Түштүк Кореянын аялдары эмнеге төрөбөй жатат?

Yejin and her friends in her apartment

Сүрөттүн булагы, Jean Chung

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Кореяда төрөлүү деңгээли абдан төмөн жана жылдан жылга түшүп баратат
    • Author, Жин Маккензи
    • Role, Би-Би-Си, Сеул

Жаанчыл күндөрдүн биринде Сеулдун чет жакасында жалгыз жашаган Еджин өзүнүн үйүнө досторун чакырып, дасторкон жайды.

Коноктор тамак ичкиче, ал телефонундагы динозавр мемди ачат. "Сак бол",дейт динозавр. "Биздей болуп тукум курут болбогула".

Аялдар баары күлүп калышты.

«Бул күлкүлүү, бирок буга кайгырыш керек. Анткени, биз өзүбүздүн тукум курут болуп кетерибиздин себебин билебиз", —дейт Еджин, 30 жаштагы телевизиондук продюсер.

Ал дагы, анын достору дагы балалуу бололу деген ою жок. Алар баласыз жащоону тандаган аялдар коомунун өкүлдөрү.

Түштүк Кореяда төрөлүү эң төмөнкү деңгээлде жана жыл сайын ылдыйлап, рекорд коюп баратат.

Шаршембиде жарыяланган маалыматтарга караганда, 2023-жылы көрсөткүч 8 пайыздан 0,72 пайызга чейин кулады. Сеулда төрөлүү деңгээли - 0,55 - өлкөдөгү эң төмөнкү көрсөткүч.

Калктын саны туруктуу болуш үчүн бул көрсөткүч кеминде 2,1 деңгээлинде болушу керек.

Эгер мындай тенденция сакталып кала бере турган болсо, Кореянын калкы 2100 -жылга карата эки эсе азаят.

«Улуттук өзгөчө кырдаал"

Yejin wants to leave South Korea

Сүрөттүн булагы, Jean Chung

Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн баарында төрөлүү деңгээли төмөндөөдө, бирок Түштүк Кореяда кескин түрдө түшүп кетти.

Демографиялык божомолдор көңүл чөгөрбой койбойт.

50 жылдан кийин эмгекке жарамдуу калктын саны эки эсе кыскарат, милдеттүү аскер кызматына бара тургандар 58% азаят, калктын тең жарымынын жашы 65тен жогору болот.

Мунун экономикага, пенсиялык камсыздандырууга, коопсуздукка кесепети тийбей койбойт, ошондуктан саясатчылар өлкөдөгү мындай кырдаалга коңгуроо кагып баштады.

Жыйырма жылдан бери улам бири келип алмашып жаткан өкмөттөр бул маселени чечүүгө 379,8 триллион вон (286 миллиард доллар) жумшашты.

Демографияны жакшыртууга жумшалган миллиарддар

Балдары бар жубайларга акча аяшкан жок: ай сайыын пособия, субсидиялык турак жай, акысыз такси. Оорукана жана ЭКО процедуралары да төлөнүп берилет, бирок никеси болуш керек.

Мындай финансы стимулдары иштебей койгондо, саясатчылар "чыгармачыл" жолдорун издей баштады. Түштүк-Чыгыш Азиядан бала багуучуларды чакырып, аларга акча төлөп, үч баласы бар эркектерди аскер кызматынан бошотушту.

Саясатчыларды жаштардын, айрыкча аялдардын тилине кирди деп көп тилдеп жатышат. А биз болсо аялдарды кепке тартып, алардын балалуу болуудан баш тартып жаткан себептерин сураштырдык.

Еджин социалдык нормаларга каршы чыгып, өзүнчө жашай баштаганда 20 жашта эле. Беш жыл мурда ал күйөөгө чыкпай дагы, балалуу болбой да коюуну чечти.

"Кореяда үйдөгү түйшүктү кошо көтөрүп, бала багууга жардам берейин деген эркек түгөйдү табуу кыйын, -дейт ал мага. - ал эми күйөөң жок туруп балалуу болсон, жакшы атың чыкпайт".

2022-жылы төрөлгөн балдардын 2% никеге турбаган аялдардан болду.

«Баш көтөртпөгөн жумуш»

Жеке турмушун эптегендин ордуна Еджин телевидениедеги карьерасына көңүл бурууну чечти. Бул кызмат баары бир бала багууга жетиштүү убакыт бермек эмес. Кореяда иш убактысы бир топ эле узак экени белгилүү.

Ал башкалардай эле саат тогуздан алтыга чейин иштейт, бирок адатта кечки сегизге чейин кеңседен чыкпайт. Кээде нормадан көп иш аткарышка туура келет. Үйүнө келгенде тегерегин жыйыштырып, уйку алдында көнүгүү жасаганга гана араң жетишет.

«Мен өзүмдүн ишимди сүйөм, мен андан канаат алам",-дейт ал. "Бирок Кореяда иштөө кыйын, ишке баш отуң менен киришпесең болбойт".

Еджин бош убактысында кесиптик даярдыгын чыңдаш үчүн кошумча окууга барат.

"Корейлерде азыр ушундай көз караш калыптанып калды, эгер сиз өзүңүздүн кесиптик деңгээлиңизди дайыма көтөрүп турбасаңыз, артты калып, четке сүрүлүп каласыз. Ушундан коркуп эки эселеп иштешке туура келет".

"Кээде дем алыш күндөрү тамчылатма дары куйдуруп, күч-кубат алып, дүйшөмбүдө ишке чыгам",-дейт ал дем алышта кадыресе кылып жүргөн ишин айтып жаткансып.

Ал көп аялдар эмгек өргүүсүн алып бала төрөгөндөн кийин ишке кайтып чыга албай калам деп коркуп жатканын айтат.

"Биз балалуу болгондо компания бизди иштен кетирүүнүн амалын таап, акырын кысым кыла баштайт",-дейт. Анын эжеси менен жаңылыктарды алып барган эки сүйүктүү алып баруучу кесиптештери ушундай болду.

«Мен аябай эле көп билем»

Кадрлар бөлүмүндө иштеген 28 жаштагы аял декреттик өргүүгө барып келген келиндер кызматтан кетүүгө аргасыз болгон же кызматтан көтөрүлбөй бир орунда калып калган учурларды көп көргөнүн, ошондуктан ал балалуу болуу оюн таштаганын айтып берди.

Stella in her classroom

Сүрөттүн булагы, Jean Chung

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Стелла анын жашоо образы балалуу болууга мүмкүндүк бербейт дейт

Эркектер да, аялдар да балалуу болгондон кийин биринчи сегиз жыл ичинде бир жылдык өргүү алганга укуктуу. Бирок 2022-жылы жаш аталардын 7% гана декреттик өргүү алган, ал эми бул көрсөткүч аялдарда - 70% .

Стелланын айтымында, анын жашоо образы балалуу болууга мүмкүндүк бербейт

Кореялык аялдар ОЭСР өлкөлөрүндө аялдар арасында эң билимдүү катары саналат, бирок ошого карабастан өлкөдө гендердик ажырым абдан чоң жана эркектерге караганда жумушсуз аялдардын саны жогору.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул аялдардын же жумушту, же үй-бүлөнү тандоого аргасыз болуп жатканынын далили. Аялдардын көбү жумушту тандоодо.

Элдин теңинен көбү баш калаа Сеулда жана анын чет жакасында жашайт. Жашоодогу чоң мүмкүнчүлүктөр ушул жакта, ошондуктан квартира менен ресурс үчүн күрөш катуу. Бул күрөштө Стелла менен анын күйөөсү баш калаадан бара-бара коңшулаш провинцияга сүрүлүп кетти, алардын азыркыга чейин үй-жайы жок.

Үй-жайдан сырткары билим алуунун да чыгымы бир топ.

Балдарды төрт жашынан тарта математика менен англис тилинен баштап музыка менен таэквондого чейин ар кыл кымбат жерлерден окутушка туура келет.

Overhead shot of the South Korean capital Seoul

Сүрөттүн булагы, Jean Chung

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Турак жайдын кымбаттыгынан көп үй-бүлөлөр балалуу боло албай калды

Бул жашоо практикасы абдан кеңири тараган, андан баш тартуу баланын келечегине балта чабууга барабар. Ошондуктан гиперконкуренттүү Кореяда баланын келечеги үчүн жан талашып баары жарышка түшөт. Бул дүйнөдөгү бала тарбиясы эң кымбат өлкөгө айланды.

2022-жылы болгон изилдөө ата-энелердин 2% гана жеке мектептерде окутууга акча төлөшпөгөнүн көрсөттү, ал эми 94% бул финансылык чоң жүк экенин айтышкан.

Ушундай мектептердин биринде иштеген Стелла муну жакшы билет. Анын айтымында, ата-энелер баланын окуусуна айына 890 доллардан төлөйт, бирок бул баарынын эле колунан келе бербейт.

"Эгер мындай сабактарга бербесе балдары артта калат",-дейт. "

Кээ бирөөлөр үчүн мындай жарыша окутуу аябай эле кымбатка түшөт.

A child in a cram school

Сүрөттүн булагы, Jean Chung

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Корей балдары төрт жашынан баштап эле ар кандай эртелеп өнүгүү окуусуна барышат

Мисалы, биз сүйлөшкөн келиндердин бири Минджи күйөөсү менен деңиз жээгиндеги Пусан шаарында жашайт. Ал балалуу болбой турганын ачык айткысы келбейт, ата-энеси угуп калса капа болорун айтат.

Ал өзүнүн балалыгы оор болгонун айтып берди.

"Мен бүт өмүрүмдө окуп келатам",-деди ал. Адегенде жакшы университетке өтүш керек болду, андан кийин мамлекеттик кызматчынын ордуна сынакка катышып ат салышты, эми болсо 28 жашында биринчи ишин тапты.

Ал өзүнүн балалык күндөрүн эскерип отурду, түнгө чейин калып окуган учурларын, математикага тиши өтпөй, жаттай берип жек көрүп калганын, сүрөтчү болуу кыялы кыйраган айтып жатты.

«Мен өзүмдүн кыялыма жетиш үчүн эмес, эл катарынан калбаш үчүн жарышып окууга туура келди",-дейт ал. "Кадимкидей алым куруп калчумун".

Азыр 32 жашка келгенде гана Минжи өзүн эркин сезип калды жана каалаган жагына басып тура алат. Саякаттаганды жана сууда сүзүп эс алганды жакшы көрөт.

Бирок анын турмуштагы эң чоң сабагы, ал башынан өткөргөн оорчулукту эми өзүнүн баласына ыраа көрбөйт.

«Корея — балдар бактылуу жашай ала турган өлкө эмес», — дейт ал. Анын күйөөсү балалуу болгусу келди, бул үчүн алар көп урушту, бирок акыры аялынын сөзүнө көндү.

Тэджон шаарында Чонён Чон жети жаштагы кызы менен төрт жаштагы уулун мектептен алып, жакын жердеги оюн аянтчаларында күйөөсүн күтүп отурат. Ал үйүнө уктаар маалда келген күнү сейрек.

"Мен балалуу болуп жатканда бул чечимге маани бербепмин, мен ишиме бат эле кайтып келем деп ойлогом",-дейт.

Депрессия - социалдык көрүнүш

Тэджон шаарында Чонён Чон жети жаштагы кызы менен төрт жаштагы уулун мектептен алып, жакын жердеги оюн аянтчаларында күйөөсүн күтүп отурат. Ал үйүнө уктаар маалда келген күнү сейрек.

"Мен балалуу болуп жатканда бул чечимге маани бербепмин, мен ишиме бат эле кайтып келем деп ойлогом",-дейт.

Бат эле социалдык жана финансылык түйшүктөр көбөйдү, бирок анын таң калганы, үйдөгү жүктүн баарын ал жалгыз көтөрүп калганы. Күйөөсү профсоюздук лидер, колу тийбейт, бала багууга менен үйдүн түйшүгүн жалныз анын мойнунда.

"Мен ушунчалык жиним келди",-дейт ал. "Мен жакшы билим алдым, аял менен эркектер тең болот деп окугам, ошондуктан мага чындыкты моюндаш кыйын болду".

Чонён ушундай көр тирликтин кыйынчылыгынан аялдар балалуу болуу бактысынан ажырап жатканына капа экенин айтат.

Jungyeon and her child at a playrgound

Сүрөттүн булагы, Jean Chung

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чонён аялдар жашоонун көр тирлигиндеги кыйынчылыктан улам балалуу болбой жатканына капа экенин айтууда

Соңку 50 жылда Кореянын экономикасы абдан ыкчам түрдө өнүктү, аялдарга жогорку билим алууга, иштегенге дем берди, бирок аял менен эненин ролу андай темп менен өзгөргөн жок.

Чонён өзүнүн эле эмес, башка аялдардын да турмушун көрүп көңүлү чөктү. "Бир баласын өстүрүп жаткан бир курбум депрессияда, жолдун аркы өйүзүндө жашаган дагы бир таанымышым депрессияда". Ошондо мен "Оо, бул социалдык көрүнүш турбайбы" деп бүтүм чыгардым".

Ал өзүнүн ойлорун жана таасирлерин сүрөткө тартып Интернетке чыгара баштады. "Менден түркүн тагдырлар агып жатты",-дейт ал. Бүт өлкөдөгү аялдар анын чыгармачылыгына кызыкты, эми Чонён үч комикс китептердин автору.

Jungyeon in the playground with her two children

Сүрөттүн булагы, Jean Chung

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чонён балдардын түйшүгүн жалгыз көтөрүүдө

Азыр ал кыжырдануу жана өкүнүү баскычынан өтүп калганын айтат. "Мен жөн гана бала тарбиясы тууралуу чындыкты көбүрөөк билгим келди жана энелер кандай көп иш кыла турганын көрсөткүм келди",-дейт. "Аялдар азыр балалуу болуудан баш тартып жатканынын себебин коркпой айта алат".

Ошол эле учурда Минжи эркиндик бар экенине шүгүр дейт. "Биз тандоо эркиндиги бар биринчи муунбуз. Мурда биздин баарыбыз балалуу болчубуз. Азыр бага албай турган болсок, балалуу болбой кое алабыз".

«Кайтып баргым келбейт»

Кореядагы жашоодон чарчаган Еджин Жаңы Зеландияга кетүүнү чечти. Ал кайсы өлкөлөр дендердик теңчилик жагынан алдыда экенин изилдеп көрүп, акыры ушул өлкөнү тандады.

«Бул аялдар менен эркектерге эмгек акы бирдей төлөнгөн жер»- дейт ал. «Ошон үчүн кетейин деп жатам».

Minsung (extreme right) stands next to Yeijin and anotehr friend

Сүрөттүн булагы, Jean Chung

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Минсун бир жыныстагы түгөй менен жашайт, ал донордун спермасын колдонуп балалуу болгусу келбейт

Жакында мен Жаңы Зеландияга барып жашап жаткан Еджин менен жолуктум.

Ал өзүнүн жаңы жашоосу тууралуу көпкө сүйлөдү. «Менин жумуш менен жеке турмушумдун ортосундагы баланс кыйла жакшырып калды»,-деди ал. Эми ал бир аптада курбулар менен жолугушуп турганга убактысы бар.

«Мен жумушта көбүрөөк урмат-сыйга ээ болуп калдым, жөн жерден өөн издемей жок»,-деди. «Ошондуктан мен мекениме кайтып баргым келбейт». (МА)

Лихён Чой менен Хосу Линин репортаждары да пайдаланылды