
Бирмингэмде Малаланын жанында болууга атасы Зияуддин, апасы Туурпекай жана инилери Кушал, Атул да келишкен.
Пакистанда Талибан өкүлдөрү кол салып, башына ок жеген өспүрүм кыз Бас Малала Юсуфзай Британиядагы ооруканадан чыкты. Доктурлардын айтымында, Юсуфзай үй-бүлөсү менен бирге Англиядагы убактылуу үйдө жашап, дарылануусун улантат.
Пакистандык кыздын баш сөөгүн калыбына келтирүү үчүн дагы операция жасалышы пландалган. Өз өлкөсүндө кыздарга билим берүү үчүн өнөктүк жүргүзгөн жаш активист кызга былтыр октябрь айында кол салуу болуп, Пакистанда жана дүйнөнүн көптөгөн башка аймактарында Бас коомдук нааразылыкты пайда кылган.
Он миңдеген кишилер Малала Юсуфзайга Нобель сыйлыгын ыйгарууну сунуштаган петицияга кол коюшкан.
15 жаштагы Малалага ок атылгандан кийин Улуу Британиянын Бирмингэм шаарындагы Queen Elizabeth ооруканасына октябрь айында алынып келинген. Өткөн жылдын 9-октябрында Пакистандын түндүк-батышындагы Суат аймагында мектептен кайтып келе жаткан Малалага унаачан талибан ок атып, башынан жана көкүрөгүнөн катуу жаракат алган.
Бирмингэмге анын жанында болууга атасы Зияуддин, апасы Туурпекай жана инилери Кушал, Атул да келишкен.
Аталган оорукананын дарыгерлери кыздын абалы жакшы экенин кабарлашты. Ага эми кайрадан бетин оңдоо үчүн февралда операция жасалмакчы.

Пакистандык кыздын баш сөөгүн калыбына келтирүү үчүн дагы операция жасалат.
Бирмингэм ооруканасынын жетекчиси, Др. Дейв Россер: Малала абдан күчтүү жаш кыз. Ал өзүн караган адамдарга абдан чоң жардам берди, айыгып кетүүсү үчүн бүт аракетин жумшады. Мындан ары үйдө инилери жана ата-энеси менен чогуу болуп, дарылануусун уланталы деген чечим чыгардык. Ооруканага мезгил-мезгили менен келип турат. Биздин кызматкерлерибиз үйүнө барып да жардам беришет, - деди.
Малала Би-Би-Синин Урду тилиндеги кызматына 11 жашынан баштап 2009-жылы талибдер анын Мингора шаарындагы мектебин жабууга кылган аракетин күндөлүк блог катары жазып жиберип турган.
Пакистандын президенти Асиф Али Зардари 8-декабрда Малаланы ооруканага сурап барып, дарыланууга кеткен чыгымды мамлекет көтөрөрүн билдирген эле.
Шаршемби күнү Пакистан расмийлери кыздын атасына Бирмингэмден жумуш берилгенин маалымдашты. Юсуфзай мырза Пакистандын Британиядагы консулдугунда үч жылдык мөөнөт менен билим берүү кеңешчиси болуп дайындалды.




