Нигер: төңкөрүштүн кээ бир тарапташтары Орусиянын желегин көтөрүп жүрүшкөн

Сүрөттүн булагы, Reuters
Нигердеги төңкөрүштүн тарапкерлери өлкөнүн парламентинин алдына митингге чыгышты. Алардын кээ бирлеринин колунда Орусиянын желектери болгон.
Кийинчерээк айрым демонстранттар бийликтен кулатылган президент Мохамед Базумдун партиясынын штаб-квартирасына кол салып, аны өрттөп жиберишкен.
Расмий түрдө Орусия башка өлкөлөрдөй эле путчисттер тарабынан кармалып турган бийликтен кулатылган президент Базумду бошотууга чакырды.
Учурда Батыш Африкадагы бул өлкөнү ким башкарып жатканы белгисиз. Армиянын командири куралдуу күчтөрдүн биримдигин сактап калуу үчүн путчисттерди колдогонун билдирди.
Хунта өзү аны ким жетектеп жатканын жарыялай элек.
Түндө президенттин бийликтен кулатылганы тууралуу билдирүү мамлекеттик телеканалдан кайталанып, патриоттук музыка жана Куран аяттары менен коштолду. Демейде түш ченде эфирге чыккан маалымат программасы бул жолу көрсөтүлгөн жок.
Бирок Нигердин борбору Ниамейде дүкөндөр жана базарлар өз убагында ачылып, путчисттердин тарапкерлери таңдагы нөшөрдөн кийин көчөгө чыгышты.
Жүздөгөн адамдар Улуттук ассамблеянын имаратынын алдына чогулушту. Кээ бирлери желектерди желбиретип, башкалары “Франция жоголсун!” жана “Чет элдик базалар чыгарылсын!” деген плакаттарды кармап турушту.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Нигер Батыштын бул региондогу негизги партнерлорунун бири
Нигер 1960 жылга чейин Франциянын колониясы болгон. Азыр деле бул өлкөдө Франциянын олуттуу таасири жана аскердик базалары сакталып турат.
Бул уран рудасына бай өлкө - Батыштын Сахелдеги (туштүк тарабынан Сахара чөлүнө тийип турган регион) негизги өнөктөштөрүнүн бири. Мында бир гана Франциянын эмес, Американын дагы аскерлери жайгашкан. Алар өкмөткө куралдуу исламисттик кыймылдарга каршы күрөшүүдө жардам берип келишкен.
Нигердеги бул козголоңдун мааниси Коңшу Мали менен Буркина-Фасодогу төңкөрүштөрдөн кийин ого бетер өстү. Аталган төңкөрүштөр да Орусияга тилектештик билдирүүлөр менен коштолгон эле. Мали "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын Африкадагы негизги базаларынын бири болуп калды жана бул өлкө көптөгөн маселелер боюнча орусиячыл позицияны карманды.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бейшемби күнү: “Биз төңкөрүштү конституцияга каршы аракет деп эсептейбиз, жана мындай учурларда принципиалдуу түрдө так позицияны карманабыз”, - деп билдирди.
Нигердин бийликтен кулатылган, демократиялык жол менен шайланган президенти Базум Украинанын президенти менен байланышты сактап, Крым платформасына кошулган болчу.
Хунта чек араларды жабык деп жарыялагына карабастан бейшемби күнү эртең менен Франциянын аскердик транспорттук учагы Нигердеги француз аскерий базасына келип конду. Хунта Францияга каршы нааразылык билдирди.
Украина союздашынан айрылдыбы?
Георгий Эрман, Би-Би-Синин украин кызматы:
Азырынча Крым платформасына Африканын төрт гана мамлекети кошулган, платформанын максаты Крымды Украинага кайтаруу. Президент Мохамед Базум жетектеген Нигер ошол төрт өлкөнүн бири болгон.
Ал БУУда да Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон.
Толук масштабдуу согушка чейин Украина менен Нигердин ортосунда эч кандай саясий мамилелер же активдүү соода – сатык болгон эмес.
Бирок Владимир Зеленский менен Мохамед Базумдун 2022-жылдын августунда болгон - эки мамлекеттин тарыхында биринчи жолу - телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин Нигер Крым платформасын колдоону чечкен.
Аскердик хунтанын бийлиги астында Нигердин тышкы саясаты кандай өнүгө турганы азырынча белгисиз, бирок Украина Африкадагы досторунун бирин жоготкон болушу ыктымал.
2020-жылдан бери аскердик хунталар бийликке келген Батыш Африканын бардык өлкөлөрү - Мали, Буркина-Фасо жана Гвинея - БУУнун Башкы Ассамблеясында Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоо тууралуу резолюциялар боюнча добуш берүүгө катышкан эмес же бейтарап калууну чечишкен.
Мындан тышкары, Вагнердин жалданма аскерлери жайгашкан жана Орусиядан аскердик жардам алып жаткан Мали 2023-жылдын февраль айында БУУда Украинанын бүтүндүгүн колдогон резолюцияга (Эритрея менен бирге) каршы добуш берген эки Африка өлкөсүнүн бири болгон.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштү айыптап чыкты.
Ошондой эле, жихадчылардын жана куралдуу бандалардын рейддерине кабылган Сахел аймагындагы коопсуздук боюнча Нигерди негизги өнөктөш катары көргөн АКШ жана ЕБ дагы төңкөрүштү айыптады.
Бир нече жума мурун эле Евробиримдиктин дипломаты Жозеп Боррелл өлкөгө келип, Нигер аймактагы турукташтыруучу ролду ойнойт деп билдирип, коопсуздукту сактоого максатында жана курал-жарактарды, анын ичинде тик учактар үчүн ок-дарыларды алууга жүздөгөн миллион евро берүүнү убада кылган.
Эми бул убада аткарылбашы мүмкүн, анткени Евробиримдик легитимсиз өкмөттөрдү колдобойт.
Ал эми мындай учурда, Нигердин хунтасы Россиядан жана Вагнер тобунан жардам сурашы ыктымал. Аталган топ ушул тапта конфликттер болуп жаткан Сахелдин үч өлкөсү: Мали, Буркина-Фасо жана Суданда бар (DO).












