BBC

BBC navigation

Пакистандык окуучу кыздын күндөлүгү

Соңку жаңыланышы: 10-октябрь, 2012 - 12:09 GMT
Малала Юсуфзайдын бул күндөлүгү 2009-жылдын 19-январында жашыруун ат менен жарыяланган.

Малала Юсуфзайдын бул күндөлүгү 2009-жылдын 19-январында жашыруун ат менен жарыяланган.

Пакистандын түндүк-батышындагы кооптуу деп саналган Сваттагы менчик мектеп Талибдер кыздардын билим алуусуна каршы чыкканынан улам жабылган. Шариат жолу менен гана билим алыш керек деген максатты көздөгөн согушчандардын айынан өткөн жылы 150дөй мектеп өз ишин токтоткон. Дагы беш мектеп мамлекет тарабынан корголгонуна карабай дүйшөмбү күнү жабылды. Төмөндө жетинчи класстагы Сват кыздар мектебинин окуучусу мындай аракеттердин классташтарына болгон таасири тууралуу күндөлүгү берилди. Күндөлүк Би-Би-Си Урду кызматынын Интернет сайтына жарыяланган.

Малала Юсуфзайдын бул күндөлүгү 2009-жылдын 19-январында жашыруун ат менен жарыяланган.

Бейшемби, 15-январь. Түнү бою замбирек атылып чыкты

Бул түнү замбирек тынбай атылып чыкты, мен үч жолу ойгондум. Бирок мектепке барбай калгандан бери кеч, саат ондордо туруп жатам. Күндүз досторум келишип, үй-тапшырмаларды талкууладык.

Бүгүн 15-январь, Талибандардын талабы ишке ашкан акыркы күн. Досторум болсо эч нерсе болбогондой эле үй-тапшырманы сүйлөшүп отуршту.

Бүгүн мен Би-Би-Сиге (Урду кызматы) жана гезитке чыккан күндөлүгүмдү окудум. Апам “Гүл Макай” деген лакап атымды жактырып, атама “Кызымдын атын Гүл Макай деп өзгөртсөкпү”, - деп койот. Мен да бул атты жактырдым, анткени өзүмдүн атымдын мааниси - “азап тарткан”.

Атам бир нече күн мурда бирөөлөр менин күндөлүгүмдү кагазга чыгарып келип, абдан мактаганын айтты. Атам жөн эле күлүп коюптур, муну кызы жазганын айтканга батынбаптыр.

Шаршемби, 14-январь. Мектепке дагы барбайт окшойм

Мектепке бара жатканда маанайым аябай чөктү, анткени кышкы тыныгуулар эртең башталат. Деректир каникул тууралуу айтып, бирок мектеп кайра качан ачыларын билдирген жок. Мындай нерсе биринчи жолу болуп жатат.

Мурда каникул бүтө турган күн ар дайым белгилүү болчу. Деректир мектептин кайрадан ачылбастыгынын себебин айтпаса деле түшүндүм. Менимче бул Талибандар 15-январдан тарта кыздардын билим алуусуна тыюу салганына байланыштуу.

Пакистандык өспүрүм кыздар Малаланын сакайып кетишин тилеп, дуба кылышууда.

Пакистандык өспүрүм кыздар Малаланын сакайып кетишин тилеп, дуба кылышууда.

Бул ирээт кыздар каникулга чыгабыз деп кубанган деле жок. Анткени алар Талибандардын айынан кайра мектепке кайтып келбей калабызбы деп ойлонушууда. Айрым кыздар оптимист болушуп, мектеп февралда эле кайра ачылса керек дешет, бирок кээ бирлери билим алыш үчүн ата-энеси Сваттан башка жакка көчөбүз деп жатканын айтышты.

Мектептин акыркы күнүндө аянтта көбүрөөк ойноп алалы дедик. Мен мектеп кайра ачылып кайтып келүүнү самайм, бирок имаратты карап туруп, келбей каламбы деп да чочулап жатам.

Жума, 9-январь, Маулана кетип жатабы?

Бүгүн мектепте досторума Бунайрга барганым тууралуу айтым бердим. Алар Бунайр баянын уга бергенден аябай тажадык дешет. Биз ФМ радиодон сүйлөп турчу Маулана Шах Дауран өлүп калыптыр деген ушакты талкууладык. Ал кыздар мектепке барбасын деп жар салып чыккандардын алгачкысы эле.

Кыздардын кээ бири Маулана өлүп калыптыр десе, айрымдары буга макул эмес. Бул кишинин өлүмү тууралуу ушак радиодон сүйлөбөй калганда таркап кетти. Бир кыз болсо ал башка жакка кеткенин айтты.

Жума күнү сабак жок, түштүн кийин кечке ойнодум. Телевизорду коюп, Лахордогу жарылууну тууралуу уктум. Өзүмдөн эмнеге ушундай жарылуулар Пакистанда дагы деле улана берет деп сурадым.

Шаршемби, 7-январь, Атышуу да, коркуу да жок!

Мухаррам (мусулмандардын майрамы) каникулун өткөрүү үчүн Бунайрга келдим. Бунайрдын тоолору жана жашыл талааларын аябай жакшы көрөм. Сватым да кооз, бирок ал жакты тынчтык жок. Биякта болсо атышуу да, коркуу да жок. Баарыбыз бактылуубуз.

Бүшүн Пир Баба көрүстөнүнө бардык, киши аябай көп экен. Ал жакта жоолук, сөйкө сыяктуу майда-чүйдө кооз буюмдарды саткан дүкөндөр бар. Бирдеме сатып алсамбы деп, эчтеке жакпай койду. Апам сөйкө, билерик алды.

Дүйшөмбү, 5-январь. Түстүү көйнөктөрдү кийбе

Мектепке барайын деп, формамды кийгени жаткам. Бирок деректирибиздин форма кийбей, өз кийимдер менен келгиле деген эскертүүсүн эстедим. Ошентип өзүм жакшы көргөн күлгүн көйнөгүмдү кийдим. Башка кыздар да түстүү кийинип келишиптир, мектеп үйдөй көрүнүп калды.

Досум менден: “Кудай үчүн айтсаң мага, биздин мектептерге Табилдер кол салбайбы?” – деп сурады. Эртең мененки чогулушта мугалимдер бизди түстүү көйнөк кийбегиле деп эскертишти. Анткени Талибдерге бута болуп калышыбыз мүмкүн экен.

Мектептен келгенде, түшкү тамактан кийин сабак кылдым. Телевизорду коюп, Шакардада коменданттык убакыт 15 күндөн кийин токторун уктум. Аябай сүйүндүм. Эми биздин англис тили мугалимибиз сабакка келе алат.

Жекшемби, 4-январь. Мектепке барышым керек

Бүгүн дем алыш, эртең менен саат ондордо турдум. Атам Грин Чоукта (көчө) үч адамдын жансыз денеси жатканын айтканын уктум. Муну укканда жаман болдум. Аскердик операциялардан мурда биз Маргазар, Физа Гат, Канжуга дем алышта эс алганы барып турчубуз. Эми абал багкача болуп, бир жарым жылдан бери эс алууга чыкпай калдык.

Биз мурда кечки тамактан кийин сыртта басып жүрчү элек, азыр болсо күн баткыча үйгө кайтышыбыз керек. Бүгүн үй жыйнап, тапшырмаларымды аткарып, иним менен ойнодум. Бирок эртең мектепке барам дегенди эстегенде жүрөгүм тез-тез кагып жатты.

Ишемби, 3-январь. Коркуп жатам

Түндө аскердик тик учактар, Талибандар менен аралашкан аябай коркунучтуу түш көрдүм. Ушундай жаман түштөрдү Сватта согуштук операциялар башталгандан бери көп көрөм. Апам тамак бергенден кийин мектепке бардым. Мектепке баратканда чочулап жаткам, анткени Талибандар кыздардын билим алуусуна тыюу салып жатышат.

27 окуучудан он бирибиз эле сабакка келдик. Талибандардын тыюусунан улам ушинтип азайып кетишти. Ушунун айынан менин үч досум үй-бүлөсү менен Пешавар, Лахор, Равалпиндиге көчүүгө аргасыз болду.

Үйгө кайтып келе жатканда аркаман бир кишинин “Сени өлтүрөм” деп айтканын уктум. Бат-баттан басып, узап кеткенден кийин артымды карасам киши дагы деле мени ээрчип келе жатыптыр. Бирок ал уюлдук телефону менен сүйлөшүп жатканын көрүп эс ала түштүм. Балким ал жаман сөздөрдү маектешине айткандыр деп ойлодум.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.

]]>