Си Цзиньпин Москвада Путин менен жолугушат

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Стив Розенберг, Стивен Макдонелл жана Жеймс Ландейл
- Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ушул аптада Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү үчүн Москвага келе жатканын расмий өкүлдөр билдирди.
Расмий Кремль бул жолугушууда "ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтык" маселелери талкуулана турганын билдирди.
Бул иш сапар Орусиянын өнөктөшү болгон Бээжин Украинадагы согушту токтотуу сунуштарын айтып чыккан маалга туш келди. Батыш болсо бул сунушту жалпысынан жылуу кабыл алууда.
Батыш өлкөлөрү Бээжинге Москваны курал менен камсыздоодон обочо болуусу керектигин да эскертишти.
Бул иш сапар президент Си Цзиньпиндин 2022-жылы 24-февралда орус аскерлеринин Украинага кеңири өлчөмдө басып кирген учурунан берки Орусияга жасаган биринчи сапары болмокчу.
Ал дүйшөмбү күнү (20-мартта) Путин менен түшкү сый тамакта кезигет, андан кийин тараптар шейшембиде (21-мартта) сүйлөшүүлөр жүргүзөөрү күтүлүүдө.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү болгон айым Кытай Украинадагы согуш боюнча "объективдүү жана адилет турумду" колдой турганын жана "тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоого алууда оң маанайдагы ролду ойной тургандыгын" билдирди.
Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунактын басма сөз катчысы эгерде Кытай Украинанын (өз аймагындагы толук) эгемендигин калыбына келтирүүдө чыныгы ролду ойносо, анда анын мындай кадамын Лондон кубаттай тургандыгын билдирди.
Кытай лидеринин Орусияга иш сапар менен келип жаткандыгы расмий Бээжиндин Москваны бекем колдоп жаткандыгына ишаара кылат. Бул жаатта таң калычтуу деле эч нерсе жок: Владимир Путин менен Си Цзиньпин мырзалардын жалпы дүйнөгө карата көз караштары окшош: экөө тең көп уюлдуу дүйнө идеясын жактырышат.
Өткөн жылы бул эки жетекчи өз ара өнөктөштүктөрүндө чек жок экенин билдиришкен. Арийне, бул билдирүүнү чындыкка толугу менен төп келет деп баалаш да кыйын.
Азыркы тапка чейин Кытай Орусияга анын Украинага каршы согушта жеңишке жетишүүсү үчүн зарыл болуп жаткан курал-жарактык көмөктү эч көрсөтпөй келди.
Бирок, АКШнын бир тараптуу ырастоосуна караганда, Кытай бийликтери кийинки кездери мындай мүмкүнчүлүктү да караштырып жаткандай.
Москва менен Бээжин шардана кылышкан өз ара пайдалуу өнөктөштүккө келсек, учурдагы Орусиянын экономикасы Кытайдын экономикасынын ондон бир гана үлүшүнө тете көлөмдө. Азыркы шартта Орусия экономикалык жактан уламдан улам Кытайдын кенже өнөктөшүнө айланууда. Демек, Кытай өкмөтүнүн Орусияга кандайдыр бир үстөмдүк кылчу таасири бар.
Бул сапарга кызыгуу жараткан башка жагдайлар да жок эмес: ушул тапта расмий Бээжин өзүн бейтарап катары ырастоого умтулуп келет; анын үстүнө Бээжин расмий Москва менен Киевдин ортосунда чынчыл арачылык жүргүзө алышы ыктымал деген жоромолдорду да четке каккан жери жок.
Дүйшөмбү күнкү (20-марттагы) жолугушуу АКШнын Иракка басып киришинин 20 жылдыгына карата өтүп жаткандыгы деле кокустук болбосо керек. 2003-жылдагы бул басып кирүүгө өз кезегинде Орусия дагы, Кытай дагы каршы чыккан болчу.
Эң негизгиси, Кытай Жакынкы Чыгыштагы өз ара атаандаштар болуп келген Иран менен Сауд Арабиянын дипломатиялык мамилелерди кайра калыбына келтирүү боюнча келишимге жетишүүсүнө көмөктөшүп, ири дипломатиялык төңкөрүштүн мөмөсүн четинен терүүдө.
Бирок айрымдар Бээжиндин бейтараптыгы - эки жүздүүлүк болуп саналат жана Украинадагы согуштун улантыла бериши Кытайдын геосаясий кызыкчылыктарына жооп берет, анткени Орусия ал үчүн ыплас иштерди аткарып берип жатат - Кремль Батышты өзүнө алагды кылып, Батыштын ресурстарын жана акча каражатын согуш аркылуу мойсоп жеп жатат, деп ырасташууда.
Кытайдын сунуштары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө жана мамлекеттик эгемендикти урматтоого чакырат. Бирок 12 беренеден турган документте "Орусия Украинадан өз аскерлерин чыгарып кетиши керек", деп эч кандай атайын баса айтылган эмес.
2023-жылы февраль айында Украинанын президенти Владимир Зеленский Си Цзиньпин мырза менен жолугушууну каалап жаткандыгын айткан: "Мен Кытай Орусияга курал-жарак бербейт деп чындап эле ишенгим келет", - деген ал.
Кээ бир америкалык ЖМКлар Си Цзиньпин мырза менен Владимир Зеленский мырза Кытай лидеринин Москвага иш сапарынан кийин өз ара телефон аркылуу сүйлөшө тургандыгы тууралуу кабарлашкан, бирок бул кабар азырынча расмий тастыктала элек.
Киев Бээжин менен кандайдыр бир баарлашууга өзгөчө далаалат кылып жатат. Украина бийликтери Кытайдын төрагасы Москвага багытталган бул иш сапарын жалпы дүйнө жүзүнө Орусиянын жок дегенде айрым бир үзөңгүлөштөрү бар экендигин көрсөтүп коюу үчүн эле жасап жатат, деп эсептейт.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Си Цзиньпиндин сапары жөнүндө биротоло жарыялана электе эле Би-Би-Сиге курган маегинде:
"Менин оюмча, Кытай азыр Орусияны куралдандыргысы келген учурга жетип калды дешке эч негиз жок. Бул иш сапар тынчтыкка жетиштирет деп деле санай албайм... Москвага жасалчу сапардын өзү эле ишаарага тете, бирок ал сапар дароо эле кандайдыр бир натыйжа жаратат ко, деп эч ойлобойм", - деди.
Кулеба мырзанын айтымында, бул ишааранын жөнү мындайча: ал "Кытай менен Орусия - бири-бирине абдан жакын, болгондо да, үзөңгүлөш катары Орусия анчейин жакшы иш жасай албай жаткандыгына карабастан, Кытай лидери бул орус үзөңгүлөшүнө башпагып кетейинчи, дегенчелик деңгээлде гана жакындыгын көрсөтүп турат.
"Менимче, бул - бүткүл дүйнөгө, Батышка, бирок, эң негизгиси, Батышта эместерге дагы Орусия - жалгыз эмес, Кытай Орусия менен сүйлөшүп жатат, дегенди туюнтчу белги болуп саналат", - деди Кулеба мырза.
АКШ болсо Си Цзиньпин мырза менен Зеленскийдин өз ара ырааттуу байланышта болушун жактайт.
АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз өкүлү: "Бул эки жетекчи өз ара сүйлөшсө, абдан мыкты иш болмок", - деген пикирин ортого салды.
Өткөн бейшемби күнү (16.3.2023) Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган мырза украиндик кесиптеши Кулеба мырза менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн учурунда Киев менен Москваны тынчтык сүйлөшүүлөрүн мүмкүн болушунча тезирээк баштоого үндөдү. Кулеба мырза болсо, өз кезегинде, Киев менен Бээжин "аймактык бүтүндүк принцибинин өзгөчө олуттуу мааниси" жаатында талкуулашты, деп билдирди. (TT).









