“Кызымды педофил атасынан коргоо үчүн отуз миң фунт төлөдүм”

Graphic showing a child being held by a woman, against a backdrop of a court building in Cardiff
    • Author, Санчиа Берг жана Кэти Инман
    • Role, BBC News

Бетандын мурдагы жолдошу жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөнү үчүн түрмөгө камалган. Бирок, ал эркиндикке чыккандан кийин кайрадан кызына жолуга аларын билип, Бетандын үрөйү учту. Бул абдан коркунучтуу тобокелдик болчу.

Кардиффтин сот залынын сыртында саркеч кийинген жаш аял кабатыр болуп күтүп олтурат. Бетан буга чейин үй-бүлөлүк соттун имаратында болгон эмес, бирок ал бул жерге кызын коргоо үчүн келди - кызынын атасы педофилдик кылмыштар үчүн соттолуп, учурда камакта.

Ал бир нече ай мурун соттолгондо, ага келечекте балдар менен мамиле кылууга тыюу салуу тууралуу соттун чечими чыккан, бирок андай тыюу анын өз баласы менен жолугушуусуна тоскоолдук кыла албайт.

Алар Бетан экөө кызы төрөлгөнгө чейин баш кошкондуктан кылмышкердин аталык укуктары сакталып калат. Анын жок дегенде баласынын ден-соолугу, билими жана жашоо-турмушу тууралуу пикир айтууга укугу бар болот.

Бетан мурдагы жолдошу түрмөдөн бошотулгандан кийин эмне болорун ойлоп "жүрөгү түшүп" олтурат. Ал бир күнү кызын мектептен алып кетип калышы мүмкүн деп кооптонот. Андай кезде баланы кайтарып алуунун жалгыз жолу үй-бүлөлүк сот аркылуу чечим чыгартуу болот. Кызын алып кеткен учурда, Бетандын мурунку күйөөсү башка балдарга кандай кордук көрсөтсө, ошону кызына да жасашы мүмкүн.

"Мындайда мен өзүмдү эч качан кечирбейт элем" - дейт Бетан.

Ата-энесинин колдоосу менен Бетан соттон мурунку күйөөсүнүн аталык укуктарын алып салууну жана кызы 18 жашка чыкканга чейин түз жана кыйыр байланыштарга, анын ичинде социалдык тармактар аркылуу бардык мамилелерге тыюу салууну суранган өзгөчө кадам жасады.

Мурдагы күйөөсүнүн кылмыштарынын оордугуна карабастан, Бетанга мындай процессти жеңүү кыйын болушу мүмкүн деп эскертишкен. Бетан мурдагы жолдошун "амалкөй" деп сыпаттайт, ал сотту өкүнүп жатканына ынандыра алат деп коркот.

Бетан акысыз юридикалык жардам ала албайт. Андыктан биринчи соттук отурумга чейин эле анын адвокаттарга кеткен чыгымдары көбөйүп кетти.

Бетандын иши үй-бүлөлүк соткө өткөн, анда ата-энелердин ортосундагы талаш-тартыштар - көбүнчө аялуу балдарга байланыштуу иштер каралат. Соңку убакка чейин сот иштери жабык каралып, журналисттерге алар тууралуу коомчулукка билдирүүгө уруксат берилчү эмес.

Бирок январь айынан бери аккредитацияланган кабарчылар Лидс, Карлайл жана Кардифф шаарларындагы үй-бүлөлүк соттук процесстерге киргизиле баштады - бул анонимдүүлүктүн катуу эрежелерин сактоо менен жергиликтүү бийликтин жана соттордун иш-аракеттерин кылдаттык менен текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Би-Би-Си News акыркы алты айдан бери Бетандын ишин байкап келет.

Сотто Бетан көрүнбөшү үчүн атайын тосмонун артында отурат. Кызынын атасынын адвокаты жок, ал түрмөдөн видео аркылуу чоң экрандан чыгууда. Ал узун столдун башында алдына кагаздарды жайып коюп отурат.

Уэльстеги балдар жана үй-бүлө сотунун консультациялык кызматы Cafcass Cymru'дан келген социалдык кызматкер да ошол жерде.

Бетандын мурдагы жолдошу "өтө оор мүнөздөгү" кылмыштары үчүн түрмөдө отурганын моюнга аларын сотко айтат. Эгерде кызы аны менен мамиледе болгусу келсе, ал дагы кызынын жанында болууну каалаларын билдирди. Ал кызына жума сайын кат жазат, бирок учурда ал каттарды жөнөтө албайт.

Кийинчерээк ал чын жүрөктөн чыккан кайрылуусун жасагандай болду - ал "кызын чексиз сүйгөн" ата экенин билдирген. Ал кызынын жашоосунда "бар болууну каалайт элем" деп сотто айтып жатканда үнү титиреп кетти.

Бетан бул кишинин үнүн "чыдап угуп тура албайт." "Балдарды кандай кыйнаганын" билип туруп аны менен макул болууга аракет кылуу өзү "азап".

Child holding hands with adult

Бетандын кызынын иши үй-бүлөлүк жеке сот процессине түшкөн 80 000ден ашуун иштин бири.

2022-жылы Англияда жана Уэльсте үй-бүлөлүк мыйзам боюнча орточо жеке сот иши болжол менен 10 айга же дээрлик 45 жумага созулган - Укук Коомунун айтымында мындай абал система "кризисте" экенин билдирет.

"Бирок ата-эненин укуктары мыйзамда "абсолюттук" болуп саналат жана соттун чечими менен гана башкарылышы мүмкүн," - деп түшүндүрөт Ханна Маркхам Үй-бүлөлүк укук коргоочулар ассоциациясынын төрайымы.

"Кимдир бирөө өтө оор педофилдик кылмыштары үчүн түрмөдө отурса дагы, алардын ата-энелик жоопкерчилиги сакталып кала берет," - дейт ал. Ханна бул маселе боюнча соттошууга барган Бетанды "эр жүрөк" деп сыпаттады.

Short presentational grey line

Кийинки жумаларда социалдык кызматкер Бетан жана анын кызы менен убакыт өткөрөт, андан соң ал кыздын абактагы атасына барат.

Иш тез эле жүрүп, Бетан үч айдан кийин Кардифф үй-бүлөлүк адилеттик борборуна келет.

Социалдык кызматкердин отчету Бетандын мурунку күйөөсүн катуу сынга алган. Кыздын атасы көңүлү чөгүп, сотко ыраазычылыгын айтуудан мурун "кызына татыктуу ата боло албаганыма өкүнөм" деп билдирди.

Ал эркиндикке чыккандан кийин кайрадан текшерүүдөн өтөм деп үмүттөнөт жана өз кызынын абалы тууралуу жыл сайын маалымат алып турууну талап кылат.

Бетан үчүн мындай кыйыр байланыш дагы кабыл алынгыс. Анын адвокаты мындай маалымат ага эмне бермек деп сураганда, кыздын атасы сөзгө аралашты.

"Бул мен үчүн олуттуу мааниге ээ болмок," - дейт ал.

Иш илгерилеген сайын Бетандын юристтерге кеткен чыгымдары өсүп жатат. Ага жардам берүү үчүн ата-энеси үйүнүн ипотекасын узартышты, мындай чечим "алардын жашоосуна катуу түрдө таасир этет" - бирок учурда алардын башкы максаты үй-бүлөнү коргоп калуу.

"Менин ошол акчаны таба албаган адамдарга боорум ооруйт. Демек, алар оор абалда," - дейт Бетандын атасы.

Image showing an adult holding a child's hand

Бул иш алардын жашоосунун бир бөлүгүнө айланды, бирок башка көптөгөн үй-бүлөлүк сот иштерине салыштырмалуу ал тез жүрүп жатат - акыркы соттук отурум эки жумага жетпеген убакытта болот.

Кайра сотко келгенде, судья социалдык кызматкердин корутундусун кайталады. Бетан "абдан жеңилдеп", кызы дайыма аны менен жашашы керек деген чечим кабыл алынды. Ал эми анын мурунку жолдошунун аталык жоопкерчилиги "ар тараптуу чектелди".

Соттун айтымында, ал абакка кесилген кылмыштары менен бирге балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн видеолорду көргөнүн жана аялуу жаш бала менен жолугууга аракет кылганын да мойнуна алган.

Ал "өтө коркунучтуу" дейт сот. Сот ошондой эле анын ата катары кызынын жылдык маалыматын талап кылуусуна бөгөт койду. Бетандын мурдагы күйөөсү абактан чыккандан кийин соттун чечимин өзгөртүү үчүн арыз берүүсүн кыйындата турган тыюу салуу буйругу кабыл алынды.

Эгерде кызы айыккыс ооруга чалдыкса же алар башка өлкөгө көчүп кетсе - бул тууралуу атасына маалымат берилет, бирок алардын кайда экени айтылбайт.

Көптөгөн сааттар бою үй-бүлө мыйзамдарын изилдеген Бетан үчүн мындай чечим "чоң жеңилдик" алып келди. Анткени ал далай ата-энелер күткөн чечимине ээ болбой калганы тууралуу да окуган эле.

"Мен аябай ыраазы болдум," - дейт ал.

Бетандын ата-энеси да абдан ыраазы.

"Үч жылдан бери сот иштери менен убара болуп жүргөн кызым өз кызын кадимкидей бактылуу, дени сак кылып чоңойтуу мүмкүнчүлүгүнө эми ээ болду. Биз ага канчалык оор болгонун сөз менен жеткире албайбыз," - дейт Бетандын апасы.

Иштин эмоционалдык оорчулугу менен бирге, Бетан 30 000 фунт стерлингден (37 миң АКШ доллары) ашуун олуттуу чыгымга учурады.

Педофилдер соттолгондо алардын ата-энелик укуктарын мыйзам автоматтык түрдө токтото турган болсо жана ал укуктар кылмышкердин үй-бүлөлүк сотко кайрылуусу аркылуу гана калыбына келтирилсе, башкалар ушул сыяктуу кымбат соттук иштерден кутулмак деп эсептейт Бетандын үй-бүлөсү.

Юстиция министрлиги Би-Би-Сиге "бардык балдардын коопсуздугу үчүн ата-энелердин балдар менен байланышуу маселесин кылдаттык менен карап чыгып жатканын" билдирди.

Акысыз же жеңилдетилген юридикалык жардам көрсөтүү эрежелерин өзгөртүү Бетан сыяктуу ата-энелердин көбүрөөк сотко кайрылуусуна шарт түзүшү ыктымал жана ал бул иш прецедент болот деп Ханна Мархам үмүттөнөт.

"Мындай иштер канчалык көп жарыяланып, талкууланса, ошончолук башка адамдарга да ушундай кылуу туура экенин үйрөтөт," - дейт ал.

Бетан жана анын ата-энеси ачык-айкындуулуктун жаңы схемасы боюнча сотто журналисттердин катышуусу чындап эле аларга пайда алып келди жана келечекте башкаларга да пайдалуу болот деп эсептешет.

Бетандын апасынын айтымында, анын кызы эми "кадимки балалыктын доорун сүрүп, анын жашоосу коопсуз болот".

Бетан кызы чоңоюп калганда атасы жөнүндө бир күнү жай отуруп айтып берем дейт.

Башкы каармандын жеке жашоосун коргоо үчүн окуяда анын аты Бетан деп өзгөртүлүп берилди.

Бул макалада көтөрүлгөн көйгөй сизге тийиштүү болсо, бул жактан укуктук жардам аласыз. BBC Action Line.

News Daily banner