Рим папасы шайланды: Папа Лео XIV тууралуу эмнелер белгилүү?

Рим папасы

Сүрөттүн булагы, AFP

Жаңы Рим папасы болуп 69 жаштагы Роберт Прево шайланды. Ал Лео XIV деген атты алып, АКШдан (жалпы эле Түндүк Америкадан) чыккан биринчи понтифик болуп калды. Ошол эле учурда ал узак жылдар бою Перуда жашап, ал өлкөнүн жарандыгын алган. Жаңы понтифик тууралуу дагы эмнелер белгилүү экенин айтып беребиз.

Перудагы америкалык миссионер, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнсти сындап келген диний ишмер тууралуу дагы кандай маалыматтар белгилүү?

Британиялык Telegraph гезитинин Ватикандагы булагы жаңы папа тууралуу мүнөздөмө берди: "Ал негизги талапкерлердин тизмесине кирген эмес, бирок ал алардын баарын билчү. 30 жыл миссионерлик менен жүрүп, бир нече тилде сүйлөйт. Анын Перуда өткөргөн жылдары баардык америкалык кардиналдардын ичинен аны эң эле чала "америкалык" кылып көрсөтөт. Бирок ал Американы түшүнөт жана американын калкына кайрылууга жөндөмдүү. Дональд Трамп бийликте турган доордо бул маанилүү"

Католик багытын карманган журналистердин collegeofcardinalsreport.com сайты анын көз караштары мурунку рим папасы Францисктин көз караштарына жакын деп жазды.

Прево Чикагодо төрөлгөн, бирок карьерасынын негизги бөлүгүн Перуда өткөрдү. Адегенде миссионер катары баштап, кийин архиепископ катары кызмат кылып келген.

Ал 2015-жылга чейин Перунун жарандыгын алып, Чикайло шаарындагы епархияны жетектеп келген. 2023-жылы папа Франциск аны епископтордун иши боюнча дикастериянын башчылыгына дайындаган эле.

Бул орган бүт дүйнө жүзү боюнча чиркөөлөрдүн жогорку кызматтарына талапкерлерди кароого жоопту болуп саналат.

Римдеги дайындоодон кийин Vatican News басылмасына берген маегинде болочоктогу понтифик өзүн дагы деле миссионер деп санай тургандыгын айткан.

"Ар бир христиан сыяктуу эле менин дагы негизиги ыктыярым миссионер болуу, Евангелияны дүйнөнүн чар тарабына таратуу",- деген.

Ал ошол эле маекте епсикоп эң биринчи кезекте динге кызмат кылуучу болушу керектигин, өзүнүн диний ишенимине берилген инсан болушу зарылдыгын айткан. Болочок понтифик бул иште менеджер болуп, "сарайда бекинип олтуруп албай" эл менен баарлашууга ачык болушу керектигин белгилеген.

Франциск дагы ушул принциптерди карманган. Жаңы папа Лео XIV шайлоодон кийинки сөзүндө муну эске салып өттү. "Келиңиздер, Римдин батасын алган, папа Францисктин алсыз добушун унутпайлы",- деп чакырык салды ал.

Франциск

Сүрөттүн булагы, AP

Прево эки ирет генерал-приор болуп шайланган. Бул ыйык Августин тарабынан XIII кылымда диний коомчулукта негизделген августин орденинин жогорку жетекчилиги.

Ал мындан сырткары Латын Америкасындагы иштер боюнча Папск комиссиясын дагы жетектеген. Латын Америкасы учурда дүйнө жүзү боюнча католиктердин басымдуу бөлүгү жашаган аймак.

Римде папа Прево понтифик Францисктин эң маанилүү реформалырынын бирине катышкан. Ал үч аялды коллегияга катыштыруу эле. Алар папа катары чыга турган епископтордун талапкерлигине добуш берүү укугуна ээ болушат.

Шайлоого чейин Превонун жаш курагы анын өзүнүн талапкерлигине каршы ойногон фактор болуп калат деп эсептелген. Себеби кардиналдар жыйырма жылга же андан ашуун убакытка понтифик болуп кала турган талапкерди шайлоону каалабашы да ыктымал эле.

Прево эмне үчүн Вэнсти жана Ак үйдүн саясатын сындаган?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

АКШ президенти Дональд Трамп тарыхтагы биринчи америкалык папаны куттуктап, бул Америка үчүн чоң намыс экенин кошумчалады.

Деген менен дүйнөлүк маалымат каражаттары Прево өзү колдонгон коомдук сайттардагы баракчаларында америкалык жаңы администрациянын саясатын сындап келишкенине көңул бурушууда. Жок эле дегенде Ак үйдүн мигранттар боюнча саясатын же аларга карата мамилесин айтса болот.

The New Republic басылмасы Превонун 2018-жылы (Трамптын президенттик биринчи мөөнөтү) бөлүшкөн постуна көңүл бурду.

"Балдарды ата-энесинен ажыратып, аларды камакка салуу саясатта христиначылыкка дагы, америкалык көз карашка дагы же моралдык актанууга дагы жатпай турган нерсе. Бул баарыбыздын атыбыздан жасалып жаткан иш жана бул үчүн баарыбыз уят болобуз",- деген мазмунда жазылган.

Прево бөлүшкөн башка бир постунда, АКШ администрациясы алардын саясатынын айынан мыйзамсыз мигранттар азап чегип жатканын көрөт болду бекен деген риторикалык суроо камтылган.

Ушул жылдын февраль айында ал АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен талаша кеткен эле. Анда Вэнс "Христиандык түшүнүк бар: сен адегенде өз үй-бүлөңдү, андан соң жакындарыңды, андан кийин коомчулукту, анан барып мекендештерди, андан соң гана калган дүйнөнү сүйөсүң. Ашынган солчулдардын көбү мунун баарын теңирден тескери кылып салышты".

Болочок папа National Catholic Reporter жарыялаган колонканы бөлүшүп, Жей Ди Вэнс туура эмес айтып жатат. Иисус биздин сүйүүбүздү баскычтарга бөлгөн эмес деп жазган.

Анын ата-энеси жана карьерасы тууралуу эмнелер белгилүү?

Болочок папа 1955-жылы 14-сентябрда Чикагодо төрөлгөн.

Анын атасы Луи Мариус Прево Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагери болгон. Ал франсуз-итальян тектүү болгон. Апасы Милдред Мартинез испан тектүүлөрдөн.

Орус тилдүү ЖМКларда жаңы папанын фамилясын айтылышы жагынан французча вариантынча көрсөтүп: "Прево" деп жатышат. Бирок Ватикандын расмий сайты орус тилиндеги өз билдирүүсүндө понтификти Роберт Превост деп атады.

1977-жылы бакалавриатты математика багыты боюнча Вилланова университетинен аяктап, Августин орденин катарына кошулган.

Прево Перудагы августчулардын миссиясына 1985-жылы кошулуп, ошондон бери карай анын жашоосу бул өлкө менен тыгыз байланышкан.

Nathional Catholic Reporter сайтынын билдиргени боюнча, жаңы папа полиглот. Ал англис, испан, итальян, француз жана португал тилдеринде сүйлөп, латынды жана немис тилин окуй алат.

Франциск тууралуу учкай маалымат

Мурдагы понтифик Франциск ушул жылы 21-апрелдин таңында Ватикандагы резиденциясында каза болгон.

Францисктин өз аты Хорхе Марио Бергольо. Ал 2013-жылы Католиктер чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланган.

Акыркы жолу понтифик эл алдында Пасха майрамдык салтанатына байланыштуу Ватикандагы Ыйык Петр аянтына чогулгандарга кайрылуу жасаган эле.

Хорхе Марио Бергольо 1936-жылы 17-декабрда Буэнос-Айресте төрөлүп, беш бир туугандын улуусу болчу. Болочок понтификтин ата-энеси фашизмдин курмандыгына айланып калбоо үчүн өз мекени Италиядан аргасыз качып, Аргентинага барышкан.