Бишкекте Донбасс тууралуу орус кинофестивалына тыюу салынды

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Донбасстагы орус аскерлери

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Донбасс, 2015

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Донбасс тууралуу россиялык даректүү тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салды. Министрлик чечимин Кыргызстандын "нейтралдуу позициясына байланыштуу" экенин жүйөө келтирди.

Ушуну менен Россиянын патриоттук тасмаларын Кыргызстанда көрсөтүү иш-чаралары экинчи жолу үзгүлтүккө учурап жатат.

Активисттердин каршылыгы

Буга чейин жергиликтүү жарандык активисттер каршы чыгып, "Чындыктын мезгили" атуу орус кинофестивалын өткөрүү кийинкиге жылдырылган эле.

Активисттер Кыргызстанда Украинадагы окуяларды чагылдырууда Россиянын маалыматтык саясаты үстөмдүк кылып жатканына нааразы.

“Кыргызстандагы орус фильмдеринин фестивалы деген шылтоо менен орус пропагандасын жайылтуу, өзгөчө орус-украин согушунун маалында “Донбасс тууралуу чындык” деген кинону коюуга аракет кылышты. Биз “Азия Моллдогу” кинотеатрга кайрылдык. Алар тезинен реакция кылышты дагы, кино коюлбай турганын билдиришти”,- деди жарандык активист Айбек Турдалиев.

активист
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айбек Турдалиев, жарандык активист

Орус кинолорунун фестивалы “Время правды” деп аталат. Аны Кыргызстанда катталган “Гармония” орус маданий борбору уюштуруп жаткан эле. Анын жетекчиси Александ Степанюк Бишкектеги кинотеатрлардын бири орус тасмаларын коюудан баш тартканын Би-Би-Сиге буга чейи тастыктаган эле.

“Биз ал кинотеатр менен атайы келишим деле түзгөн эмеспиз. Андыктан бул маселе деле эмес. Негизи фестивалда үч тасма көрсөтүлмөк”.

Орус кинотасмаларынын фестивалы Кыргызстанда апрелдин ортосуна белгиленип, Бишкек, Кара-Балта жана Каракол шаарларында көрсөтүлмөк. Анда "Окраина", "Солнцепек" жана "Ополченочка" тасмаларын көрсөтүү пландалып жаткан.

Бишкекте бул тасмалардын жарнамасы да илинип баштаган эле.

Өзгөргөн чечим

Кинолорду көрсөтүү үзгүлтүккө учурашы парламентте да көтөрүлүп, депутат Марлен Маматалиев бул үчүн жарандык коомду күнөөлөп өткөн эле:

"Орустардын киносун көрсөтөйүн десе "нпочулар" кыйкырып чыгып көрсөттүрбөй жатыптыр. Коркутуулар болуптур. Эми биз мындай чоң нерселерге киришпейбиз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок ошол эле учурда тоскоолдуктар болуп жатыптыр, каршы чыгып жаткандар бар экен. Өзүбүз стратегиялык өнөктөш дейбиз дагы, бир жагынан жөнөкөй эле кинө көрсөтөлү десе тоскоолдуктар болуп жатыптыр".

Маматовго мындай арыз менен Бишкек шаарындагы Ленин районундагы шайлоочулар кайрылган. Депутат бул тасманы көрбөгөнүн, бирок Украинадагы согуш боюнча калыс позицияда экенин, тынчтыкты жактарын айтып жатат.

deputat

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңеш депутаты

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тасманы көрсөтүүгө уруксат берилгенин, Кино департаментинин комиссиясы "тасманын зыяны жок" деген бүтүм чыгарганын айткан эле.

Бирок эки күн өтпөй 23-апрелде министр "Чындык мезгили" фестивалын өткөрүүгө кайрадан тыюу салынганын билдирди.

 "Соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга байланыштуу жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын бейтараптык позициясын кармагандыгына байланыштуу, “Кыргызтасмасы" Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемеси аталган фильмдерге берилген жүгүртүү күбөлүктөрүн кайра чакыртып алат жана ал фильмдерди Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүүгө тыюу салат", -деп жазды министр коомдук сайттагы баракчасында.

Фестиваль белгисиз мөөнөткө жылганы менен бул тасмалар кыргыз көрүүчүлөрүнө онлайн платформада сунушталып жатат.

"9-май - Жеңиш эмес, согушту эскерүү күнү"

Мындан тышкары, Кыргызстанда ушу күндөрү Украинадагы согуш тууралуу Россиянын маалыматтык саясаты кадыресе иштеп жаткан чагы.

ОРТ, РТР каналдары бул өлкөдө мамлекеттин колдоосу менен көрсөтүлөт.

“Биздин мамлекет коомдо болуп жаткан пропагандалык мүнөздөгү тенденцияларга жооп кылышы керек. Себеби, алар чындыкам дал келбейт, экинчиден алар зомбулук менен коштолгон согушту культка айлантып, драмалаштырып жатышат",-дейт эксперт Элмира Ногойбаева.

"9-май келе жатат, андыктан биз буга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Себеби, алар чындыка дал келбейт, экинчиден алар зомбулук менен коштолгон согушту үгүтткө айлантып, драмалаштырып жатышат. 9-май келе жатат, андыктан биз буга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Себеби, 9-май бул Жеңиштин эмес, жоготуу, кан менен согушту эскерүү күнү”,- деп кошумчалады Ногойбаева.

эксперт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элмира Ногойбаева, эксперт

Украинада согуш башталгандан бери Бишкекте Украинаны да, Россияны да колдогон митингдер өттү. Жаштар Украинадагы согуш тууралуу онлайн маалымат алып жатышканы менен, элеттеги эл негизинен Россиянын маалыматтык саясатынын жетегинде калгандай.

Ал эми активисттер орус ТВ каналдарын жабуу демилгесин көтөрүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жеңиш күнүн утурлай жарандарды 9-майга карата "Өлбөс полк" жүрүшүнө "Z" белгиси бар кийим менен чыкпоого чакырды.

Анда улут аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге мыйзамда жоопкерчилик каралганын эскертилет.