Түркиядагы жер титирөөгө бир жыл: балдарынан айрылган эненин чоң иликтөөсү

Эсра Ялчыналп Стамбулдагы жана Осман Кайтазоглу Лондондогу кабарчы

Нургүл Гёксу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нургүл Гёксу

50 000ден ашуун адамдын өмүрүн алган Түркиянын түштүгүндө болгон катуу жер титирөөгө 6-февралда бир жыл болду. Бардык курулуш нормалары так сакталганда миңдеген киши тирүү калат беле деген суроо азыр да кабыргасынан турат. Күчү ошого тете жер титриөө Японияда да болуп (1-январь, 2024-жыл), жер жарылып кетсе дагы кыйроо дээрлик жокко эсе болгону, 100гө чукул киши өлгөнү түркиялыктарды ого бетер ойлонтуп тургандай.

  • Япониядагы жер титирөө менен Түрикядагы жер титирөөнү талдап салыштырган материалды да этегине тиркейбиз.

Стамбулдун жашоочусу жакындары жашаган үй эмне себептен кыйрап калганын өз алдынча изилдөө милдетин моюнунна жүк кылып алган.

Нургуль Гексу баласы жашаган үй эмне себептен күбүлүп түшүп, бирок, анын жанындагы эле үйлөр эч нерсе болбой калганына көңүл бурган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нургуль Гексу баласы жашаган үй эмне себептен күбүлүп түшүп, бирок, анын жанындагы эле үйлөр эч нерсе болбой калганына көңүл бурган.

Нургуль Гексунун айтымында, жер титирөөгө чейин кадимки эле үй кожойкеси болгон. Ашканан анын негизги эрмеги эле. “Ичли кёфте” (эт фаршы менен булгурдан жасалган котлет) даярдаганды жакшы көрчү. Жакындарынын жакшы көрүп жеген тамагынын бири.

Нургуль Стамбулдун четинде, ал эми баласы Ахмет Кан Забун аялы, кичинекей баласы менен түштүк-чыгыш жагында жашачу.

31 жаштагы Ахметти жаш курагында төрөгөндүктөн эне бала катары абдан ынак, өзгөчө мамиледе эле.

Баласын жогорку окуу жайына өткөрүп, анын жетишкендиктери менен сыймыктанчу. Өзү болсо жогорку билим ала албай окуу жайды экстерн бүтүүгө аргасыз болгон.

Жер титирөөдөн Кахраманмараш шаарында миңдеген үй кыйрап калган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жер титирөөдөн Кахраманмараш шаарында миңдеген үй кыйрап калган

2023-жылдын 6 февралында дүйнө астын үстү болду. Ахмет Кан жашаган Кахраманмараш шаары жер титирөөнүн очогу болду.

Жер титирөө учурунда шаарда 7 миңден ашык үй кыйраган. Анын ичинде Ахмет Кан жашаган үй да бар экен.

Нургүл айткандай өзүнүн “үч баласын” табуу үчүн Кахраманмараш шаарын көздөй жөнөгөн.

“Эзги” үйү

Ахмет Кан жашаган үйдүн урандылары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ахмет Кан жашаган үйдүн урандылары

Кахраманмарашта жер титирөө убагында көптөгөн үйлөр урап, ал эми Нургүлдүн уулу жашаган чөлкөм көп деле жабыркаган эмес.

“Эзги” деп аталган он кабаттуу, көп батирлүү үй жер менен жексен болгон. Кызыгы тегерегиндеги эле үйлөр көп деле жабыркаган эмес.

Бул сыяктуу көрүнүштөр башка райондордо да байкалган. Ошондон улам Түркияда көпчүлүгү бирдей кабатта, бирдей архитектуралык стилде, бир убакта салынганына карабай жер титирөөдөн кээ бир үйлөр куласа, жанындагылары эч нерсе болбогонуна таң калышууда.

Нургүл урандыдан куткаруучулар сөөктөрдү алып чыкканча күтүп турду. Сегиз күн өткөндөн кийин Ахмед Кандын, аялы Несибе жана кызы Асуддун сөөгүн алып чыгышкан.

Ахмед Кан аялы экөө юрист болчу. Кызынын төрөлгөнүнө болгону жарым жыл болгон.

Уулунун балачагы

Сүрөттүн булагы, Жеке архиви

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уулунун балачагы

“Бир эмес, үч баланы жоготуу - өтө кыйын”, - дейт Нургүл.

Жер титирөөдөн кийин ал социалдык тармактарга үй-бүлөөсүнүн сүрөттөрүн көп жүктөй баштаган.

"Мен алардын өлүмү жөн эле текке кетишин жана алардын унутулуп калышын каалабайм", - дейт Нургүл.

“Эзги” кулаганда 35 адам каза болуп, 2 адам гана тирүү калган.

Ахмед аялы жана кызы менен

Сүрөттүн булагы, Жеке архиви

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ахмед аялы жана кызы менен

Чындык издеген экспертке айланды

Нургүл баласы жашаган үй эмне себептен кыйрап, жанындагы үйлөр дээрлик соо калганын изилдей баштаган. Бул оңой-олтоң иш эмес. Ага тийиштүү далил жана экспертизанын корутундулары керек эле.

Ал курулуш тармагындагы жергиликтүү инженер, эксперттерге кайрылып, интернеттен үйдүн сүрөттөрүн таап салыштырып, үйдү кайра куруу боюнча уруксат алуу үчүн кандай этаптардан өтүү керек, ушул сыяктуу курулуш тармагындагы нормаларды биле баштаган.

Мурунку жылы Нургүл Ютубдан Би-Би-Синин Түркиядагы кызматы жасаган видеону көргөн. Анда 2020-жылдагы Измирдеги жер титирөө жөнүндө айтылган эле.

Нургүл бизге социалдык тармактар аркылуу жазып, “Эзгинин” кыйрашын анализдеп берүүбүздү суранган эле.

Үйдү кайра курууда бардыгы туура эле болгонбу? Нургүл аны изилдегенче аны менен байланышта болуп турдук. Анын чыгарган жыйынтыгын графика менен чагылдырдык.

Графика
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Графика
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Баламдын өлгөн жери боюнча кенен маалымат чогултканга аракет кылдым, бирок муну менен башкалар алектениши керек эле, мен бул ишке кийлигишпегенде эч нерсе белгилүү болмок эмес”, - дейт Нургүл.

Жер титирөөдөн жабыркаган башка райондордо да курулуш нормалары сакталбагандыгы тууралуу арыздар түшкөндөн кийин башталган изилдөөлөр жетиштүү далилдер жоктугунан улам токтотулган. Нургүл бул кыйроо дагы ошондой болуп калышын каалаган жок.

Бул маселени коомчулукка жарыялоо үчүн телеканалдарга интервью берген. Буга чейин ал социалдык тармактарды колдонгонду жакшы билчү эмес, бул каргашалуу окуядан кийин инстаграмга баракча ачып, башка каза болгон адамдардын жакындарынан, курулуш тармагындагы эксперттерден “Эзгинин” кыйрашы тууралуу маалыматтарды топтой баштаган.

Нургүл прокурорлор имараттын алгач кандайча курулганын ачык булактардан чогултса болмок деп баса белгилейт. Ал кыйроого күнөөлүү тараптардын баары жазаланышына ынангысы келип, имаратты реконструкциялоо жана калыбына келтирүү иштери кандай жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат чогултууга басым жасады.

Прокуратура 2023-жылдын июль айында даяр болгон “Эзги” имаратынын кулашы боюнча иликтөө иштерин баштап, экспертиза дайындаган. Анын негизин Нургүлдун көрсөтмөсү түзгөн.

Отчетто эмне деп айтылган?

Отчеттун жыйынтыгында, имараттагы өзгөртүүлөр мыйзамсыз жана курулуш эрежелерин бузуу менен жасалган.

Стамбул техникалык университетинин курулуш факультетинин доценти, доктор Бейза Ташкин Би-Би-Сиге билдиргендей, коңшу имараттардын аман калганы “Эзгиде” олуттуу структуралык көйгөйлөр бар экенин көрсөтүп турат.

Имараттын негизги элементтери башында эле жакшы тургузулган эмес же кийинчерээк өзгөртүлгөн.

Расмий лабороториялык изилдөөлөр дагы кээ бир курулуш материалдар жана курулуш иштери тиешелүү нормаларга дал келбей тургандыгын көрсөттү.

“Эзги” имаратынын урандыларынын үстүнөн көрүнүшү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Эзги” имаратынын урандыларынын үстүнөн көрүнүшү

Биринчи кабаттагы кафе

“Эзгинин” кыйрашынан кийин биринчи кабатта реконструкция кылган кафеге суроолор жаралды.

Реконструкция үч өзүнчө, чоң бөлмөлөрдү бириктирүүдөн турган. Мындан тышкары кафеге полдун бир бөлүгүн алуу менен кызматтык лифт орнотулуп, дубалдарына желдетүү үчүн көптөгөн чоң тешиктер жасалган.

2021-жылы “Эзгинин” жашоочулары оңдоо иштери имараттын бүтүндүгүн бузду деп кооптонуп, текшерүү жүргүзүүнү суранып, жергиликтүү бийликке кайрылуу жолдошкон. Кайрылууга далай киши кол койгон.

Жоопто “баштапкы архитектуралык долбоорго салыштырмалуу эч кандай кемчиликтер табылган жок” деп жазылган.

Эми Нургүл эмне үчүн жардам чакырыгына көңүл бурулбай калганына таң калып, “бийлик жооп жазганга чейин имаратты текшерип көрүштүбү?” деп суроо салат.

Отчет былтыр жайында жарыялангандан кийин прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Биринчи кабаттагы кафенин интерьер дизайнери жана имараттын курулушуна жооптуу инженер 2023-жылдын сентябрь айында камакка алынып, сот ишин күтүп жатышат.

Курулуш подрядчысына да камакка алуу ордери берилген, бирок анын жашы улгайып калгандыктан, аткарылган эмес.

Ал кишинин жактоочусу анын кардары имараттын кыйрашына күнөөлүү деген дооматтарды четке кагып, кайра куруу иштерин айыптады. Биздин кошумча билдирүү берүү өтүнүчүбүзгө адвокат азырынча жооп бере элек.

Прокурор кафе ээлерин камоого уруксат берген. Алар азыр качып, эркиндикте жүрүшөт. Өткөн жылдын сентябрь айында алар социалдык тармактарда биринчи кабатты оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө курулуш эрежелерин бузбагандарын жарыялашкан.

Жергиликтүү бийлик азырынча суракка чакырыла элек. Биз Түркиянын Ички иштер министрлигине да байланышып, кырдаал боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен кайрылдык, бирок азырынча жооп ала элекпиз.

Эзгинин жанындагы эле үйлөр кыйрабай туруштук берген. Кыйраган үй графика менен көрсөтүлдү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эзгинин жанындагы эле үйлөр кыйрабай туруштук берген. Кыйраган үй графика менен көрсөтүлдү

“Эзгинин” мурасы

Эзгинин кыйрашына байланыштуу камакка алуулар жана кылмыш иштери жаңылык деле эмес – Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарында бузулган курулуштарга жана мыйзамсыз реконструкцияларга байланыштуу ондогон иштер козголгон.

Өткөн жылдын июль айында Түркиянын Юстиция министрлиги бул иштер боюнча тергөөнүн алкагында 350дөн ашуун адам камакка алынганын билдирген.

Нургүл өз алдынча изилдөө жүргүзүп жатып, курулуш нормалары жана курулуш инженериясы боюнча билимин, ошондой эле ачык булактардан маалыматтарды чогултуунун ыкмаларын үйрөнүп, бул боюнча башкаларга да жардам берди.

Нургүл уулу жана анын үй-бүлөсү жашаган имараттын бузулушуна күнөөлүүлөрдү сөзсүз таап, келечекте эч ким курулуш нормаларын бузбай куруусун каалай турганын айтат.

"Балким, Эзгинин аркасы менен мындай окуя кайталанбайт, мен бул ишти аларга үлгү катары көрсөтүү үчүн күрөшүп жатам", - дейт ал.