Миграциялык мунапыс: чет элдиктердин эмгек укуктары жана жумуш берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Мигранттар

Сүрөттүн булагы, Social media

Соңку жылдары Кыргызстанда чет элдик жарандардын мыйзамсыз иштеп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар көбөйдү. Айрым учурларда алар кармалып, өлкөдөн чыгарылган фактылар дагы бар. Кыргыз бийлиги болсо мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга 2025-жылдын 10-июнуна чейин каттоодон өтүп, легалдуу макам алууга уруксат берди. Кыргызстанга көбүнчө кайсы өлкөлөрдөн жумушчу күчтөр келүүдө? Аларды көзөмөлдөө, укуктарын коргоо жагы кандай жөнгө салынууда?

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, соңку 2–3 жыл ичинде өлкөгө келип жаткан чет элдик мигранттардын саны өсүүдө. Кыргызстан мурда мигранттарды жөнөтүүчү өлкө болуп келсе, учурда жумуш издеп келген чет элдиктер дагы аз эмес.

Консулдук департаменттин директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Азамат Калыкбеков бул көрүнүштү дүйнөлүк геосаясий кырдаал жана жалпы миграциялык агымдын өзгөрүүсү менен байланыштырды.

"Айрыкча коңшу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан жарандарынын агымы байкалууда. Ошондой эле Түркия, Кытай сыяктуу мамлекеттерден дагы көп келип жатат. Бирок соңку эки жылда өзгөчө Түштүк Азия өлкөлөрүнөн келгендердин саны өстү. Буга чейин Бангладеш менен Пакистандын жарандары Кыргызстанга негизинен билим алуу максатында келишсе, азыр алар көбүнчө эмгектенүү үчүн келе баштады",- деди Калыкбеков.

Түштүк Азия өлкөлөрүнөн келгендердин көпчүлүгү жеңил өнөр жай тармагында иштейт. Мындан тышкары, курулушта, соода-сатыкта эмгектенген чет элдиктер дагы арбын.

Чет элдик жумушчулар үчүн мүмкүнчүлүк

Кытайлык жумушчулар

Сүрөттүн булагы, Social media

Калыкбековдун айтымында, 2025-жылдын башынан тартып чет элдик мигранттардын уруксат кагаздарын жөнгө салуу максатында "Бирдиктүү терезе" механизми ишке кирген. Бул система аркылуу алар тиешелүү документтерин онлайн портал аркылуу тапшырып, зарыл болгон бардык документтерди бир жерден алууга болот.

"30 жылдан бери колдонулуп келген миграция мыйзамдары моралдык жактан эскирип, уруксат берүү системасы жаңыланууга муктаж болчу. Буга чейин чет элдик жарандар визаны Тышкы иштер министрлигинен алып, андан кийин Миграция министрлигине кайрылып, квота алып, андан соң гана уруксат кагазын алып турган. Азыр болсо бул процедуралар электрондук форматта бир жерден жүргүзүлө баштады",- деди ал.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мыйзамга ылайык, чет өлкөдөн келген мигранттарга иштөө үчүн уруксат кагаздары бир жылдык мөөнөткө берилет.

"Жыл башынан бери жаңы система аркылуу 10 миңге жакын чет элдик жаран кайрылса, узартуу жол-жоболору менен кошо эсептегенде, уруксат кагазын алган жарандардын саны 20 миңге жетти",- деп кошумчалады ал.

Ошол эле учурда уруксат кагазын албай, көмүскө иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар дагы арбын экени айтты. Ушундай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында быйыл май айында президент миграциялык мунапыс иретинде тиешелүү жарлыкка кол койгонун билдирди.

"Бул жарлык 10-июнга чейин Кыргызстандын аймагында уруксатсыз жүргөн чет элдик жарандарга документтерин жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, алар ушул мөөнөткө чейин мыйзамдуу түрдө уруксат кагазын алып же эч кандай айыпка тартылбастан өлкөдөн чыгып кетсе болот. Бул миграциялык эрежелерди бузгандар үчүн жеңилдик",- деп түшүндүрдү адис.

Калыкбеков мындай мүмкүнчүлүккө биринчи кезекте жергиликтүү иш берүүчүлөр кызыкдар болушу керек экенин баса белгиледи. Себеби мыйзам бузулган учурда жоопкерчилик жалгыз чет элдик жаранга гана эмес, аны жумушка алган тарапка дагы жүктөлөт.

"Эгер жумуш берүүчү миграция мыйзамдарын сактабастан чет элдикти ишке алса, ага 65 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн. Ошондуктан учурда жаралган мүмкүнчүлүктү пайдаланып, документтерди мыйзамдаштырып алууга чакырат элем",- деди ал.

Мыйзамсыз миграция

ИИМ

Сүрөттүн булагы, Facebook

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, соңку мезгилде миграция тармагында укук бузуулар көбөйүүдө.

Расмий статистикага таянсак, 2024-жылдын ичинде мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 119 факты аныкталган жана андан мурунку жылды кошкондо 120 иш сотко өткөн.

2025-жылдын алгачкы төрт айында, чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстанга чакырган, кабыл алган же алардын жүрүү эрежелерин бузган учурлар боюнча 955 административдик протокол түзүлгөн.

Мындан тышкары, эмгек келишимин аткаруу же транзиттик эрежелерди бузуу боюнча 10 402 учур катталган.

"Эмгек мигранттары арасында негизги көйгөйлөрдүн бири чет өлкөлүк жумушчу күчүн Кыргызстанга алып келүү тартибинин бузуу. Быйылкы жылдын төрт айында жалпы 60 миллион сомдун тегерегинде айып пул салынды",- деди ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Улан Керимкулов Би-Би-Сиге.

Айтымында, 2024-жылы Кыргызстандын жаза аткаруу мекемелеринде отурган 48, административдик мыйзам бузуулар боюнча 126 адам өлкөдөн чыгарылган.

2025-жылдын беш ай аралыгында, жаза аткаруу мекемелеринен соттун чечими менен 12 адам, миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн дагы 46 чет элдик жаран мекенине жиберилген.

Мыйзамга ылайык, административдик негизде өлкөдөн чыгарылган адамдарга Кыргызстанга кайра кирүүгө эки жылга чейин тыюу салынат. Кылмыш иши үчүн жаза алган чет элдиктер кылмыштын оордугуна жараша беш, он жылга же өмүр бою кире албайт.

ИИМдин өкүлү билдиргендей, чет өлкөлүк жаранды өлкөдөн чыгарууга кеткен чыгымдарды каржылоонун үч түрү бар. Биринчи кезекте, мыйзам бузган адам өз каражаты менен өлкөдөн чыгып көтүүгө милдеттендирилет. Эгер анын каржылык мүмкүнчүлүгү болбосо, чыгымдарды аны Кыргызстанга чакырган же кабыл алган тарап төлөп берет. Ал тарап аныкталбай калса, чыгымдар мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Укуктарын коргоо

Айрым учурда Кыргызстанда эмгектенип жүргөн чет элдик жарандардын укуктары бузулганы тууралуу маалыматтар дагы чыга калып жүрөт.

Бирок Ички иштер министрлигинин өкүлү мындай фактылар расмий түрдө катталбаганын билдирди.

"Кыргызстандагы чет элдик жарандар Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарга жана эркиндиктерге ээ", - деди ал.

Консулдук департаменттин директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Алмазбек Калыкбеков, чет элдик мигранттардын укугун жана кызыкчылыгын коргоого багытталган мыйзамдык иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Айтымында, Кыргызстан көп жылдан бери миграциялык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп келген мамлекет катары, чет өлкөдө жүргөн жаран кандай кыйынчылыктарга дуушар болорун жакшы билет.

"Ошондуктан тажрыйбабызды эске алып, Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдиктердин укугун толук кандуу камсыздап берүүгө аракет кылып жатабыз. Көмүскө миграцияны жокко чыгаруунун бирден бир максаты ушул болуп саналат",- деди ал.

Ошондой эле, уруксат кагаздары жайында болгон чет элдиктердин эмгек укуктары мамлекет тарабынан сөзсүз корголо турганын кошумчалады.

"Эгерде көмүскө эмгектенсе, алардын укугун эмгек мигрант катары таанууга оор болуп калат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Алар менен бирге эмгек мигранттары көп болгон мекемелерди өзгөчө шарттар менен текшерип, тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө",- деди ал.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда чет элдик жарандарды жумушка орноткон компаниялардын саны миңден ашат.

2025-жылга карата Министрлер кабинетинин чечими менен чет элдик жарандарды ишке алуу үчүн 25 миңдик квота берилген.