Украинадагы согушка эки жыл: беш түйүндүү суроого жооп

A woman covers her face with her hand as she stands in front of a house burning in Irpin, outside Kyiv, 4 March 2022

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согуш азыр үчүнчү жылга аяк басты
    • Author, Катерина Хинкулова & Виктория Приседская
    • Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Украина да, Орусия да, эки тараптын негизги союздаштары да тынчтык орнотуу үчүн эч кандай негизди көрүшпөйт.

Киев эл аралык коомчулук тааныган чек аралары калыбына келтирилиши керек жана Орусия аскерин чыгарып кетет деген чечкиндүү ойдо. Москванын позициясы да эч өзгөрүүсүз: Украинанын багыты туура эмес жана Орусиянын күчтөрү өз максатына жетмейинче аракет кыла берет.

Биз азыр эмне болуп жатканын жана бул жаңжал келечекте кандай өзгөрүшү мүмкүн экенин карап жатабыз.Украинадагы согушка эки жыл толсо да, ал жакын арада бүтөт дегенге эч кандай негиз жок.

Кимиси жеңип жатат?

Айыгышкан салгылашуулар кыш бою уланып, эки тараптан тең көп киши курман болду.

Фронттун чеги 1000 кмге созулуп, 2022-жылдын күзүнөн бери анын формасы анча деле өзгөргөн жок.

Эки жыл мурда кеңири масштабдуу басып алуудан кийин бир нече айдын ичинде Украина орус күчтөрүн түндүктөн жана баш калаа Киевдин айланасынан артка сүрүп салган. Ал ошол жылдын аягында чыгыштагы жана түштүктөгү бир топ аймактарды кайтарып алган. Бирок азыр орус аскерлери күчтүү коргонуу чектерин казып алышты, ал эми украиндер ок-дарылары азайып баратканын айтышууда.

Украина согуш

Көптөр, анын ичинде жакында кызматтан алынган украин аскеринин башкы командачысы Валерий Залужный дагы, Кремлди колдогон бир нече орусиялык аскер блоггерлер дагы аскердик туңгуюк тууралуу айтып жаткан учуру.

Февралдын ортосунда украин аскерлери көптөн бери согуш жүрүп жаткан чыгыштагы Авдеевка шаарынан чыгарылды.

Орус аскерлери муну чоң жеңиш катары баалады- Авдеевка стратегиялык жактан ыңгайлуу жайгашкандыктан, тереңирээк басып кирүүгө жол ачышы мүмкүн.

Киев аскеринин өмүрүн сакташ үчүн чыгарып кеткенин айтып, аскери азайып жана куралы түгөнүн жатканын жашырган жок.

Бул Орусиянын былтыр май айында Бахмутту басып алгандан берки эң чоң утушу болду. Бирок Авдеевка Украинанын 2014-жылдан бери Орусия оккупациялап турган Донецк шаарынан болгону 20 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.

Мындай бир аз алдыга жылуу Орусиянын 2022-жылдын февраль айындагы алгачкы амбициясынан алыс, ал учурда аскер блоггерлери кошулуп, мамлекеттик пропаганда баш болуп, борбор Киевди "үч күндүн ичинде" алат деп кайталап жатышкан болчу.

Учурда Украинанын аймагынын 18% жакыны Орусиянын оккупациясында калууда, анын ичинде 2014-жылдын мартында аннексияланган Крым жарым аралы жана андан көп өтпөй Орусия басып алган чыгыштагы Донецк жана Луганск облустарынын чоң бөлүгү да бар.

Киль дүйнөлүк экономика институтунун маалыматы боюнча, акыркы эки жылда Украинанын союздаштары ага эбегейсиз чоң көлөмдөгү аскердик, каржылык жана гуманитардык жардам жөнөттү - 2024-жылдын январына чейин Евробиримдиктин институттарынан дээрлик 92 миллиард доллар жана АКШдан 73 миллиард доллар алды.

Батыштан келген танктар, абадан коргонуу каражаттары жана алыска атуучу артиллерия Украинага олуттуу жардам берди.

Бирок жардамдын агымы акыркы айларда союздаштар Украинага канчалык реалдуу колдоо көрсөтө алат деген талаш-тартыштардан улам азайды.

АКШда 60 миллиард долларлык жаңы пакет Конгрессте токтоп, ички саясий талаш-тартыштарга туш болду.

Ал эми украин тарапкерлеринин арасында ноябрдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп Ак үйгө кайра шайланса, АКШнын колдоосу жок болот деген кооптонуулар бар.

Евробиримдикте 54 миллиард долларлык жардам пакети февраль айында көп талкуудан жана соодалашуудан кийин жактырылды, айрыкча Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Путиндин өнөктөшү болгон үчүн Украинаны колдоого ачык эле каршы болду.

Ошондой эле Евробиримдик Киевге 2024-жылдын март айынын аягына чейин берүүнү көздөгөн миллион артиллериялык снаряддын жарымына жакынын гана жеткире алат.

Украинага донор өлкөлөр

Орусиянын жактоочуларынын арасында Украинага кирүү үчүн аймагын жана аба мейкиндигин пайдаланып келген коңшулаш Беларус да бар.

АКШ менен Евробиримдиктин айтымында, Иран Орусияга "Шахед " деген учкучсуз учактарды жеткирип келген, бирок Иран согушка чейин Орусияны аз сандагы дрон учактар менен камсыз кылганын мойнуна алган.

Дрон аппараттар (УУА) Украинадагы буталарга сокку урууда натыйжалуулугун далилдеди - согушта дрондор абадан коргонуудан качуу жөндөмдүүлүгүнөн улам эки тараптан тең суроо-талапка ээ.

Санкциялар Батыш өлкөлөрү күткөндөй натыйжа берген жок жана Орусия дагы деле өзүнүн мунайын сатууга жана өзүнүн аскердик өнөр жайын зарыл бөлүктөр жана компоненттер менен камсыз кылууга жетишүүдө.

Кытай эки тарапты тең курал менен камсыздабайт деп айтылууда. Ал жалпысынан бул согуштун айланасында кылдат дипломатиялык линияны карманып, Орусиянын баскынчылыгын айыптабаганы менен, Москваны аскерий жактан да колдогон жок, бирок Кытай менен Индия орус мунайын сатып алууну улантууда.

Орусия да, Украина да Африка менен Латын Америкасына көп сандаган дипломатиялык сапарлары менен барып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен сүйлөшүүгө көп күч жумшашты.

Орусиянын максаты өзгөрдүбү?

Орус президенти Владимир Путин дагы деле бүткүл Украинаны басып алууну каалайт деген ишеним бар.

Америкалык ток-шоу алып баруучусу Такер Карлсон менен болгон маегинде орус президенти тарыхка жана жаңжалга өзүнүн бурмаланган көз карашын дагы бир жолу ачыктады.

Ал көптөн бери, ишенимдүү далилдерди келтирбестен, Украинадагы, өзгөчө Донбасстын чыгышындагы жарандар Орусиянын коргоосуна муктаж экенин айтып келет.

Vladimir Putin during his interview with US talk show host Tucker Carlson

Сүрөттүн булагы, Sputnik / Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин Такер Карлсон менен болгон маегинде НАТОнун таасири чыгышка кеңейип жатканына нааразылыгын билдирди.

Согуштун алдында ал Украинанын эгемендүү мамлекет катары бар экенин четке каккан узун эссе жазып, орустар менен украиндер "бир эл" деп айткан.

2023-жылдын декабрь айында ал Орусия өзүнүн "атайын аскердик операциясы" деп атаган операциядагы максаттары өзгөрүүсүз калганын, анын ичинде ашкере оңчулдардын таасири тууралуу негизсиз дооматтарга негизделген "денацификация" бар экенин айткан.

Ал ошондой эле "демилитаризацияны" жана "нейтралдуу" Украинаны каалай турганын жана НАТОнун чыгышка таасирин кеңейтүүсүнө каршы күрөшүн улантып жатканын билдирген.

Көз карандысыз мамлекет катары Украина эч качан аскердик альянстарга кирген эмес. Ал Европа Биримдигине кошулуу жана НАТО менен жакыныраак альянс түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан - бул экөө тең азыр согуштун башталышына караганда жакыныраак.

Бул максаттар Украинанын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөнү жана аны Советтер Союзун тигил же бул формада калыбына келтирүү үчүн ар кандай геосаясий долбоорлорго тартылуудан коргоону көздөгөн.

Согуш кантип бүтүшү мүмкүн?

Эки тарап тең багынып бербестигин жана Путин бийликте калууга ниеттенип жатканын эске алганда, аналитиктердин божомолу боюнча, согуш узакка созулушу мүмкүн.

Коопсуздук боюнча глобалдык Globsec аналитикалык борбору ондогон эксперттердин пикирлерин ар кандай жыйынтыктардын ыктымалдыгын баалоо үчүн бириктирди.

Эң ыктымалдуусу — 2025-жылдан кийин дагы созулчу, эки тараптан тең оор жоготуулар менен коштолгон жана Украинанын союздаштардын курал-жарактарына көз карандылыгы менен уланган кыйроо согушун божомолдогон сценарий.

Экинчиси, дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө, мисалы, Жакынкы Чыгышта, Кытай-Тайванда жана Балканда потенциалдуу кагылышуулар күчөйт деген божомол - Орусия чыңалууну күчөтүүгө чындап умтулууда.

Soldier walks past memorial wall for fallen soldiers in Kyiv, 4 February 2024

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперттердин айтымында, көп курмандыктар менен коштолгон узакка созулган согуш болчудай.

Экөө тең бирдей ыктымал деп эсептелген: же Украина кандайдыр бир аскердик прогресске жетишип, согушту токтотуу боюнча аргасыз келишимге барбайт же Украинанын союздаштарынын колдоосу азайып, алар аны сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга түрткөн дагы эки потенциалдуу сценарий бар.

Бирок АКШдагы президенттик шайлоонун потенциалдуу таасири, ошондой эле башка согуштар, өзгөчө Израил-Хамас чатагы Украина менен Орусиянын колдоочуларынын артыкчылыктарына жана берилгендигине кандай таасир этээри белгисиз бойдон калууда.

Чыр-чатактар мындан ары да уланып кетиши мүмкүнбү?

Февралдын ортосунда Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинаны курал-жарактын "жасалма тартыштыгында" кармоо Орусияга жардам берерин эскерткен.

Ал Мюнхенде өткөн эл аралык коопсуздук конференциясында эгер батыш дүйнөсү ага каршы турбаса, Путин жакынкы бир нече жылды дагы көптөгөн өлкөлөр үчүн "кырсыктуу" кылаарын айтты.

Royal United Services Institute (Rusi) аналитикалык борбору Орусия экономикасын жана коргонуу өнөр жайын масштабдуу аскердик өндүрүшкө ийгиликтүү өткөргөнүн жана узак согушка бел байлаганын билдирди. Анда Европа мындай темп менен бара албай жатканы айтылат - өз тынчсыздануусун Польшанын тышкы иштер министри да билдирген.

Европа өлкөлөрү, анын ичинде Германиянын тышкы иштер министри менен Эстониянын чалгын кызматтары жакында эле Орусия келерки он жылдын ичинде НАТОнун кайсы бир өлкөсүнө кол салышы мүмкүн деген эскертүүлөр менен чыкты.

Бул НАТО менен Евробиримдикти аскердик мүмкүнчүлүктөр жана коомдордун такыр башка дүйнөдө жашоого даярдыгы жагынан да келечекти пландоону күчөтүүгө түрттү. (МА)