Газада "Аль-Жазиранын" беш журналисти курман болду. Израил алардын бирин ХАМАС менен байланыштырууда

"Аль-Жазиранын" башкы редактору 28 жаштагы Анас аль-Шарифти Газа тилкесиндеги окуяларды дүйнөгө жеткирген "жалгыз үн" деп атады

Сүрөттүн булагы, Al Jazeera

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Аль-Жазиранын" башкы редактору 28 жаштагы Анас аль-Шарифти Газа тилкесиндеги окуяларды дүйнөгө жеткирген "жалгыз үн" деп атады

Израилдин чабуулунан "Аль-Жазира" телеканалынын кабарчысы Анас аль-Шариф жана аталган медианын төрт кызматкери каза болду. Израил армиясы Анас аль-Шарифти ХАМАС тобунун "бир уюгун жетектеген" деп жатат.

"Аль-Жазиранын" маалыматы боюнча, кабарчылар Анас аль-Шариф жана Мохаммед Крейке, ошондой эле операторлор Ибрагим Захер, Мохаммед Нуфаль жана Муаммян Алива "Аль-Шифа" ооруканасынын жанындагы журналисттер үчүн коюлган чатырда турганда сокку урулган.

Телеканал бул окуяны "кишилерди бутага алып өлтүрүү" деп атады. Жекшемби күнкү чабуулду "басма сөз эркиндигине каршы атайын жана одоно кол салуу" деп сыпаттады.

Соккудан көп өтпөй Израил армиясы (ЦАХАЛ) бул чабуулдун максаты аль-Шарифти жок кылуу болгонун, ал "ХАМАС тобунун бир уюгун башкарып келгенин" билдирди.

Курман болгон башка журналисттер тууралуу ЦАХАЛ комментарий берген жок.

"Аль-Жазира" маалымдагандай, соккудан жалпы жети киши мерт болду. Башында төрт кызматкер өлдү деп айтылган, бирок бир нече сааттан кийин бул сан бешке жетти. Телеканалдын башкы редактору Мохаммед Моавад Би-Би-Сиге аль-Шариф аккредитацияланган журналист болгонун жана Газа секторундагы абалды дүйнөгө жеткирип турган "жалгыз үн" катары калганын айтты.

Согуш башталгандан бери Израил эл аралык журналисттерди Газага киргизбей келет. Ошондуктан көптөгөн медиа жергиликтүү кабарчылардын ишине таянат.

"Алар өз чатырында отурушкан, фронт сызыгында репортаж кылып жаткан эмес", — деди Моавад.

"Чынында Израил өкмөтү Газанын ичиндеги окуяларды чагылдырууну токтоткусу келет. Мындайды мен азыркы тарыхта көргөн эмесмин", — деп кошумчалады ал.

Жыйырма сегиз жаштагы аль-Шариф өзүнүн акыркы мүнөттөрүндө коомдук сайттарга (Х платформасында анда 500 миңден ашык катталуучусу бар) Газанын бомбалоосу тууралуу жазып жаткан эле. Анын өлгөнү кабарлангандан соң жарыяланган билдирүү алдын ала жазылганы жана аны досу жарыялаганы айтылат.

"Бул менин эрким жана акыркы кайрылуум. Эгер бул сөздөр силерге жетсе, демек Израил мени өлтүрүп, үнүмдү өчүрө алды", — деп жазылган анда.

Абадан чабуул учурунда команда Газа шаарындагы "Аль-Шифа" ооруканасынын жанындагы "Аль-Жазира" чатырында болгон

Сүрөттүн булагы, Ebrahim Hajjaj/ Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абадан чабуул учурунда команда Газа шаарындагы "Аль-Шифа" ооруканасынын жанындагы "Аль-Жазира" чатырында болгон
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

BBC Verify текшерген эки видеодо жарадарлардын сөөгүн көтөрүп бараткан адамдар көрүнөт. Айрымдары Мохаммед Крейкенин атын айтып кыйкырууда, ал эми "Пресса" деп жазылган чыптаманы кийген киши аль-Шарифтин сөөгүн алып кетип жатканын айтат.

ЦАХАЛ аль-Шарифти "Израилдин жайкын тургундарына жана аскерлерине ракеталык чабуулдарды даярдоого жооптуу болгон" деп айыптады. Мындан тышкары ХАМАС тобунун мүчөлүгүн ырастаган "террордук даярдык курстардын тизмелери" сыяктуу журналистке карата чалгын маалыматтар болгонун ЦАХАЛ айтууда.

Өткөн айда "Аль-Жазира» медиасы, БУУ жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) аль-Шарифтин өмүрүнө коркунуч бар экенин эскертип, аны коргоого чакырган.

Журналисттерди коргоо комитетинин башкы директору Жоди Гинсберг Би-Би-Сиге билдиргендей, Израил бийлиги өлтүрүлгөн журналисттердин террорист экенин далилдеген эч кандай далилдерди берген эмес:

"Биз Израилдин бул иш-аракетинин схемасын азыркы согушта гана эмес, акыркы ондогон жылда көрүп келдик. Алар журналистти өлтүргөндөн кийин аны террорист деп жарыялашат, бирок муну далилдеген материалдар дээрлик берилбейт".

Бул окуя "Аль-Жазира" журналисттерин ХАМАС менен байланышы бар деп айыптап, Газага сокку урган биринчи учур эмес. Өткөн жылдын августунда Исмаил аль-Гхуль унаасында отурган жеринен жан берген. Анда да абадан сокку урулган эле. Коомдук сайттарда анын башы үзүлүп кеткени тууралуу видеолор тараган. Ошол эле чабуулда оператор Рами аль-Рифа жана велосипед тээп бараткан бала да мерт болгон.

Израил бийлиги Аль-Гхуль 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС тобунун Израилге жасаган кол салуусуна катышкан деп билдирген, бирок "Аль-Жазира" муну толугу менен четке каккан.

Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын октябрында Израил Газага аскердик операция баштагандан бери 186 журналисттин өлүмү тастыкталды.

Азыр да Газа секторунда иштеп жаткан журналисттер абдан оор абалда, аба соккуларынан тышкары ачарчылык коркунучу бар. Өткөн айда Би-Би-Си жана үч маалымат агенттиги — Reuters, AP жана AFP биргелешкен билдирүү жасап, Газадагы журналисттер өздөрүн жана үй-бүлөлөрүн тамак-аш менен камсыздай албай калган учурлар көбөйүп жатканын айтып, "өтө чоң тынчсыздануусун" билдирген.

Би-Би-Синин штаттан тышкаркы үч кызматкери бир нече күн катары менен тамак жебей калган учурлар болгонун, алардын бири тартуу маалында эсин жоготконун айтышты.

Жүздөн ашык эл аралык гуманитардык жана укук коргоо уюмдары Газа секторунда массалык ачарчылык коркунучу бар экенин улам айтууда. Израил гуманитардык жардамдын киришин көзөмөлдөп, кайрымдуулук уюмдары "ХАМАСтын пропагандасына кызмат кылууда" деп айыптады.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилге кол салгандан кийин Израил Газадагы аскердик операциясын баштаган. Ал чабуулда болжол менен 1200 киши өлүп, дагы 251 киши барымтага алынган.

Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин (ХАМАС тобунун көзөмөлүндө) маалыматы боюнча, операция башталгандан бери Газада 60 миңден ашык киши каза болду. (MD)