Газадагы согуш: Израиль аскери Жабалияга кайра кирди, палестиндиктер качты

Сүрөттүн булагы, Anadolu
- Author, Дэвид Гриттен
- Role, BBC News
Бул жактан качып чыккан адамдар ишембиден бери катуу аткылоого алынган Жабалиядагы качкындар лагерин көздөй танктар баратканын көргөнүн айтышты.
Палестиналык куралдуу топтор да лагерде аскерлер менен согушуп жатканын билдиришти.
БУУ чабуул башталган бир аптадан бери өлкөнүн түштүгүндө 360,000 адам Рафахты таштап кеткенин билдирди.
Израилдин аскери миллиондон ашык палестиналык баш паанек тапкан шаардын чыгыш бөлүгүнөн элди эвакуациялоого буйрук берди.
Жекшемби күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге РАФАХТАГЫ чабуул ХАМАСты жок кылбай эле кайра "анархияны" курчутушу мүмкүн деп эскертти.
Январь айында армия ал жердеги ХАМАС батальондорун "жок кылдык" деп айткандан кийин түндүктөгү операциялар токтогон. Бирок ал жакта бийлик көзөмөлү жок болгон себептүү, ХАМАСТЫН күчтөрү кайра бат эле топтолуп калыбына келди.
Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысынын айтымында, кыйраган аймакта калган 300,000 ге жакын адам жардам жетпей, "толук ачарчылыкка" дуушар болгон турат.
Дүйшөмбү күнү эртең менен Жабалиядан жөө качып бара жатканы видеого тартылган тургундар бул аймакка танктар келе жатканын көргөндөн кийин кете баштаганын айтышты.
"Биз кайда барарыбызды билбейбиз. Бизди бир жерден экинчи жерге көчүрүп жатышат", - деди маалымат агенттигине бир аял. "Биз көчөдөн көчөгө качып атабыз. Мен муну өз көзүм менен көрдүм. Мен танк менен бульдозерди көрдүм".
Израилдин аскерлери ХАМАСтын күчү топтолгон аймактарга кайтып келгенден кийин Газанын түндүгүндөгү Жабалияда катуу салгылашуулар болгону кабарланды.

Израил, Британия, АКШ жана башка өлкөлөр террордук уюм катары тыюу салган ХАМАСтын аскер канаты жана Палестина ислам жихады, алардын согушкерлери Жабалия лагеринде жана анын айланасында израилдик күчтөргө миномет, танкка каршы ракета менен сокку урушканын билдирди.
Хамас менен байланышкан Safa маалымат агенттиги палестин куралдуу топтору менен Израилдин танктарынын ортосунда БУУ качкындарга баш калка катары колдонгон бир нече мектептин жанында кармашуулар болгонун кабарлады.
Палестинанын расмий маалымат агенттиги Wafa дүйшөмбүдө Израилдин Жабалия лагерине жасаган соккуларынан бир нече киши мерт болгонун билдирди.
Ал ошондой эле Жабалиядан 20 адамдын сөөгү табылып, аларды тез жардам бригадалары Бейт-Лахиядагы Камал Адван ооруканасына жеткиргенин да айтууда.
Израилдин коргоо армиясы (ЦАХАЛ) тарабынан эч кандай комментарий берилген жок.
Жекшемби күнү ЦАХАЛ Жабалиядагы операцияны "Хамастын террордук инфраструктурасы жана аймактагы согушкерлер кайрадан топтолгону тууралуу чалгын маалыматтарынын негизинде" баштаганын билдирди.
Бул жарандарга Газа шаарынын батыш бөлүгүнө эвакуация болууга буйрук берилгенден кийин болду.
ЦАХАЛ ошондой эле Газа шаарынын чыгышындагы Зейтун аймагында "террористтерди жок кылуу жана террористтик инфраструктураны талкалоо" аракеттери жүрүп жатканын айтты.
Safa маалымат агенттигинин билдирүүсүнө караганда, дүйшөмбү күнү эртең менен Зейтунга Израилдин артиллериясы сокку урду.
БУУнун палестиналык качкындар боюнча агенттиги бомбалоо жана эвакуация жөнүндө буйруктар Газанын түндүгүндөгү "миңдеген үй-бүлөлөрдү жер которууга мажбурлап, азапка чырмаганын билдирди.
Unrwa ошондой эле жабыр тарткан жарандар, өткөн аптада Рафахтан кеткен 360 000дей адам сыяктуу эле "бара турган коопсуз жери жок" деп эскертти.
Газадагы жети айлык согуштан кийин Израиль Рафахты алып, Хамастын акыркы калган батальондорун жок кылмайынча жеңишке жетүү мүмкүн эмес деп ырастайт. Бирок БУУ жана Батыш өлкөлөрү согуштук операция жарандык жоготууларга жана гуманитардык кырсыкка алып келиши мүмкүн деп эскертишүүдө.

Сүрөттүн булагы, Anadolu
Өткөн дүйшөмбү күнү ЦАХАЛ Чыгыш Рафахта "ХАМАСка каршы операцияны" баштаганын айткандан бери Рафахта кымгуут башталды.
Ишембиде тургундарды шаардын чыгыш бөлүгүнөн жана борборуна жакын аймактан чыгып кетүүгө үндөгөн баракчалар ташталды.
Батыш Рафахта жайгашкан Unrwa агенттигинин директорунун орун басары Скотт Андерсон Би-Би-Сиге дүйшөмбү күнү Израилдин операциясы Рафах аркылуу өткөн жолдун үчтөн бир бөлүгүнө чейин созулуп, эски шаарды кошо камтыганын билдирди.
Ал жардыруулар менен аба соккуларын укканын жана согуш Рафахтагы качкындар лагериндеги ооруканалардын жана башка көптөгөн объектилердин ишине таасир эткенин айтты.
Палестиналык маалымат каражаттары дүйшөмбү күнү Израилдин лагердин түштүк-чыгышында жайгашкан Бразил районундагы үйгө абадан урган соккусунан төрт киши курман болгонун, анын бирөө бала болгонун жазышты.
Хамастын аскер канаты да Рафахтын чыгышындагы Израил күчтөрүнө сокку урганын билдирүүдө.
Эвакуация буйругуна баш ийбеген борбордук жана батыш жакта баш калкалаган көптөгөн адамдар Израилдин операциясы жакында масштабдуу чабуулга айланып кетет деп коркуп, бул аймакты таштап кетип жатат.
Эки баланын энеси Гада эль-Курд Би-Би-Сиге дүйшөмбү күнү жакында Газанын борбордук районундагы Дейр-эль-Балга качып кеткенин билдирип, бул согуштун убагында жетинчи жолу үйүн таштоого аргасыз болгонун айтты.
Ал Дейр-эль-Балахтын көчөлөрү "акыр-чикирге толуп", үйлөр менен инфраструктура талкаланганын белгилеп, кесепеттин масштабы "Рафахтагыдай эмес, абдан чоң",- дейт.
"Менин го үйүм бар, бирок башкалар чатырда жашап, ысыктан, суу менен тамак-аш жетпей кыйналууда",-деди.
Дейр эль-Балах - бул ЦАХАЛ жарыя кылган "кеңейтилген гуманитардык аймактын" бир бөлүгү, ал Аль-Маваси жээк тилкесинен түндүккө карай Хан-Юнис шаарына жана Газанын орто районуна чейин созулат.
Израилдин коргоо армиясы эвакуациялангандарга талаа госпиталдары, чатырлар жана гуманитардык жардам бар деп билдирди, бирок Скот Андерсон ал жерде керектүү инфраструктура жок экенин айтты.
"Бул Хан-Юниске көчүп келгендердин жашоосуна абдан окшош... Алар бир нече ай мурун болгон израилдик операциядан дагы эле оңоло элек".
Андерсон ошондой эле Израилди жана ХАМАСты БУУнун жүк ташуучу унааларына Израил менен жакын жердеги Керем Шалом чек ара бекетине коопсуз кирүүгө жана чыгууга мүмкүндүк бере турган "туруктуу коридорду" түзүүгө макул болууга үндөдү.
Израил төрт израилдик жоокердин өмүрүн алган Хамастын ракеталык чабуулунан кийин төрт күнгө жабылган чек арадагы өткөрмө бекетти кайра ачканын билдирди. Бирок БУУ Чыгыш Рафахтагы согуштан улам жардам жеткирүү өтө кооптуу болуп жатканын айтты.
Өткөн шейшембиде Израиль аскери Палестина тарапты толук көзөмөлгө алгандыктан, Египет менен Рафахты байланыштырган чек ара бекети да жабылды.
Жекшемби күнү тараткан билдирүүсүндө ХАМАС Израилди "Газа тилкесинин аймактарында ырайымсыз кыргынды күчөттү" деп айыптады.
БУУнун билдиришинче, дүйшөмбү күнү Рафахта анын кызматкерлеринин бири курман болуп, дагы бири жаракат алган. Ал экөө тең БУУнун күзөт жана коопсуздук департаментинде (UNDSS) иштеген кызматкер болгон.
БУУнун Баш катчысынын өкүлүнүн билдирүүсүндө: "Баш катчы БУУнун кызматкерлерине жасалган бардык кол салууларды айыптайт жана толук иликтөөгө чакырат", -деп айтылат. БУУ кол салууга ким жооптуу экенин тактап айткан жок.
Израилдин коргоо армиясы дүйшөмбүдө Рафах районунда эки кызматкери жаракат алганы тууралуу UNDSS'тен билдирүү алганын ырастады.
Анда мындай деп айтылат: "жүргүзүлгөн алгачкы иликтөө машинанын активдүү согуш зонасы деп жарыяланган аймакта согулганын көрсөттү. ЦАХАЛГА унаанын маршруту тууралуу маалымат берилген эмес".
ЦАХАЛ алган билдирүүгө ылайык, UNDSS кызматкери Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарына жакын жердеги европалык ооруканада дарыланып жаткан болчу.
Ал арада АКШ президенти Жо Байдендин улуттук коопсуздук боюнча башкы өкүлү Джек Салливан Газа тилкесинде болуп жаткан окуяларды геноцид деп эсептебей турганын журналисттерге билдирди.
Бирок, ал АКШ "Израиль бейкүнөө жарандардын коопсуздугун жана бейкуттугун камсыз кылуу үчүн дагы көп нерсени жасай алат жана жасашы керек" деп эсептерин кошумчалады.
ХАМАС 7-октябрда Израилге кол салып, 1200дөй киши курман болуп, 252 адам барымтага алынгандан кийин, ЦАХАЛ Газа тилкесинде аскердик өнөктүк баштаган.
Хамас башкарган бул аймактын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Газа тилкесиндеги согуштан андан бери 35 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (МА)




