«Эч ким тоготпойт»: Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларында коопсуздук каралбай калганбы?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Ысык-Көлдө Караколдогу капчыгайлардын биринен жарым ай мурда жоголуп кеткен туристтин сөөгү табылды. Өткөн жумада Бозтеридеги пансионатта он сегиз жаштагы баланы аква-парктын көлдөгү насосу соруп кетип каза тапканы социалдык медиада катуу талкууланды. Ушул окуялардын арты менен Ысык-Көлдөгү туристтик эс алуу жайларындагы коопсуздук каралбай калганы ашкере болууда.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Бир апта мурда Бозтеридеги «Золотые пески» пансионатында он сегиз жаштагы бир уланды аква-парктын көлдөгү насосу соруп кетип, каза тапты. Аны убагында куткарып алууга же куткаруучулар жок, же башкаларды жолотушпайт, айтор окуянын күбөсү болгондор кайдыгерлик менен шалаакылыктын оркойгон фактысына нааразы болуп атышат.
«Ажал дейин десең бул техникалык коопсуздуктун сакталбаганынан келип чыкканы кашкайган чындык. Андыктан, буга жоопкерчиликти пансионаттын ээси менен бирге эле КРнын экотехинспекциясынын жетекчиси, инспекциянын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы кошо тартып, кызматтарынан кетиши керек. Анткени, ушул орган ар бир пансионатты текшерип, коопсуз деп уруксат берет. Демек, бул жолу да булар тиешелүү текшерүү жүргүзбөй, акча алып, мөөр басып жүрө берген десек болот. Кызмат абалын кыянат пайдалангандык же ишке болгон шалаакылыктын арты адам өмүрүнүн кыйылышына алып келди!!!»,-деп жазды Фейсбукка журналист Тынчтык Алтымышев.
Бул көлдүн өзүндө болгон соңку эң резонанс жараткан окуя, ал эми туристтик зонага бараткан жолдогу кырсыктар өзүнчө маселе. Булардын баары туристтик коопсуздук маселесин биринчи планга алып чыкты.
Ысык-Көлдөгү туристтик жайлардын коопсуздугу кандай көзөмөлдө экенин сурап, Экотехинспекциянын Чолпон-Атадагы бөлүмүнө кайрылып, алган жооп шаабайды суутту.
«Мораторий болгонуна үч жыл болбодубу, ишкерлерге тоскоолдук кылбагыла деп. Мыйзам боюнча арыз түшсө гана текшересиңер дейт. Адам өмүрүнө коркунуч келсе киресиңер дейт. Кыскасы, көп маселе, мышык ыйлагандай эле болуп атат. Убагы менен текшерилип турулса болмок, эч ким тоготпой калган, көздөрүн май басып. Буларды дагы жогору жактан, ар жактан, бер жактан колдогондор бар»,-деди бөлүмдүн башчысы Нурлан Жумабеков.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ушул эле инспекциянын Караколдогу бөлүмүнө да байланышып көрдүк. «Азыр кыйратып иштеген жокпуз, реорганизация жүрүп атат» деген жоопту уктук.
Кыскасы, бир убакта монстр болуп турган инспекция азыр туш-тушка чачырап бөлүнүп жаткан убагы экен, бир жагын Өзгөчө кырдаалдар минстрлиги, экинчи жагы Экология жана климат комитети бөлүп кетип жатыптыр. Так ушул жайкы эс алуу сезону кайнап турган учурда ошентип туристтик объектилерди караганга киши калбаптыр, калса да алардын колу мораторий менен байлануу экен.
Эреже боюнча жайкы туризм башталардын алдында ага даярдык иштери, биринчи кезекте коопсуздук жагы текшерилүүгө тийиш эле. Демек, быйыл андай текшерүүлөр болбосо, көзөмөл жок болсо, анда келген туристтерди кырсык кадам сайын тооруп турат дебеске арга жок.
«Туризм департаменти деген бар, анын демилгеси менен өкмөттүк комиссия түзүлүп, туризмге даярдык деп көптөгөн тапшырмалар берилиши керек эле. Ошонун ичинде коопсуздук жагы биринчи кезекте каралат. Мисалы, ИИМ, Экотехинспекция жактан, санитардык жагынан коопсуздугу бүт баары каралып чыгышы керек болчу. Быйыл кырсыктар, өлүм-житимдер көбөйүп жатса, демек, быйылкы даярдык начар болгон. Балким, былтыр пандемия убагында туризм болбой калбады беле. Быйыл да болбойт го деп, балким, эч кандай көзөмөл иштери жүргөн эмес»,-дейт туризм департаментинин мурунку башчысы Максат Чакиев.
Туризм департаменти мурда Маданият жана маалымат министрлигинин карамагында эле. Өкмөттө кайра түзүүлөр болгондо Экономика, финансы министрлигине карап калды. Алардын расмий сайтына баш баксак, келген туристтердин эле санап отурган маалымат жайнап жүрөт. Ошондой эле келген туристтердин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн күчөтүлгөн аракет көрүлүүдө деген отчет турат. Андагы маалыматка караганда, бир нече тил билген туристтик милиция иштеп жатканы, алар ар кандай кыйын кырдаалга туш болгон туристтерге жардамга даяр экени жазылган. Андан сырткары, санитардык-эпидемилогиялык көзөмөлдүн алкагында рейддик текшерүүлөр болгон экен. Эң акырында суу объектилеринде адам өмүрүн сактоо максималдуу каралып жатат деп айтылат.












