Москва көзөмөлдөй албаса, орус хакерлери менен АКШ өзү күрөшөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Президент Жо Байден президент Владимир Путин жана орус бийлиги мындай чабуулдарды токтотуу жана алдын алуу үчүн чараларды көрүшү керек деп эсептейт” - деп билдирди президенттин пресс-катчы Жен Псаки. Президент Байден өзү кибер чабуулдар күч алып жаткандыктан орус бийлигине “билдирүү жөнөтөрүн” айтты.
Президент Байден Акүйдөгү чалгын кызматтарынын өкүлдөрү жана американын жогорку даражадагы кызматкерлери менен жолугушуудан кийин прессага чыкты. Жолугушууда АКШ акыркы учурда кабылып жаткан кибер чабууларды эмне кылуу керектиги тууралуу сөз жүргөн.
Президент Жо Байден Республикалык партиянын Улуттук комитетинин жана Kaseya компаниясынын желелерин бузуп кирүүгө аракет кылган кибер чабуулдардын өңүттөрү менен таанышып чыгууга убада берди.
Ransomware методу менен кылган чабуулардын натыйжасында аноним хакерлер америкалыктардан миллиондогон доллар опузалап алышкан. Бул топ Оруссия менен байланышта болушу мүмкүн деп эсептелет, бирок Байдендин администрациясы азырынча кескин билдирүүлөргө бара элек.
Бейшембиде дагы Байден андайга барган жок. Ал Путинге “билдирүү жөнөтөрүн” гана билдирди. Кийинчерээк президенттин пресс-катчысы Жен Псаки Байден эч кандай концептуалдык билдирүү жөнүндө сөз кылбаганын тактады.
Бирок Байдендин пресс-катчысы кескин билдирүү кылды: “Орус бийлиги Оруссияда жашаган криминалдык элементтерге каршы күрөш жүргүзө албаса, чараны биз көрөбүз”. Псаки, орус бийлиги алардын бар экенин билбесе да, Акүй Оруссиядагы кибер кылмыштуулук менен өз алдынча күрөшкөнгө даяр экенин эки жолу баса белгиледи.
Акүйдөгү жолугушууну Псаки “бийликтин Ransomware чабуулдарын токтотуунун жалпы аракеттери” деп атады. “Президент чара көргүсү келсе, анын бир нече варианты бар”, - деп кошумчалады ал.
Акүйдүн билдирүүсү америка кооомундагы кибер чабуулардар жазасыз калып жатат деген пикирдин Байдендин администрациясына кысымы күчөп жаткан учурга туш келди. Акыркы апталарда хакерлер америкалык компаниялардын жана мекемелердин желелерин бир нече жолу “барымтага алып”, төлөм талап кылышкан жана максатын жетишкен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШнын Көз карандысыздык күнү алдында, 3-июлда програмдык камсыздоо берген жана ички компьютердик желелерди тейлеген Kaseya фирмасынын желелерине чабуул коюшкан. Америкалык фирмалардан башка дагы фирмалар жана уюмдар, анын ичинде 500 швециялык Coop супермаркети, эки голландиялык IT-компания жана Жаңы Зеландиянын 11 мектеби зыян тарткан. 5-июлда хакерлер курмандыктарынан 70 млн долларды биткоин менен талап кылганы белгилүү болгон.
Жо Байден атайын кызматтарга окуяны иликтөөгө тапшырма берди.
Бул Байден менен Путин жолуккандан кийин, АКШда болуп жаткан биринчи кибер чабуул эмес. Ал жолугушууда Байден Путинге АКШ үчүн өтө маанилүү экономиканын 16 секторунун тизмесин берип, аларга хакердик чабуул кылынбашын өтүнгөн. Жо Байдендин сөзүнө ылайык, ал Путинге, көрсөтүлгөн секторлорго болгон хакердик чабуулдар кибер согуш жарыялоо катары кабыл алынарын жана токтоосуз жооп болорун билдирген.
Ага карабастан чабуулдар уланууда. Жакында эле АКШнын эң ири түтүк жолдордун бири Colonial Pipeline жана дүйнөдөгү эң ири эт өндүрүүчү JBS компаниясынын австралия бөлүмүнө чабуулдар болгон. Бул эки учурда тең хакерлер миллиондогон төлөмдөрдү талап кылышкан.
Кечээ медиалар орус атайын күчтөрү менен байланыштуу хакерлер өткөн аптада АКШнын Республикалык партиясынын Улуттук комитетинин компүтердик системин бузуп кирүүгө аракет кылышканын билдиришти.
Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Synnex,компаниясынын серверлерине чабуул болгон жана мунун артында "Cozy Bear" катары дагы таанымал "ATP 29" хакердик тобу турат.
АКШ мурдатан эле оруссиялыктарды кибер алдамчылыкка жана кибер чабуулга айыптоо менен камап келген. Январь айында нью-йорктун соту оруссиялык хакер Андрей Тюринди 12 жылга эркинен ажыраткан. Ал дээрлик 140 млн кишинин берилиштерин уурдаганы жана башка кибер кылмыштар үчүн күнөөлүү деп таанылган. Тюрин 2017-ж. Грузияда кармалып АКШга депортацияланган.
АКШ бийликтери айыптагандар арасында музыкант жан дижей Денис Казачеев дагы бар. Ал 310 млн долларды адалдаган деп айыпталууда. Ал өзү болсо алдамылыктын курмандыгы болгонун билдирет. (ChS)












