Израилдин аскер кабинети Нетаньяхунун Газа шаарын толук көзөмөлгө алуу планын жактырды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Израилдин аскер кабинети жумага караган түнү премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын көзөмөлгө алуу чечимин жактырды. Бул Нетаньяху бир күн мурун жарыялаган анклавды толук кайра басып алуу планынын биринчи этабы болору күтүлүүдө.
Отурум алдында Нетаньяху Американын Fox News телеканалына маек берип, Газага толук көзөмөл орнотууну көздөп жатканын, бирок бул түбөлүктүү эмес экенин айтты.
Азыр Израил аскерлери Газанын 75 пайызын көзөмөлдөйт. Жаңы план боюнча, алар бүт аймакка ээлик кылууну көздөп жатат. Анткен менен Израилде көпчүлүк бул план ХАМАСты толук жок кыла албайт жана аман калган туткундарга коркунуч жаратат деп эсептейт.
Times of Israel басылмасы кабарлагандай, Газа шаарындагы операция тургундарды массалык көчүүгө аргасыз кылат. Учурда аймакта болжол менен 800 миң адам жашайт.
"Израилдин коргонуу армиясы Газа шаарына көзөмөл орнотууга даярдык көрөт, ошол эле учурда салгылашуу жүрбөгөн аймактардагы жарандарга гуманитардык жардам көрсөтөт", — деп айтылат аскер кабинетинин отурумунун жыйынтыгы боюнча Нетаньяхунун кеңсеси тараткан билдирүүдө.
Анда "согушту токтотуунун" негизги шарттары кеңири түшүндүрүлгөн:
- ХАМАСты куралсыздандыруу;
- Бардык туткундарды - тирүүлөрүн да, каза болгондорун да кайтарып берүү;
- Газа тилкесин демилитаризациялоо;
- Газа секторундагы коопсуздукту Израилдин көзөмөлүндө кармоо;
- ХАМАСка да, Палестина автономиясына да тиешеси жок башка жарандык өкмөт түзүү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Биз аны өзүбүзгө алып калгыбыз келбейт. Коопсуздукту камсыз кылып, башкарууну араб күчтөрүнө бергибиз келет. Өз алдынча башкарууга жөндөмдүү, бизге коркунуч жаратпаган жана Газанын элине жакшы жашоо камсыз кыла ала турган араб күчтөрүнө өткөрүп берүүнү каалайбыз. Муну ХАМАС менен ишке ашыруу мүмкүн эмес", — деп жооп берди Нетаньяху, Израил 1967-жылдан 2005-жылга чейинкидей, Газа тилкесин толук көзөмөлгө алууга ниеттенип жатабы деген суроого.
Нетаньяху CNN телеканалына берген маегинде тилке кандайдыр бир убактылуу администрация тарабынан башкарылаарын айтты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бир жума бою маалымдоо каражаттарында анонимдүү булактар Нетаньяху Газаны оккупациялоо чечимине ыктап жатканын кабарлап турушту.
"Чечим кабыл алынды. Биз Газа секторун толугу менен багындырып, ХАМАСты талкалайбыз",- деген өкмөттүн жогорку даражалуу өкүлүнүн бул сөзүн жергиликтүү журналисттер жазып чыкты.
Ошол эле маалда маалымат каражаттары Израилдин башкы штабынын башчысы Эяль Замир Газаны биротоло басып алууга каршы экенин жана анын Нетаньяху менен бул жумадагы жолугушуусу чыңалган маанайда өткөнүн маалымдады.
Басылмалардын маалыматына караганда, Замир толук басып алуу Израил армиясы үчүн тузак болорун эскерткен.
Жолугушудан кийин өкмөттүн маалымат кызматы армия өкмөттүн бардык чечимдерин аткарат деп ырастады.
Буга түндүктөгү Газа шаары жана качкындар лагери жайгашкан борбордук бөлүктөр кирбейт.
Израил басылмаларынын маалыматына караганда, Газанын калган бөлүгүн толук көзөмөлгө алуу этап-этабы менен беш ай аралыгында ишке ашат.
Алгач Израил Газа шаарын толугу менен көзөмөлгө алып, анда жашаган бир миллионго чукул тургунду түштүккө көчүрөт.
Израилдин экинчи чабуулу бир нече аптадан кийин башталып, аны менен бирге гуманитардык жардамдын көлөмү да көбөйтүлөт. ЦАХАЛ качкындар лагерлерин жана барымтадагылар кармалууда деп болжолдонгон аймактарды көзөмөлгө алат.
ЦАХАЛдын басма сөз катчысы Авихай Адраи Газанын эски бөлүгүндөгү аль-Дарадж жана ат-Туффах райондорунун тургундарын тез арада аймактан чыгып кетүүгө чакырды.
Адамдарга аль-Маваси шаарындагы "гуманитардык зонага" баруу сунушталууда, ал жерде учурда жарым миллионго жакын палестиналык баш калкалоодо.
Адатта белгилүү бир райондорго чабуул башталардан мурун ЦАХАЛ дал ушундай эскертүүлөрдү таратат.
Соңку сурамжылоолорго караганда, израилдиктердин көпчүлүгү 2023-жылдын 7-октябрында Хамас жана союздаш топтор тарабынан барымтага алынгандарды кайтаруу менен согушту токтотууну каалайт.
Өкмөт башынан бери ХАМАСты толугу менен талкалап, анын сектордогу бийлигин жоготтурууну максат кылып келатат.
Оппозиция лидери Яир Лапид X социалдык түйүнүндөгү баракчасына Газа тилкесин толугу менен басып алуу чечими жаңы согушка, калган туткундардын өлүмүнө жана миллиарддаган шекел чыгымга алып келет деп жазды.
Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Израилдин Палестинанын жерлерин басып алуусун мыйзамсыз деп эсептейт. Өткөн жылдын июль айында БУУнун Эл аралык соту Израилдин Палестина аймактарын оккупациялоосун эл аралык мыйзамдарга каршы келет деп чечкен.
Соттун баамында, Израил Батыш жээктеги жана Чыгыш Иерусалимдеги бардык мыйзамсыз конуштарын тез арада жоюп, ал аймактардан жана Газа секторунан чыгып кетиши керек.












