"Өзгөчө сыймыктануу". Кыргыз-кытай чек арасында "Бедел" өткөрмө пункту ачылат
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышына байланыштуу кайрылуу жасап, аны "стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүндөгү маанилүү кадам, мамилелердин өнүгүшүндөгү жаңы этап" деп "өзгөчө сыймыктануу" менен атады.
Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрмө пунктунун ачылып жатканынын тоолуу өлкө үчүн экономикалык мааниси чоң. Ал эми Бедел ашуусунун өзү өткөн кылымда кыргыз тарыхындагы трагедиялык окуялардын күбөсү болгон.
Кыргызстан эгемендик алган 90-жылдардын башында биринчи президент Аскар Акаев АКШга барганда журналисттер темир жолдору жок, деңиз жолдорунан алыс, географиялык туюкта турган өлкө кантип өнүгөт деп сураганда, ал Кыргызстан туюкта эмес, Кытай деген эбегейсиз океандын жээгинде турат деп көрөгөчтүк менен жооп берген дешет. Эми ошол сөздөр реалдуулукка айланууда. Бүгүн кыргыз-кытай чек арасында үчүнчү өткөрмө пункту, үчүнчү логистикалык коридор ачылып жатса, аны менен жарыша Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталмакчы болууда.
"Болуп көрбөгөндөй кыска мөөнөт"
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Бедел" жаңы өткөрмө пункту бүгүн ачылган жатат.
Өткөрмө бекеттин ачылышына Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев катышат.
Садыр Жапаров өзүнүн кайрылуусунда “Бедел” өткөрмө пунктун ачуу жөнүндө принципиалдуу макулдашууларга өткөн жылы май айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилгенин белгиледи.
Президент ошондой эле "Бедел" өткөрмө пункту "өтө татаал географиялык жана климаттык шарттарга карабастан, "болуп көрбөгөндөй... кыска мөөнөттө ишке ашканын билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"1996-жылдан бери кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пунктун ачуу маселеси бүдөмүк болуп, бүгүнкү күндө гана анын рекорддук кыска мөөнөттө ишке ашырылганына күбө болуп жатабыз".
"Бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун аркасында жакын арада “Бедел” жана ага чектеш аймактар экономикалык ишмердүүлүктүн маанилүү борборуна айланат деп ишенем".
Жаңы өткөрмө пункт ачылып жаткан ашуу Кыргызстандын чыгышындагы бийик тоо арасындагы чек арада Синьцзяндын Аксу шаарынан 70 чакырым, Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан 80 чакырым жана Казакстандын Алматы шаарынан болгону 350 чакырым алыстыкта жайгашкан.жайгашкан.
Анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 4 миң метрден ашат. Кыргыздар ач бел, куу жон деп атагандай эчтеке өспөгөн, какыраган аска таш баскан, жайы-кышы мөңгү кетпеген жер.
Ашууга совет заманында автоунаа жолу 5 км жетпей, анын түбүнө чейин барган. Кытай кол салуусунан чочулаган СССР убагында тосмолорду, дотторду курган.
Ашуудан бери 20 км аралыкта чек ара бекети жайгашкан. Андан келаткан жолдо дагы эки чоң ашуу бар.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Эл аралык транспорттук-логистикалык коридор
Кыргызстан үчүн "Бедел" өткөрмө пунктунун биринчи кезекте экономикалык мааниси чоң. Эгер мурда "Торугарт" жана "Эркештам" өткөрмө пункттары аркылуу каттам болуп келсе, эми дагы бир каттам ачылса, эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү дагы көбөйөт. Жаңы инфраструктура курулуп, ага чектеш аймактарда соода-экономикалык активдүүлүк дагы жогорулайт.
Эл аралык маанидеги маанилүү транспорттук-логистикалык коридор болуп Кытайдан Борбор Азия мамлекеттерине жана андан тышкары өлкөлөргө жүк ташууда чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан сырткары, расмий булактар Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын Кытай рыногуна экспорттоого дагы шарт түзөт деп жатат.
Расмий маалыматтарга караганда, 2023-жылы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы сооданын көлөмү 31,6% өсүп, 19,8 млрд долларды түздү.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул жылы март айында Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында, “Бедел” жаңы өткөрмө пунктун ачуу жана “Барскоон-Учтурфан-Аксу” жолун куруу маселесин сүйлөшүп келгени кабарланган.
Учурда Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эки өлкөнүн жумушчу топторунун биргелешкен изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө макулдашылган “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун маршруту боюнча техникалык-экономикалык негиздеменин үстүндө иштеп жатат.
Расмий кабарларда “Бедел” көзөмөл-өткөрүү жайы быйылкы жылы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен ачылары айтылууда. Ал эми эл аралык стандарттарга ылайыкталып жасалган унаа жолу, бажы жана чек ара инфраструктурасынын курулушу жакынкы жылдары эки тараптын биргелешкен аракетинин негизинде бүткөрүлөт.
"Бедел" ашуусунун экономикалык маанисинен сырткары кыргыз калкы үчүн тарыхый да олуттуу мааниси бар. Бул жер өткөн кылымда улуу үркүн убагында кыргыз элинин трагедиялуу окуяларына күбө болгон.
Орустардын куугунтугунан качкан иңдеген кыргыздар кеч күздө жана кышында ушул белде ачкачылыктан жана суукка тоңуп кыргынга учураган.
Кырылган кыргыздардын сөөгү совет заманында көп жылдар бою жерге берилбей, тоо-таштын арасында малдын сөөгүнө аралашып, чачылып жатты.
2006-жылы гана эгемен өлкөнүн өкмөтү аскер менен жарандардын экспедициясын жиберип, ошол чачылган адам сөөктөрүн жыйнатып, жерге жашырткан.












