Тергөөчү, начальник, депутат. Эмил Жамгырчиевдин атагы менен чатагы

Сүрөттүн булагы, Social media
Өзбекстан менен чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, коңшу өлкөдөгү кылмыштуу уюшкан топтун лидерине кат жазып жардам сурады деп айыпталып, Ак үйдүн терезесинен секирип чыгып качып кетип аты дүңгүрөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге эми жыныстык тийиштик боюнча дагы айып тагылышы ыктымал. Социалдык сайттарда андан жыныстык ыдык көргөнү жөнүндө көрсөтмө берген кыздардын видеосу чыгып атат. Би-Би-Си жаңы жыл башында элдин көңүл чордонунда болуп атагы чыккан депутаттын саясий жана эмгек жолундагы урунттуу учурларын карап чыктык.
Күч органдарында бакандай башчы
Эмил Жамгырчиев бир эмес эки жогорку окуу жайын окуп бүткөн. ИИМ академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча жана Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Жогорку Кеңешке келерден мурда 20 жылдай укук коргоо органдарында катардагы кызматкерден мамлекеттик мекеменин башчысына чейин көтөрүлүп, өкмөттүн жана президенттин аппаратында иштегенге да жетишти.
Эмгек жолун 1999-жылы Ички иштер министрлигинде катардагы кызматкер болуудан баштап, андан ары Каржы полициясынын тергөөчүсү, ИИМдин экономикалык кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, Президенттик аппараттын кайрылуулар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, өкмөттүк аппараттын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн коопсуздук, укуктук тартип маселелери боюнча укук коргоо, күч жана башка органдарын координациялоо секторунун инспектору болуп иштеди.
2014-2015-жылдары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу, 2015-2016 —Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары; 2016-2017 - Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары, 2017-2020 — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин орун басары болгон.
2021-жылы парламенттик шайлоодо "Альянс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Өрдөк иши"
2020-жылы октябрда өрдөктүн этин аткезчилик жол менен алып келген ишкерге жардам берем деп андан 50 миң доллар пара алды деп айыпталып, УКМК тарабынан камакка алынган.
2021-жылы февралда мамлекетке 20 миллион сом зыянды төлөп берип, үй камагына чыкканы кабарланган. Бирок Жамгырчиев өзү миллиондоп зыянды төлөп бергени тууралуу маалыматты четке кагып келатат.
Бирок соттун үч инстанциясында каралып, акталып чыкты. Ага карабай, 2022-жылы Башкы прокуратура Жогорку Сотко кайрылып, аны актаган өкүмдү жокко чыгарууну суранган. Ошол эле жылы 26-декабрда УКМК депутатка издөө жарыяланганын билдирди.
2023-жылы январда Жогорку Сот ишти кайра тергөөгө жөнөткөнү белгилүү болду. Ал эми декабрда Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча соттук териштирүү Бишкекте Биринчи май райондук сотунда кайра башталганы кабарланды.
Жогорку Кеңештен секирип качканда

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
12-январда депутат чек араны мыйзамсыз кесип өткөн кылмыш иши боюнча УКМКга барып сурак берип чыкты.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Жамгырчиев коопсуздук комитетине жактоочусу менен бирге барды. Сурактан кийин тергөөгө келип туруу убадасы менен кое берилди.
"Жамгырчиевдин чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча тергөө амалдары акыркы баскычта, жакынкы аралыкта сот органдарына кароого жиберилет", – деп жазылат маалыматта.
Эмил Жамгырчиев эки күн мурда депутаттык комиссия аны жоопко тартууга макулдук бергенде Жогорку Кеңештин экинчи кабатындагы терезеден секирип качып кеткени тартылган видеолор тарап, шакаба сүрөттөр менен макалчылардын каарманына айланды. Ал кысталыш учурда Ак үйдүн терезесинен секирип качкан биринчи депутат болуп калды.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште берген маалыматында, аны эки жыл мурун Борбор Азияда "Байбача" каймана аты бар таасирдүү кримтөбөл Салим Абдувалиевден колдоо алуу үчүн мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, андан жардам сурап жалдырап кат жазган деп билдирди.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Жыныстык тийишүү
Алия Камалова аттуу кыз Эмил Жамгырчиевди жыныстык тийиштик кылды деп айыптап, социалдык сайттардан видео кайрылуу жасады.
Анын айтымында, 2022-жылы ал Эмил Жамгырчиевге таандык "Гайд парк" эс алуу борборуна ишке орношкондо депутаттын тийиштигине туш болгон.
"Биринчи жолу иште түн ичинде болду. Ал мени далысына май сыйпап берүүнү өтүндү. Мен болбой койдум. Качан ал мага кыйкырганда барышка туура келди. Ошондо ал мага тийише баштады. Мен мындай тийишүүгө башка кыздар да кабылганын билем",-деди ал.
Бул кыздын көрсөтмөсүнө караганда, депутат ага тийиштик кылган кеминде үч учур болгон.
Эмил Жамгырчиев дагы, укук коргоо органдары да бул кыздын кайрылуусу боюнча үн катыша элек. (КС)












