Климат: Норвегия деңизинин түбү Антарктиканын эрүүсүн түшүнүүгө жол ачат
Jonathan Amos, Би-Би-Синин илим кабарчысы

Сүрөттүн булагы, DAVID VAUGHAN
Жаңы изилдөөлөр көрсөткөндөй, Антарктиканын муз катмарынын эрүүсү мурда ойлогондон алда канча ылдам жүрүшү мүмкүн.
Ага Норвегиянын деңиз түбүндө миңдеген жылдар мурда эриген Европа муз катмарынын артка тартылуусунан калган белгилер далил болуп бере алат.
Бүгүнкү күндө Антарктикадагы эң тез эрип жаткан мөңгүлөр күнүнө 30 метрге чейин азайууда.
Бирок ал ылдамдаса, ашыкча эриген суу дүйнө жүзү боюнча деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө олуттуу таасирин тийгизет.
Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу Антарктикадагы муздун эрүүсүнөн улам 1990-жылдардан бери дүйнөлүк океандын деңгээли дээрлик 1 сантиметрге көтөрүлдү.
Окумуштуулар убагында Норвегия муз катмарынын максималдуу эрүүсү күнүнө 600 метрден ашканын аныкташкан.
"Эгерде биз муздун эрүүсүн температуранын өсүшүнүн жогорку чеги менен эсептөөнү улантсак, акыры ушул сыяктуу көрүнүшкө туш болобуз", - деп түшүндүрдү, Улуу Британиянын Ньюкасл университетинен Доктор Кристин Бэтчелор.
"Кабатыр кылганы, Антарктикада муздун мынчалык эрүүсүнө эмне түрткү болгонун билүү үчүн теңдемелерди жасаганыбыз менен, биз билген эң жөнөкөй эрүү темптеринин астында дагы муздар учурда ушундай эле деңгээлде эрип жатканын таптык ”, - деди ал BBC’ге.

Сүрөттүн булагы, Булак: Kartverket
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Доктор Батчелор кесиптештери менен бирге Nature журналынын ушул жумадагы чыгарылышында өз изилдөөлөрүнүн отчетун жарыялашат.
Бул топ Норвегиянын борбордук жээгиндеги деңиз түбүнүн чоң бөлүгүн изилдеп келди. Жыйырма миң жыл мурун бул аймак Түндүк Европанын чоң муз катмарынын эрүү жана бөлүнүү процессинин күбөсү болгон.
Муз катмарынын мурдагы ордунун изи деңиз түбүндөгү ылайлуу тунмалардан турган 7600дөн ашык параллелдүү, тепкич сымал кыркаларда кала берген. Бул толкундардын бийиктиги 2,5 метрге жакын болуп, бири-биринен 25 метрден 300 метрге чейинки аралыкта жайгашкан.
Окумуштуулар бул кыркаларды муз жаткан чөлкөмдө пайда болгон издер деп чечмелешет.
Бул аймакта муздар кургактыктан океанга агып түшүп сууда калкый башташкан. Мында муз суунун күнүмдүк көтөрүлүп, төмөндөшү менен суу астын кайра-кайра таптагандыктан толкун сымал кыркалар пайда болгон.
Ал издер пайда болуп, сакталып калышы үчүн муз артка тартылуу абалында болушу керек (алдыга жылган муз кыркаларды жок кылат); толкундун келген убактысы болсо бул процесстин ылдамдыгын көрсөтөт.

Сүрөттүн булагы, COPERNICUS DATA/ESA
Илимий топтун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, мурдагы Европа муз катмары суткасына 55 метрден 610 метрге чейинки ылдамдыкта азайып турган.
Маанилүүсү, эң ылдам көрсөткүчтөр деңиз түбү салыштырмалуу тегиз болгон жерлерде байкалган. Булар үстүдөгү муздун калыңдыгы бир калыпта болуп жана муздун эрүүсүнө анын калкып туруусу аз талап кылынган жерлер.
Ушул сыяктуу толкундар Антарктиканын тегерегиндеги деңиз түбүндө да аныкталган, бирок андай мисалдар чектелүү гана. Норвегиянын изилдөө аймагы бир топ чоңураак болгондуктан, климаттын жылуулануусунда муздун канчалык тез ээрий тургандыгы жөнүндө көбүрөөк түшүнүк берет.
Бүгүнкү күндө окумуштуулар спутниктердин жардамы менен Антарктиканын океан менен чектешкен мөңгүлөрүнүн жерге тийип турган зонасына байкоо жүргүзүүдө. Космостук аппарат муздун кай жерде көтөрүлүп, кай жерде ылдый түшүп жатканын байкай алат.

Эң ылдам эрүү континенттин батышындагы Поуп мөңгүсүндө байкалды, ал жерде 2017-жылы 3,5 ай аралыгында орточо көрсөткүч күнүнө 33 метрди түзгөн.
Бирок Поуп Антарктикадагы эң ири мөңгүлөрдөн эмес. Окумуштуулар Туэйтс сыяктуу гиганттарга көбүрөөк кызыгышат. Бул муздун көлөмү Британия менен барабар. Анын баары эрип кетсе дүйнөлүк деңиз деңгээли жарым метрге көтөрүлүшү мүмкүн.
" Туэйтстин учурдагы жерге тийип турган линиясынан төрт чакырым ичкериде, деңиз түбүнүн тегиз жеринде куур сымал канал бар. Бул калкып жүрүп эрип кетүү процесси үчүн эң ыңгайлуу шарт түзөт", - дейт Британиядагы Кембридж Университенин Скотт Полярдык изилдөө институтунан (SPRI), доктор Фрейзер Кристи.
"Биз Туэйтстин бүткүл дренаждык бассейнине салыштырмалуу кичинекей аймак жөнүндө айтып жатабыз, бирок ал тургай кыска мөөнөттүү, ылдам артка тартылуу мөңгүнүн келечектеги динамикасына таасирин тийгизет," – дейт ал.
Доктор Батчелор менен Кристи алардын тобунун байкоолору күн санап жылууланып бараткан дүйнөдөгү Антарктиканын тагдырын болжолдоого аракет кылган компьютердик моделдерди жакшылап жөнгө салат деп айтышат. Учурда бул моделдерде музда болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн маанилүү деталдары жок.
"Бирок, андан улам биз эмне болушу мүмкүн экенин геологиялык өтмүштү карап айтабыз. Ооба, бизде спутниктер бар, бирок алардын маалыматтары абдан кыска - болгону 40 жылдын айланасы", - дейт авторлордун бири, профессор Жулиан Доудесвел, SPRI.
"Маанилүүсү, геологиялык изилдөө жүрүп келе жатат. Ал компьютердик моделдер дүйнөсүндө эле эмес, реалдуу дүйнөдөгү "байкоо" ", - деди ал Би-Би-Сиге. (DO)












