бүлөнүн муктаждыгын жапмак", - деди Барыктабасова.
Аталган окуя коомдо чоң резонанс жаратып, менталдык оорусу бар балдардын укугу тууралуу маселени күн тартибине чыгарды.












