Чынара Эсенгул: Ири державаларды Борбор Азиянын ресурсу кызыктырат

Сүрөттүн булагы, Screenshot
- Author, Элеонора Куленбекова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны жыйынтыкталды. ЖККУга төрагалык кылуу Орусияга өтүп, өлкө лидерлери Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын 2026-жылдын 11-ноябрында Орусияда өткөрүүнү макулдашты.
Орусия жана ал башында турган ЖККУ уюмунун Борбор Азиядагы иш-аракети жана тараптардын кызыкчылыгы тууралуу Би-Би-Си саясат талдоочу Чынара Эсенгулду кепке тартты.
Би-Би-Си: ЖККУ Борбор Азия үчүн коопсуздуктун кепили болуп бере алабы?
Чынара Эсенгул: Кепилдик бере албайт. Бизде гибриддик согуштар көбөйүп кетпедиби. Согуш чек арада, чыныгы бир аймакта эмес, виртуалдуу түрдө интернетте да болуп жатат.
ЖККУ кайсы жерде жардам бериши мүмкүн? Ооганстан менен Тажикстандын чек арасында жардам бериши ыктымал. Советтер Союзу ыдырагандан тарта эле Орусиянын 201-дивизиясы ошол жакта. ЖККУнун биргелешкен күчтөрү бул аймакта машыгууларды өткөрүп турат. Ооганстан жаратып жаткан коркунучка даярдык көрүп турушат.
Бирок ЖККУ виртуалдуу дүйнөдө болуп жаткан согуштан утулуп жатат. Бул боюнча эч кандай даярдыгы жок, тилекке каршы. Бул маселеде уюмдун мүчөлөрү өтө эле артта калган.
Менимче, убагында Борбор Азиядагы жарандар азгырылып, "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарына тартылган. Азгыруу аракети азыр деле уланып жатат. Буга каршы натыйжалуу иш жок.
Би-Би-Си: Путин бул сапар Кыргызстанга келди. Сентябрда эле ал Душанбеде болгон. Ал жерде “Борбор Азия-Орусия“ форматында саммит өткөн. Мындан кийин Борбор Азия лидерлери Вашингтонго барып, Трамптын кабылдоосунда болушту. АКШдан келгенден кийин Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Путиндин алдынан өткөндөй болду. Борбор Азия Орусия таасир эте алган аймак катары кала берүүдөбү же геосаясий жагдай өзгөрдүбү?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чынара Эсенгул: Өзүңүздөр билсеңиздер, Борбор Азия үчүн башынан эле Орусия негизги өнөктөш катары кабыл алынып келет. Бирок, азыр, өзгөчө Украинада согуш башталгандан бери жагдай өзгөрүп жатат. Өзгөчө эки чоң мамлекет – Өзбекстан менен Казакстан ар тараптуу саясатты жүргүзүп, чоң геосаясий оюндарды ойноп башташты деп айтсам жаңылбайт окшойм. Албетте, беш мамлекет бирге бололу деген далалат да бар. Жакында Ташкентте Борбор Азиянын беш мамлекетинин саммити өттү. Ал жерде Азербайжанды расмий түрдө чакырганы чоң иштен кабар берип жатат. Азербайжандагы Зангезур коридору түрк дүйнөсү үчүн өтө маанилүү. Азербайжандын Борбор Азияга жакындаганы Орусия менен Иранга анча жакшы кабар эмес. Мен ушул мисал аркылуу Борбор Азия мамлекеттери геосаясий тең салмактуулукту карманганга абдан аракет көрүп жатышканын айткым келет. Орусиянын кызыкчылыгын да эске алып, бирок Орусиядан өздөрүн бир аз оолак тутуп, башка ири мамлекеттер менен ымала түзүп, ири долбоорлорго тайманбай кошулуп, Түркия, Азербайжан аркылуу транспорттук коридорлорго чыгып, Борбор Азиянын экономикалык келечеги үчүн аракет кылышууда. Мурда товарлар Түндүк коридор аркылуу келчү. Санкциядан улам жол жабылды. Биз Орусиядан экономика, саясат, согуштук жактан толук көз каранды болсок, туура эмес экенин түшүнүп калдык.
Би-Би-Си: Ошентсе да Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери Орусияга кылчактап, анын таасиринен толук чыгып кете албай, тайсалдап тургансыйт?
Чынара Эсенгул: Анткени орус тилин албайлы, мигранттарды албайлы, чыныгы көз карандылык бар.
Маселен Өзбекстанда эл көп, жаштар көп, жумушсуздук бар, ошондуктан айла жок жарандары Орусияда жүрүшөт. Орусияда борборазиялык мигранттардын ичинде өзбекстандыктар эң көп болуп саналат. Ошондуктан Өзбекстан, анын ичинде Мирзиёев муну түшүнүп турат. Оңой менен элине жумуш таап бере албайт, эли оңой эле тил үйрөнүп, башка жакка кете албайт.
Кыргызстан менен Тажикстанды айтпай эле коелу. Ириде эле мунай өнүмдөрү, газдан көз карандыбыз.
Бизде атайын кызматта иштегендердин көбү ФСБдан окуп келет. Ал эми жакында эле билим берүү министрлеринин жолугушуусу болду. Дагы деле бир стандартка өтөбүз деп жатышат. Бул жерде көп маселе бар.
Бир заматта эле Орусиядан алыстап кете алышпайт. Мен алыстаганды туура эмес деп ойлом. Бирок тең салмактуулук керек. Ошол эле Батыш, Түркия, АКШ, Кытай менен мамиле керек.
Би-Би-Си: Ири державалар, анын ичинде Кытай, АКШ, Орусия Борбор Азия менен кызматташууга дилгир экенин ачык айтып жатышпайбы? Ушундай мүмкүндүк болуп жатканда тышкы саясатты кандай жүргүзүү керек?
Чынара Эсенгул: Борбор Азиянын ресурстары керек деп ачык эле айтып жатышат. Өзгөчө Трамп келгенде бул белгилүү болуп калды. Бизди чийки ресурсу бар зона катары эле кабыл алып жатышат. Ошондуктан бул маселеге олуттуу кароо зарыл. Ачык эле айтыш керек, Кытайды ресурс кызыктырат. Тоо-кенде 85 пайыз кытай компаниялары иштейт. Бул айдан ачык. Кандай болбосун биздин кызыкчылыкты алдыга сүрөө керек. Улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн кадрлардын билимин жогорулатуу керек.
Би-Би-Си: Путин Кыргызстанда орус технологиясы менен АЭС куруу маселеси изилденип жатканын билдирип, экономикалык долбоорлорго инвестиция салууну көбөйтөбүз деп жатат. Мунун ордуна Орусия Кыргызстандар эмнени каалайт?
Чынара Эсенгул: Мунун ордуна Орусия өзүнүн саясий чөлкөмүнөн чыкпаганыбызды каалайт. Өзүнүн приоритеттүү дүйнөлүк маселелерин күн тартибине алып чыкканда Борбор Азиянын колдоосун күтөт. Мисалы, БУУда Украина маселеси добушка коюлса, же башка маселелер болсо, БУУ Орусия же Кытай жактырган форматта реформа болсун деген сценарийлерди колдоп беришибизди каалайт.
Ар бир жардам жөн болбойт. Бул Орусияга эмес башкаларга деле тиешелүү.












