Кыргызстан Мисирде элчилигин ачат

Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы элчилигин уюштуруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул Кыргызстандын Африкадагы экинчи элчилиги болмокчу. Буга чейин расмий Бишкек Африка континентиндеги биринчи элчилигин быйыл Эфиопияда ачып жатканын айткан.

"Жарлык Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштарын активдештирүү жана тереңдетүү, ошондой эле Мисирдин аймагында жана Түндүк Африканын чектеш өлкөлөрүндө жүргөн 3 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды" деп айтылат Президенттик администрация 16-декабрда тараткан маалыматта.

Ошондой эле анда Мисирде элчиликтин ачылышы "өлкөнүн тышкы саясатын Африка континентинде ишке ашырууга, тышкы саясий байланыштарды диверсификациялоого жана дипломатиялык катышуу географиясын кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү" айтылат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ноябрдын башындагы Мисирге расмий сапар менен барган. Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланып, бир катар документтерге кол коюлган.

Бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын эгемендик жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары экени белгиленген.

Улуттук статистика комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Египеттин товар жүгүртүүсү январь-август айларында $6,7 млн түзгөн. Эки өлкө ортосундагы соода жылдык туюнтууда 89,1% өскөн.

Товар жүгүртүүнүн көпчүлүк бөлүгү Египеттен келген импортко туура келген — $4,6 млн. Негизинен бул өлкөдөн Кыргызстанга фармацевтикалык продукция ташылып келген — $3 млн. Калган жеткирүүлөр учуучу аппараттардын запастык бөлүктөрүнө, азык-түлүккө жана башка товарларга туура келген.

Кыргызстандан Египетке болгон товар экспорту $2,2 млн түздү (+40,6%). Ал жакка $1,2 млн өлчөмүндө ар кандай учуучу аппараттардын бөлүктөрү жана $971,3 миңге нефть продуктулары жеткирилген.

Кыргызстан менен Египеттин ортосунда маданий жана билим берүү боюнча туруктуу кызматташтык уланып келе жатат. Алсак, Египеттин белгилүү «Аль-Азхар» университети баштаган бир катар окуужайларында ондогон студенттер билим алышат.

Кыргызстан Африка континентиндеги биринчи элчилигин быйыл Эфиопияда ачкан.

Март айында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Эфиопиянын борбору Аддис-Абеба шаарында элчилигин ачуу боюнча жарлыкка кол койгон. Анда Эфиопиядагы элчилик Кыргызстандын Африка континентинде жайгашкан өлкөлөрдөгү биринчи дипломатиялык мекемеси болору деп айтылган.

Мындай чечим аталган өлкө менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү үчүн кабыл алынганы белгиленген.