Жаш баладан “жин чыгарган” чиркөө

- Author, Кэти Марк
- Role, BBC Panorama
Улуу Британиядагы христиан чиркөөсүнүн бөлүмү он алты жаштагы өспүрүмдөн жиндерди кууп чыгууга аракет кылып жатканы тасмага жашыруун тартылды.
"Кудай падышалыгынын бүткүл дүйнөлүк чиркөөсүнүн" (UCKG) пастору баланы жинден тазалоо үчүн "күчтүү тиленүүлөр" делинген сөздөрдү окуп жатканын көрсө болот.
Мурда аталган чиркөөнүн мүчөсү болгон кумса дагы чиркөө аны түздөө үчүн 13 жашында "күчтүү дубаларды" жасаганын айтты.
Ал эми UCKG 18 жашка чейинкилерге "күчтүү дубалоого" катышууга уруксат берилбейт жана чиркөө "репаративдик терапия жүргүзбөйт" деп билдирди.
"Би-Би-Си Панорама" иликтөөсү төмөнкүлөрдү аныктады:
- Аталган чиркөө өз жамаатына жиндерди кууп чыгуу аркылуу психикалык саламаттыкты жакшырта аларын айтат.
- Чиркөөнүн Британиядагы лидери эпилепсияны "рухий көйгөй" катары сүрөттөйт.
UCKGнин дүйнө жүзү боюнча филиалдары бар. Британияда алардын саны 35 болуп, чиркөө кайрымдуулук уюм катары катталган. Чиркөө өлкө боюнча анын 10,000ден ашуун мүчөсү бар экенин айтып, өзүн "Христиан Элүүнчү чиркөөсү" катары белгилейт.
Жиндерди кууп чыгуу үчүн тиленүү христиан дүйнөсүндө адаттан тыш көрүнүш эмес. Кээ бир чиркөөлөр ал жөрөлгөнү куткаруу же эксорцизм деп аташат, бирок UCKG бул терминди колдонбойт.
Ар кандай христиан салттарынын башын бириктирүүнүн үстүндө иштеген Элүүнчүлөр епископу доктор Жо Олдред мындай дейт: "Англия чиркөөсүнүн дээрлик ар бир епархиясында экзорцисттер бар. Кеп анын кандай жасалышында болуп жатат".
UCKGдеги "күчтүү тиленүүлөрдө" адатта пастор жамааттагы адамга колун коюп, жинди анын денесин таштап кетишин талап кылат. Чиркөө "көйгөйлөрдүн түпкү себебин жоюу" үчүн жума сайын "рухий тазалоо" деп аталган жөрөлгөлөрдө сыйынуу өткөрөрүн билдирди.
Сегиз жаштагы Виктория Климбини таежеси жана таежесинин жолдошу кыйнап өлтүргөндөн кийин UCKG чиркөөсү текшерүүгө алынган эле.
2000-жылы Викториянын өлүмүнөн бир жума мурда жубайлар денесинде уруп-сабоонун белгилери бар Викторияны чиркөөнүн филиалына алып кетишкен.

Чиркөөнүн пастору ага жин кирген болушу мүмкүн деп, алгач ага "күчтүү тиленүү" жөрөлгөсүн жасоону сунуштаган. Кийинчерээк, тиленүү баштала электе, пастор таежесине Викторияны ооруканага алып баруу керектигин айткан.
Кайрымдуулук уюмдарын тескеген комиссиянын отчётунда "Викториянын абалынын оордугу анын өлүшүнө бир нече күн калганга чейин толук этибарга алынбаган же тиешелүү органдарга кабар берилген эмес" деп баса белгиленген. Комиссия чиркөөнүн балдарды коргоо боюнча расмий саясаты жоктугу "кабатыр" кыларын билдирген.
Бул сындан кийин чиркөө балдарды коргоо саясатын киргизген. Учурда ал 18 жашка чыга электерге же алардын катышуусунда катуу тиленүүлөрдү жүргүзбөөгө убада берет.
"Би-Би-Си Панорама" Лондондун Брикстон аймагында жаштар жана өспүрүмдөр катышкан UCKGнин жаштар тобунун сыйынуусуна барды.
Тымызын тартылган тасмада пастордун топту жаш курагына жараша бөлүп жатканын көрүүгө болот.
"Жашыруун кабарчыга видео тартылган кезде 16 жашта экенин айткан балага пастор "күчтүү тиленүүлөрдү" окуп жатканын көрүүгө болот. "Кудайым, сенин отуң бекинип жаткан жинди өрттөп кетсин", - дейт пастор.
Пастор баланын башын кармап, анын ичине кирген жиндин чыгып кетишин талап кылып, дуба окуй баштаган.
Би-Би-Си ал тасманы балдарды коргоо боюнча көз карандысыз өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Жейн Дэвиске көрсөттү.
Ал мындай дейт: "Виктория Климбинин өлүмү жыйырма жылдан ашык убакыт мурун болгонун эске алып, сиздер бөлүшкөн кадрлардын негизинде UCKG канчалык деңгээлде каталарынан сабак алганын карап көрсө болмок."
"Балдарды коргоо саясаты маанилүү, бирок ал аткарылбаса пайдасы болбойт."
UCKGнин билдирүүсүндө: "Күчтүү тиленүүлөр ... негизинен жанды куткаруу кызматтарында окулат" жана "19 жашка чыга электерге ага катышууга уруксат берилбейт" деп айтылат. Чиркөө өзүнүн балдар укугун коргоо саясатын бузду деген жүйөөнү чечкиндүү түрдө четке кагарын билдирди.


"Би-Би-Си Панорама" UCKG'ге мурда мүчө болгон 40 адам менен сүйлөштү - алардын айрымдары бир нече жыл мурун, башкалары акыркы бир нече айда кетишкен.
Шарон 19 жашында аталган чиркөөнүн Лондондогу Стратфорд филиалына кошулган.
Анын айтымында, ал пасторго клиникалык депрессиясы тууралуу айткан жана пастор ага эч качан атайын адистен жардам алуу тууралуу кеңеш бербегенин айтат.
Ал "күчтүү сыйынууга" дуушар болгон. Анын айтымында, бул жөрөлгө психикалык ден соолугунун көйгөйлөрү бар адамдарга жасалбашы керек экени белгиленген UCKG'нин балдарды коргоо саясатына каршы келет.
"Мен ал сыйынууларга баруудан аябай корко турган болуп калган элем, анткени мен алардын ар дайымкы буталарынын бири болчумун," - дейт Шэрон.
Чиркөөнүн айтымында, "күчтүү тиленүүлөрдүн" максаты коркутуу же зыян кылуу эмес жана алар эч кимдин артынан түшүп андайга мажбурлабайт. Ошондой эле, эгерде чиркөө адамда "психикалык ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөр бар экенин" билсе, "балдар укугун коргоочу топ атайын адистерге жолдомо берет" дейт.
Би-Би-Си ошондой эле UCKG'нин мурдагы мүчөсү "Марк" менен сүйлөштү - ал чиркөөнүн реакциясынан тынчсыздангандыктан өз атын атагысы келбеди. Анын айтымында, аны "түздөө" үчүн 13 жашынан баштап "күчтүү дубалар" окулган.
"Алар менин гей (кумса) экенимди билишкенде, андайга жиндер себеп экенин айтышты. Мага жин чыгаруу жөрөлгөсү аткырылчу жума күндүк тиленүүлөргө барууну сунушташты," - дейт ал.
Марк төрт жылдан ашык убакыт бою жума сайын ошондой тиленүүлөргө катышып келгенин жана өзүн аялдарга жакын экенине ынандырууга аракет кылганын айтат. "Мен ыйлап уктачумун" дейт ал. "Мага абдан оор болду, анткени өзүмдү жек көрүү сезимим абдан чоң болчу."
UCKG Би-Би-Сиге чиркөө "репаративдик терапиясын жүргүзбөйт" жана анда "сексуалдык же гендердик маселелер боюнча күчтүү тиленүүлөр берилбейт" деп билдирди. Андан тышкары, алар "жыныстык тандоосу ар кандай адамдарды кучак жайып тосуп алат" деп белгилеген.

Бул окуядагы маселелер сизге таасир эткен болсо, жардам жана колдоо үчүн BBC Action Line'га кайрылсаңыз болот.

Би-Би-Си тарабынан тасмага жашыруун тартылган "күчтүү тиленүүлөр" учурундагы "дем салуу" жөрөлгөсүндө Улуу Британиядагы UCKGнин лидери Епископ Джеймс Маркес - чиркөөгө келгендерге кээ бир оорулар руханий көйгөй экенин жана психикалык ден-соолук көйгөйлөрү жиндер менен байланыштуу экенин айтат.
Ал жашыруун кабарчыга: "Депрессия - бул рухий көйгөй. Депрессиянын артында жаман рухтар турат" деп айтты.
Ошондой эле ал мындай деди: "Биз эпилепсия медициналык оору экенин билебиз, бирок Ыйык Китепте Ыйса Теңир эпилепсияны пайда кылган жаман рухту кууп чыгат. Демек, биз эпилепсия чындыгында физикалык, сыртка көрүнгөн, бирок рухий көйгөй экенин түшүнө алабыз."
Ал UCKG эч качан "күчтүү тиленүүлөр медицинанын же ... адистин жардамын алмаштыра алат деп айткан эмес" деп билдирди.
Би-Би-Си менен сүйлөшкөн көптөгөн мурдагы мүчөлөр чиркөөдөн чыгуу абдан кыйын болгонун айтышат.
Чиркөөнү таштап, азыр UCKGге каршы кампанияны жетектеп жаткан Рейчелдин айтымында ал азыр башка жаштар үчүн кооптонот.
"Алар: "Бул жерде отурган жардамчы эсиңиздеби? Ал чиркөөнү таштап кетти эле, азыр ажырашып жатат. Рак болуп ооруп калды" дешет."

Шарондун айтымында, ага чиркөө жамаатынын мурдагы мүчөсүнүн мотоцикл сүзүп "ички органдары сыртка чыгып кеткен" үрөй учурган видеосу көрсөтүлгөн.
"Алар чиркөөдөн чыкканда ушундай болот, шайтан келип жаныңды тартып алат дешти."
Би-Би-Си тарабынан тасмага жашыруун тартылган иш-чарада UCKG'нин епископторунун бири Альваро Лима өзүнүн жолдоочуларына чиркөөдөн чыгып кеткенден кийин "апам дароо эле катуу ооруп, өпкөсүнөн рак болуп калды" деп айтат.
Бирок, анын айтымында, ал кийинчерээк чиркөөгө кайтып келгенде "залалдуу шишиги азайып, абалы жакшырып калган".
UCKG Би-Би-Сиге чиркөө "коркутуу тактикасын колдонбойт", ал "ыктыярдуулукка негизделген" жана "бирөөнү мажбурлоого эч кандай кызыкчылыгы жок" деп билдирди.
Чиркөөнүн айтымында, анын көптөгөн мүчөлөрү аны жана анын жакшы иштерин баалайт. Бирок Би-Би-Си маектешкен мурдагы мүчөлөрүнүн көбү алар бул чиркөөгө кайтпай турганын айтышты. (ДО)



