Дүйнөлүк экономикага миллиарддаган чыгым алып келген тиреш

Сүрөттүн булагы, AFP
Кытай менен АКШ бир жарым жылга созулган соода согушунан дүйнөлүк экономика миллиарддаган чыгым тартты. Эки өлкө соода согушун токтотуп, келишимге жетүү боюнча макулдашканын айтууда.
АКШ президенти Дональд Трамп бул келишимди жеңиш катары санап, атаандашы багынып бергендей кабыл алды. Кытай тарап эч кандай билдирүү жасаган жок.
Келишимге жетишкени тууралуу жарыя айтылганы менен тараптар буга кол коюша элек. Январда кол коюлат деп күтүлүүдө. Буга чейин дагы Трамп менен Кытай ортосундагы бул сыяктуу келишимдер акыркы баскычтарында бузулуп кеткен учурлары болгон.
Келишимде эмне каралганы ачык айтыла элек. Америкалыктардын айтымында, Кытай америкалык товарларды сатып алууну жана кызмат көрсөтүүнү алдыдагы эки жылда көбөйтмөк болду. Буга жооп кылып Америка кытайлык импортко болгон кошумча бажы салыгын төмөндөтөт.
Бирок негизги талаштуу суроолор чечилбеген бойдон калды. Кытай интеллектуалдык менчикти коргоо жана валюта курсуна манипуляция кылуудан баш тартуу, каржылык кызмат көрсөткөн базарды либералдаштыруу сыяктуу милдеттенмелерди алды.
Негизги көйгөй - америкалык технологияны уурдоо жана Бээжиндин кытайлык компанияларга субсидиясы тууралуу сөз болгон эмес. Бул жагдай соода согушу дагы уланышы мүмкүн дегенге толук негиз болуп берет.
Трамп бийликке келгенден бери АКШнын негизги соода өнөктөрүнүн баары менен тирешти: Түндүк Америкадагы коңшулары, Евробиримдик, Кытай. Дүйнөлүк валюта корунун эсептөөсүндө, бул тирештин дүйнөлүк чыгымы 700 млрд доллар болду.
Кытай менен макулдашуу болгонун Трамп бир нече твити менен сүйүнчүлөдү.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
"Кытай менен келишимдин эң ири биринчи баскычын макулдаштык,-деп жазды Трамп. -Биз 2020-жылдагы шайлоону күтпөй эле тез аранын ичинде экинчи баскычтагы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайбыз. Бул келишим баарыбыз үчүн эң мыкты болду. Чоң ыракмат!".
Бээжиндин чегинүүлөрүнө жооп кылып Трамп 15-декабрдан тарта жылына 160 млрд. доллар көлөмүндөгү кытай импортуна кошумча салык киргизүү боюнча опузасынан баш тарткан. Андан сырткары АКШ 120 млрд. кытай товарына 15 пайыздык кошумча салыкты эки эсеге кыскартуу боюнча убада берди.
Ал эми 250 млрд доллар импортко болгон 25 пайыздык тариф күчүндө калат.
Трамптын айтымында, Кытай 200 млрд доллардын жарымын (жылына 50 млрд) америкалык фермерлерден айыл чарба продукциясын сатып алууга жумшайт. Соода тиреши америкалык фермерлерге өзгөчө сокку болгон эле.
Кытай тарап күрүч, жүгөрү, буудай сатып алууну көбөйтүүгө каршы эмес. Бирок кымбат баада эмес, дүйнөлүк баа менен гана алууга макул экенин билдирген. Эгерде арзан баада башка тараптан таап алса, анда америкалыктардан алуудан баш тарта ала турганын айткан. Кытай тарап өздөрүнө келишимдик милдеттенмелерди алган эмес.

Сүрөттүн булагы, AFP
Соода согушуна чейин Кытай жылына 24 млрд долларга чейин америкалык айыл чарба продукцияларын сатып алып турган.
"Америка соода согушунда 300 миң жумуш ордунан айрылды. Мунун кайрымжысы катары Кытай бул келишимде өзүнө нөл милдеттенме алды",-деп жазды Twitter баракчасына сенатор-демократ Крис Мерфи.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
Демократтар бул согуштагы тактиканы сынга алышы мүмкүн. Бирок алар Бээжинди эрежелерди өзгөртүп, интеллектуалдык менчикти уурдоого каршы турууга аргасыз кылуу максаты менен макул. Ансыз АКШ өзүнүн дүйнөдөгү технологиялык жана экономикалык үстөмдүгүн жоготот. "Блумберг" белгилегендей, Трамптын башкаруусу учурунда америкалыктардын түшүнүгүнө Кытайдын образы душман сыяктуу калыптанып калды. Шайлоонун алдында бир дагы талапкер эгерде шайлоону жеңип чыкса, кытай товарына болгон салыкты алып салам дегенге дааган жок.
Кытай тарап дагы чыгым тартып, экономикасы басаңдады. Бирок ошого карабастан, бир жолу дагы чегинүүгө барган жок. Чыдоого даяр экенин көрсөтүп келүүдө.

Сүрөттүн булагы, AFP
Соода согушу
Өткөн жылы дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон бул өлкөлөр ортосунда 600 млрд доллар көлөмүндөгү сооданын талашы ырбап кеткен.
АКШнын лидери Трамп "соода тармагындагы мазактоого мындан ары чыдай албайбыз. Биз ага жол бербейбиз" деп кайрылуу жасаганына бир ай өткөндөн кийин, Вашингтон Кытайдын 3 миллиард доллар импортуна олчойгон салык салып, Бээжиндин реакциясын байкап көргөн. Кытайдын жообу дагы АКШдан кем болгон эмес.
Дональд Трамп АКШ-Кытай ортосундагы соода дефицитин азайтууну көздөйт. АКШ жылына 500 млрд долларга кытай товарларын сатып алат, ал эми Кытайдын өзүнө кайра сатканы 130 млрд долларды түзөт. Трамп мындай чоң айырма кытай бийлигинин өздөрүнүн экономикасын катуу кармаган "уятсыз саясатынын" айынан болуп жатат деген пикирде.
Ошондой эле Вашингтон Кытай америкалык компаниялардын интеллектуалдык менчигин уурдап жатат деп айыптоодо. Кошмо Штаттарынын компаниялары Кытайда иш алып баруу үчүн жергиликтүү компаниялары менен биргелешкен ишкана түзүүгө милдеттүү. Бул талаптан улам кытайлык компаниялар чет элдик ишканалардын технологиясын алып жатат дейт АКШ.
Кытай жетекчиси үчүн бул талашта жемин жедирип жиберүү - намыстын эле иши эмес, он жылдыктын эң ири долбоору болгон "Made in China 2025" стратегиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Бул долбоорго ылайык, Кытай роботтехника менен таза энергиядан баштап жогорку технологиянын он орчундуу тармагында Батышты кууп жетейин деп келет. Америкалык технология менен кооперациясыз бул ишти аткаруу кыйын болот. Дал ошол себептен Кытай экономикалык түзүлүшүн өзгөртпөйт дейт талдоочулар. (AbA)













