Тортту эркектер да укмуш жасайбыз... Кондитердин баяны
Абдыбек Казиев, Мээрим Догдурбекова Би-Би-Си Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бишкектик Абдулсаид 12 жашынан эле торт жасоого киришкен экен. Ал азыр түрлөп татуу токоч жасап сатат. 16 жашында Орусияга барып кондитер, ашпоздордун сынагына да катышкан жайы бар. Торт даярдоону искусство деген каарманыбыз менен кенен маектештик.
Эркек ашканадан алыс эле болсо дегендер дагы бар. Бирок кадимки "Даңазалуу дордогу" Султан Сулейманга шербет камдаган Шекер аганы, келемиштин жардамы менен түрлөп тамак жасаган "Ротатуй" мультфильминдеги каармандарды көбүбүз көргөнбүз. Негизи эле эркектер жакшы маанисинде ашканада кызмат кылса болобу? Аны дагы сурадык.

Абдулсаид: Кондитерликке 12 жашымда кызыга баштагам. Кантип баштап калганымды, эмнеге бул кесипти тандап алганымды сурагандар көп. Таттууну тим эле жанымдай жакшы көрөм. Кондитерге байланышкандын баарын жакшы көрөм. Аным келбетимден деле көрүнүп турат. Даамдуу десерттер мага майдай эле жагат. Күндөрдүн бир күнүндө үйдө эч ким жок, дүкөнгө барып таттуу бир нерсе сатып алганга акчам да жок калгам. Ошондо интернетке кирдим дагы бисквитти кантип бышырса болот деп издей баштадым. Үйдө коюлтулган сүт, жумуртка сыяктуу жөнөкөй азыктар бар экен. Мен ошондо өз алдымча биринчи бисквитимди бышырдым. Албетте, ал күйүп кетти, жарабай да калды. Бул менин ишим эмес турбайбы деп ойлондум. Мунун мага эмне кереги бар? Андан көрө даярын сатып алганым оң дедим. Андан көп өтпөй эжемдин туулган күнү болуп калды. Ошондо эжем үчүн бир нерсе жасаганга аракет кылсам эмнеге болбосун дедим. Чындап келгенде акчам да жок болчу, торт бышырып берип кутулуп кетейин дедим. Бисквитти биринчи жолу бышырганда кандай каталарды кетиргенимди эстеп жаттым. Ошондон улам жакшыраак болду. Бирок укмуш дебейт элем. Бисквит бышканча ошол жерге туруп алып бийлеп жаттым.
Кремин эмнеден жасаганымды айтып берейин. Ал кезде мен кондитердик дүкөндөр болорун билген дагы эмесмин. Үйдүн жанындагы дүкөндө коюлтулган сүт, май сатчу. Ошолорду кошком. Мына ошентип мен биринчи тортумду бышыргам.

Абдулсаид: Менин көп катталуучуларым тортторуңуз даамдуубу, таттуубу деп сурап калышат. Мен албетте, алар даамдуу деп жооп берем. Эгер алар даамдуу болбогондо менин туруктуу кардарларым болбойт эле. Алар ар бир майрам сайын буйрутма берип, бизди тандаганы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Өз майрамдарын ишенип, бизге тапшырат. Таттуу боюнча жооп берейин. Мен көптөр аябай майлуу, таттуу тортту жакшы көрбөй турганын билем. Ошондуктан бизде торттун түрү бар. Сиз каалагандай тандасаңыз болот. Таттуусу, кычкылы дегендей. Көптөр кычкыл тортту жакшы көрөт, өзүм да ошонусун сүйүп жейм. Мага кычкыл менен таттуу даамдын ортосунда кубулуп турган даам жагат. Тандоо сиздин колуңузда.

Сүрөттүн булагы, БУУНУН АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ ТАРТКАН СҮРӨТ
Би-Би-Си: Көбүбүз таттууну жакшы көрөбүз, бирок медицинада шекер жана ун азыгы кесепетин тийгизет дейт эмеспи. Таттуу менен зыяндын чек арасын кантип ажыратабыз?
Абдулсаид: Мен сиздерге аз-аздан жеңиздер дейт элем. Таттуудан толук баш тартып коюу бул чындап сиздердин тандоо. Таттуу деген жан дүйнөнүн майрамы да. Көңүлүң чөгүп турганда таттуу бир нерсе жесең... Мисалы шоколад. Ал деле шекер, ал деле зыян да. Бирок биз жеп эле жатпайбызбы? Эгер бир аз, бир аз эле жеп турса андай деле коркунучу жок го...

Абдулсаид: Мага мыкты атаандаш керек...
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Грузия, Түркия, Азербайжанда ашпоз, кондитер болгон эркектер көп эмеспи. Кыргызстандык эркектердин кондитер катары дарамети кандай деп ойлойсуз?
Абдулсаид: Кыргызстанда кондитердик тармак абдан жакшы өнүккөн. Муну менен алектенген далайларды билем. Бирок такай эле алардын басымдуусу кыздар, аялдар, жаш баласы торолгончо алек болоюн деген келиндер. Эркектерден Кыргызстанда кимдер алектенерин чынында билбейт экем. Эгер сен жигит болсоң, ушул тармакта алектенсең мен сени күтөм. Мен жакшы кондитер досту, жакшы атаандашты күтөм.
Би-Би-Си: Эркектердин кондитер болгонуна кандай карайсыз?
Абдулсаид: Менимче мунун эч маселеси деле жок. Кондитер аял, эркек деп тандабайт. Бул кесип мага акыл токтотуп иш кылууну, кубанычты тартуулайт. Мен муну менен алектенгим келет жана алектенем.
Би-Би-Си: Кондитердик сизге кирешенин булагыбы?
Абдулсаид: Адегенде бул хобби гана болчу. Мен муну менен алпурушканды жакшы көрөм. Бул менин жан дүйнөмдү мемиретип турган иш. 24 саат, токтобой, кайсы жерде, кайсы өлкөдө болбоюн кыла турган иш. Мен ансыз тура албайм. Хоббим негизги ишиме айланды. Торт даамдуу болуптур, баарына жакты деп элдин пикирин окуганымда тим эле кенедей баладай жетине албай кетем. Менин ата-энем менин тандоомо туура карашат. Алар мени ар дайым колдоп турат. Жолумдун баарын ачып беришти. Менде капитал, акча деген жок эле. Бул абдан кымбат. Атам негизги демөөрчүм болуп берди. Акчасын кайра сурабай турган жакшы демөөрчү. Ал үчүн аябай ыраазымын. Апам менен эжем жөлөк-таягым. Былтыр эмоцианалдык жактан чарчап калдым. Мен бул тармакты таштагым келди. Бир айдай ишке жолобой да койдум. Башка жакка, башка кесипке кетем деп ойлогом. Бирок эжем менен апам “сен мунсуз тура албайсың да” дешкен эле. Мен бир ай таштап салдым. Интернеттен торттун жаңы түрлөрү чыкканын, жаңы жасалгаларды көрүп алып туйлап кеттим. Анан кайра кайрылып келдим. Ошондо таштап салбай кайрылып келгениме, ишке ашыра алганыма абдан кубанам. Мына азыр сиздер менен маектешип олтурам.

Орусияда өткөн шоу тууралуу
16 жашымда мага укмуштай тажрыйба болуп берди. Мен мурда ал жакта баары уюшулган шоу деп гана ойлочумун. Досум ошол жакка менин атымдан билдирүү жөнөтүп койгон экен. Мен болсо катышкым келген эмес. Эмне кереги бар, эмне кыласың деп койгом. Жөнөтсөң жөнөтө бер, ким жооп бермек эле деп койгом. Аны унутуп да калыптырбыз. Бир жолу түнкү үчтө менин кабыл алынганым, алар мени Россияда сынакка күтүп жатканы тууралуу билдирүү келсе болобу? Көздөрүм жайнап кетти, нес болдум. Ата-энем, жакындарымдын колдоосу менен ал шоуга катышып келдим. Сөз менен айтып бергис тажрыйба болду. Бир укмуш палндарым бар. Адегенде өзүмдүн кофеканамды ачсам, анан Кыргызстанга, анан КМШ өлкөлөрүнө да жайылтсам дейм.
- Бул маектин видеосун Би-Би-Синин Facebook баракчасынан көрөм десеңиз бул шилтемени басыңыз: https://fb.watch/dZbBOx9efE/
- Instagram баракчасынан көрөм десеңиз бул шилтемени басыңыз: https://www.instagram.com/tv/CfbOpqhtB_v/?igshid=YmMyMTA2M2Y=
Кондитер азыктары ашыкча салмакка алып келет, зыян деген чектөлөрдү унутпаңыз. Бул материал аркылуу таттуу токочторду жегенге үндөбөйбүз.












