
Кыздарга билим берүүну жактагандыгы үчүн таанылган Малала учурда Равалпиндиде аскердик госпиталда дарыланууда.
Пакистанда жума намаз күнү мектептерде, мечиттерде жана кеңселерде талибдердин огунан жарадар болгон Малала Юсуфзайга арналган сыйынуулар болуп өттү. Шейшемби күнү 14 жаштагы кыз мектептен кайтып келатканда талиб согушкери аны башка аткан эле.
Карачи калаасындагы мектептин кызматкери Лубна Вакиил бул күнү окуучулар Малала үчүн тилек кылышканын айтууда.
"Малала Юсуфзайдын абалы оор болгондуктан, анын айыгып кетишин тиледик. Бардык балдар анын тезиреек сакайып кетиши үчүн дуба кылышы керек деп ойлойбуз", - деди Карачидеги мектеп кызматкери.
Кыздарга билим берүүну жактагандыгы үчүн таанылган Малала учурда Равалпиндиде аскердик госпиталда дарыланууда. Клиникага өлкөнүн премьер-министри келип кетти.
Аскердик госпиталдын өкүлү Малаланын абалы учурда канааттандыраарлык деп билдирди. Ага ок атылган күндөн бери мектептерде окуучулар чогулуп, 14 жаштагы активисттин айыгып кетишин тилешүүдө.
Пакистандын коомчулугу кыздарга билим берүүнү жактаган жаш кызга ок атылган окуяны айыптап, маалымат каражаттары Малала тууралуу макалаларды жарыялоодо. Бул окуя Пакистандагы талибдердин бетине чүркөө болду, кыймылдын аброюна шек келтирилди деп айтылууда.

"Малалага ок атуу Пакистанды ойгото турган окуя болду", - деди тышкы иштер министри Хина Раббани.
Бирок талиб кыймылы мындай сын пикирлерге моюн сунбастан, Малала тууралуу тынбай кабарлаган маалымат каражаттарын коркуткан билдирүүсүн таркатты. Талибдердин Ихсанулла Ихсан атуу өкүлү журналисттер талибан кыймылына каршы, Ислам динине каршы өнөктүк жүргүзүп жатат деп айыптады.
"Маалымат каражаттарына каршы чабуулдар жасалбайт деген саясатыбызды өзгөртөбүз", - деди ал. Пакистандын премьер-министри Ража Первез Ашраф кыз дарыланып жаткан госпиталга барып, башка саясий ишмерлерди да тилектештик билдирүүгө үндөдү.
"Малалага ок атуу Пакистанды ойгото турган окуя болду", - деди тышкы иштер министри Хина Раббани.




