Трамп менен Путин жолуккан соң Зеленский жана Европа лидерлери Вашингтонду көздөй багыт алды

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшемби күнү Брюсселге келип, европалык өнөктөштөрү менен жолукту. Дүйшөмбүдө Вашингтонда АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Өткөн жумада Трамп Аляскада Орусия лидери Владимир Путин менен жолуккан. Европанын негизги өлкөлөрүнүн лидерлери Зеленскийге колдоо көрсөтүү үчүн АКШнын борборуна чогуу барышарын билдирди.
Жекшембиде Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен да Вашингтонго барарын кабаралды:
"Президент Зеленскийдин өтүнүчү менен мен да президент Трамп жана башка европалык лидерлер менен Ак үйдө өтө турган жолугушууга катышам", — деп жазды ал социалдык түйүндөгү билдирүүсүндө.
Күндүн экинчи жарымында Брюсселде Зеленский менен фон дер Ляйендин эки тараптуу жолугушуусу болду. Андан кийин экөө биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.
Зеленский өз сөзүндө Европанын колдоосу абдан маанилүү экенин, Украина АКШ менен сүйлөшүүлөрдү европалыктар менен бирге жүргүзүп жатканын билдирди.
Украина президенти Владимир Зеленский чыныгы сүйлөшүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар азыркы фронт сызыгы өткөн жерден башталышы мүмкүн экенин айтты. Анын пикиринде, бул маселени Украинанын, Орусиянын жана АКШнын президенттери катышкан үч тараптуу жолугушууда гана талкуулоо керек. Бирок азырынча Москва мындай жолугушууга макулдугун билдирген жок.
"Эгерде Орусия баш тартса, жаңы санкциялар киргизилиши керек", — деди Зеленский.
Зеленский Украинанын коопсуздугу боюнча кепилдиктер жөнүндө да айтты. Мындай кепилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу президент Трамп Аляскадагы Путин менен жолугушкандан кийин сөз кылган. Бирок Зеленскийдин айтымында, азырынча бул кепилдиктер кантип иштээри түшүнүксүз.
"НАТО Уставынын 5-беренеси сыяктуу бизге бериле турган кепилдиктер иш жүзүндө иштөөсү маанилүү. Коопсуздук кепилдиктеринин бир бөлүгү Украинанын Европа Биримдигине мүчө болушун да камтышы шарт", — деди ал.
Еврокомиссиянын төрайымы Фон дер Ляйен АКШ президентинин Украинага НАТО уставынын 5-беренесине окшош, бирок жеңилдетилген формадагы коопсуздук кепилдиктерин берүүгө дилгирлинин кубаттады.
Ал эл аралык чек араларды күч менен өзгөртүүгө болбой турганын эскертип, "мындай чечимдерди Украина өзү кабыл алышы керек жана эч ким Украинанын ордуна сүйлөшүүгө укуктуу эмес" деди.
Фон дер Ляйен Европадагы санкциялык басым кан төгүү токтомоюнча улантыла турганын белгиледи.
Анын айтымында, европалык лидерлердин позициясы белгилүү, негизги маселе — Дональд Трамптын позициясы канчалык өзгөрдү жана ал Путин менен Аляскадагы жолугушуудан кийин Зеленскийге эмне сунуштай алат?
Элдешүүдөн баш тартуу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндөн кийин ок атышууну убактылуу токтотуу идеясынан баш тартып, дароо эле узак мөөнөттүү тынчтык келишимине умтулуу зарыл экенин билдирди.
Анын айтымында, мурдагыдай алгач ок атышууну токтотуп, андан кийин сүйлөшүү жүргүзүү керек деген ыкма туура эмес. Трамптын көз карашы боюнча, тараптар дароо эле туруктуу тынчтык келишимине жетиши керек.
ЖМКлардын маалыматына ылайык, Путин бул жолу да максималдуу катаал талаптарды койгон: Украинанын аскерлерин Донецк жана Луганск аймактарынан толугу менен чыгарып кетүү, фронттун башка тилкелеринде ким кандай позицияны ээлеп турса, ошол бойдон калтыруу, Украинанын НАТОнун мүчөсү болбой турганына кепилдик берүү жана орус тилинин Украинадагы макамын күчөтүү. Киев мындай талаптарды кабыл алгыс деп эсептейт.
AFP агенттиги анонимдүү булактарга таянып, Аляскадагы жолугушууда Путин "Украина Донбасстан баш тартсын" деп талап койгонун жазды. Ошондой эле Трамп муну колдоого ыктап жатканын белгиледи.
Америкалык Axios басылмасынын маалыматына караганда, Путин Украинанын коопсуздук кепилдиги тууралуу айткан, бирок ал мүмкүн болгон гарант катары Кытайды атаган. Бул анын Батыш сунуштаган кепилдиктерге каршы экенин дагы бир жолу далилдейт.
Башында Трамп Украинаны коргоо үчүн АКШ коопсуздук кепилдигин берүүгө каршы экенин айткан. Анын ордуна Украина менен сейрек кездешүүчү металлдар боюнча соода келишим түзсөк жетиштүү деп ойлогон.
Бирок Аляскадагы жолугушуудан кийин Трамп Зеленский жана европалык лидерлер менен сүйлөшүп, АКШ коопсуздук кепилдигин берүү жараянына катышууга даяр экенин билдирген.
Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянуу менен жазды.
Вашингтонго кимдер барат?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Урсула фон дер Ляйендөн тышкары Германиянын, Франциянын, Италиянын, Улуу Британиянын жана Финляндиянын лидерлери да саммитке катышары белгилүү болду.
Германия канцлери Фридрих Мерцтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал дүйшөмбү күнү Вашингтонго учуп барып, Украина президенти Владимир Зеленский жана АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө өтө турган жолугушууга катышат.
Франция президенти Эммануэль Макрон менен Финляндия президенти Александр Стубб да Вашингтондогу жолугушууга барарын тастыкташты.
Улуу Британия өкмөтү премьер-министр Кир Стармер Европа лидерлеринин делегациясына кошуларын жарыялады.

Сүрөттүн булагы, Win McNamee/Getty Image
Италиянын премьер-министри Жоржа Мелонинин кеңсеси анын да Вашингтондогу жолугушууга катышарын маалымдады. Мелони Трамп менен жеке мамилесин сактап келген жана анын инаугурациясына катышкан жалгыз европалык лидер болгон. Ал Трампка идеялык жактан жакын улутчул-консервативдүү "Италия агайындары" партиясын жетектейт. Ошол эле учурда Мелони Украинаны да жактайт.
НАТОнун басма сөз кызматы да альянстын баш катчысы Марк Рютте Вашингтонго барарын ырастады.
Сапарды утурлай сүйлөшүү

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШдагы саммиттин алдында Украина президенти Владимир Зеленский менен Батыш лидерлери онлайн форматта сүйлөшүү өткөрүштү. Анын жыйынтыгы боюнча Франция президенти Эммануэль Макрон журналисттерге билдирүү жасап, Дональд Трамп менен Ак үйдө эмнелерди талкуулашарын айтты.
Анын айтымында, биринчи кезекте Европа лидерлери менен Зеленский АКШга Украина, Европа жана Америка үчүн эл аралык укук жана аймактык бүтүндүк принциби башкы мааниге ээ экенин, Украинанын жерлерин өткөрүп берүү боюнча талкуулар Украинанын катышуусусуз өткөрүлбөй турганын эскертишет.
Экинчиден, лидерлер Трампты Путин менен күч позициясы менен сүйлөшүүгө чакырышат.
"Азыр Орусияга алсыздык көрсөтүү — бул келечектеги жаңы согуштарга шарт түзүү дегенди билдирет", — деди Макрон.
Башка европалык лидерлер да онлайн-жолугушуудан кийин Путин ок атышууну токтотуудан жана сүйлөшүүлөрдөн баш тартса, ага каршы санкциялык кысымды күчөтүүнү колдошту.
Бирок азыркыга чейин Трамптын администрациясы жаңы санкция киргизген жок. Президент АКШда алты айдан бери бийликте турганына карабастан, Орусияга каршы бир да жаңы чара кабыл ала элек. Мамлекеттик катчы Марко Рубио жекшемби күнү CBS телеканалына берген маегинде мындай түшүндүрмө берди:
"Эгерде тынчтык мүмкүн болбой, согуш уланып, миңдеген адамдар каза боло берсе, президенттин жаңы санкция киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок эгер азыр эле санкция киргизсек, сүйлөшүүлөр ошол замат токтойт. Натыйжада дагы бир-эки жыл согуш, өлүм жана кыйроо уланат. Тилекке каршы, ушундай болушу мүмкүн. Бирок биз муну каалабайбыз".
Дүйнөдөгү реакция
Европалык жана либералдык америкалык басылмалар эки лидердин жолугушуусун Владимир Путиндин жеңиши катары мүнөздөштү. Бирок, бактыга жарага, эң кооптуу жагдай — Украинаны анын катышуусуз бөлүштүрүү болбогонун белгилешти.
Франциянын Le Monde гезити саммитти "Дональд Трамптын даана жеңилиши" деп атады. Анткени жолугушууга бир нече саат калганда эле Трамп журналисттерге: "Эгер мен ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетпей кетсем, анда буга канааттанбайм" деп билдирген.
Бирок саммиттен кийин өзүнүн Truth Social баракчасында ал мындай деп жазды: "Баары Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуунун эң жакшы жолу – көп учурда аткарылбай турган ок атышууну токтотуу келишимине эмес, согушту токтото турган тынчтык келишимине өтүү артык деген жыйынтыкка келди".
Associated Press агенттиги дипломатиялык аракеттердин узакка созулушу фронтто орусиялык күчтөргө артыкчылык берип жатканын белгиледи.
Washington Post болсо Путин Трамп менен так макулдашуу болбогон сүйлөшүүлөр аркылуу убакыт утуп, Украинанын чыгышындагы позициясын чыңдоого кызыкдар экенин жазды. Акыркы жумаларда орус күчтөрү бул аймакта олуттуу ийгиликтерге жеткени белгиленди.
Америкалык Axios басылмасынын билдиришинче, жолугушуунун соңунда Владимир Путин Дональд Трампка англисче: "Кийинки жолу Москвада" деген, Трамп болсо: "Оо, кызык экен. Бул үчүн мени бир аз сындашат, бирок бул мүмкүн экенин элестете алам" деп жооп берген.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Үч тараптуу саммит
Axios басылмасынын анонимдүү булактардын маалыматына караганда, Дональд Трамп алдыдагы жума күнү, 22-августта, Орусия жана Украинанын президенттеринин катышуусунда үч тараптуу саммит өткөрүүнү көздөөдө.
CNN кабарлагандай, Трамп европалык лидерлерге Путин жана Зеленский менен саммит уюштурууну пландап жатканын билдирген. Бирок Вашингтондо Зеленский менен Трамптын сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктагандан кийин гана бул жолугушууга даярдык көрүлө баштайт.
Зеленский февралда президент Трамп жана вице-президент Вэнс менен чатакташып кеткенден бери Вашингтонго биринчи жолу барды. Ал окуядан кийин эки тараптын мамилеси калыбына келет деп ишенүү кыйын эле. Бирок кийинки айларда европалык лидерлер дипломатиялык жол аркылуу кырдаалды оңдоого аракеттеништи: алар украиналык лидерди Трампка жагынууну, сүйлөшүү жүргүзүүнү үйрөтүштү. Башкача айтканда, Трамптын тилинде сүйлөөгө көндүрүштү.
Эми Трамп согушуп жаткан эки өлкөнүн лидерлерин сүйлөшүү үстөлүнө отургузуп көрүүгө даяр.
Айрым байкоочулар ал Зеленский айрым шарттарга макул болорун күтүп жатканын белгилешет. Бул Кремль башынан бери четке кагып келген идеяны — Путин менен Зеленскийдин биргелешкен жолугушуусун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.
New York Times буга чейин европалык жогорку кызмат адамдарына шилтеме жасап жазгандай, Трамп эгерде Зеленский азыркы тапта Донбастын оккупацияланбаган айрым бөлүгүн Орусияга өткөрүп берүүгө макул болсо, тынчтык келишимин тез эле түзсө болот деп эсептейт. Чиновниктердин айтымында, мунун ордуна Путин кийинки агрессиядан баш тартуу боюнча жазуу жүзүндөгү кепилдик берүүгө даяр экенин билдирген.
Европа үч тараптуу саммит идеясын колдоду. Бирок адегенде европалык лидерлер Вашингтондогу сүйлөшүүлөргө катышып, Зеленскийге Трамп менен болгон жолугушуусунда саясий колдоо көрсөтмөкчү. Би-Би-Синин саясий кабарчысы Мэтью Коул белгилегендей, Трамп менен жакшы мамилеси бар лидерлер украин президенти үчүн жагымдуу жолугушууну уюштурууга аракет кылышат.
Коулдун айтымында, бул жерде негизги максат — тынчтык келишиминен кийин Украинанын коопсуздугун кепилдеген механизмдерди камсыз кылуу. Анткени Киевди НАТОго кошуу азырынча талкууланган жок.
Украина президенти Владимир Зеленский бир нече жолу Путин менен жолугушууну сунуштаган. Демек, албетте, Трамптын сунушун да колдоду.
"Биз президент Трамптын Украина, АКШ жана Орусиянын үч тараптуу жолугушуусу боюнча сунушун колдойбуз. Украина негизги маселелерди лидерлердин деңгээлинде гана талкуулоого болорун жана үч тараптуу формат бул үчүн ылайыктуу экенин баса белгилейт", — деди президент Зеленский ишемби күнү Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин. Ал ошондой эле Американын президентине Вашингтонго чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Бирок Зеленский Украинанын жерлерин берүү маселеси талкуулабай турганын бир нече жолу айткан.
"Мен Трамп менен сүйлөшкөндө, эгер үч тараптуу жолугушуу болбосо же Орусия согушту акыйкат токтотуудан качса, санкцияларды күчөтүү керек деп айттым", — деп жазды Зеленский өзүнүн Телеграм каналында. Ал кошумчалагандай, бардык маселелер, анын ичинде аймактык маселелер да, Украинанын катышуусу менен гана талкууланып, чечилиши керек.












