Түштүк Кореяда экс-президент баш болгон бир топ саясатчыларга ырайым берилет

Ли Мен Бак Түштүк Кореяда коррупцияга айыпталып соттолгон төртүнчү экс-президент

Сүрөттүн булагы, www.dw.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ли Мен Бак Түштүк Кореяда коррупцияга айыпталып соттолгон төртүнчү экс-президент

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ель шейшембиде мурдагы президент Ли Мен Бак, экс- губернатор Ким Кон Су жана башка атаандаш партиялардын бир катар саясатчыларына ырайым берип, түрмөдөн бошоткону жатканын "Ренхап" маалымат агенттиги билдирди.

Расмий адамдардын айтымында, Юн Сок Ель министрлер кабинетинин жыйынында жаңы жылдын алдында ырайым бериле турган адамдардын тизмесин алышы мүмкүн. Юстиция министри Хан Дон Хун кийин аны басма сөз жыйынында жарыялайт.

Агентствонун маалыматында, ырайым бериле турган адамдардын арасында эң белгилүүсү паракорлукка айыпталып 17 жылга кесилген экс-президент Ли Мён Бак.

Аны августта эле бошотулат деп айтып жатышкан, бирок ал убакта Юн Сок Елдин саясий рейтинги төмөн болгон себептүү бул ишти токтотуп коюшкан.

Ли Мён Бак өлкөнү 2008-2013-жылдары башкарып турган. 2018-жылы аны коррупцияга айыпташып, сот 15 жылга эркинен ажыраткан жана 11,5 млн доллар айып пул салган.

Андан башка президент ырайым берип түрмөдөн бошото турган адамдардын арасында экс-губернатор Ким Гон Су, мурдагы президент Мун Чже Индин администрациясынын башчысы болгон Ким Ги Чон, мурдагы финансы министри Цой Ген Хван, Улуттук чалгын кызматынын башчылары болгон Нам Чже Чжун, Ли Бен Кин жана Ли Бен Хон, ошондой эле президенттин саясий маселелер боюнча мурдагы катчысы Чон Бен Хон бар.

Бул президенттин бул жылдагы экинчи жолу ырайым берген чечими болуп калмакчы. Августта Юн Сок Ел Samsung Electronics аткаруучу директору Ли Чжэ Ен баш болгон бир топ бизнес магнаттарына ырайым берип бошоткон.

Ал эми өткөн жылы коррупцияга айыпталып 20 жылга соттолгон мурдагы президент Пак Кын Хе ырайым алып түрмөдөн бошоп чыккан.

Пак Кын Хе Түштүк Кореяда биринчи айым президент болуп тарыхта калды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пак Кын Хе Түштүк Кореяда биринчи айым президент катары жана коррупцияга айыпталып соттолгон экс-президент болуп тарыхта калды

Пак Кын Хе - 1979-жылы кол салуудан каза тапкан президент Пак Чон Хинин кызы. Ал 1998-жылы атасы негиздеген партиянын тизмеси менен парламентке келген. 2012-жылы Түштүк Кореянын тарыхындагы биринчи аял президент болуп шайланган.

Аны коррупцияга айыптаган кылмыш иши 2016-жылы ал бийликте турган учурда эле ачылган. Бир нече күнгө созулган ири акциялар болуп, андан кийин парламент Пак Кын Хеге импичмент жарыялап, Конституциялык сот аны президенттик кол тийбестик жана иммунитетинен ажыраткан. Камакка алынып, ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, пара алган жана мыйзамсыз кысым көрсөтүүгө барган деген айыптар коюлган.

1980-жылдан бери Түштүк Кореяда өлкөнү башкарган сегиз президенттин төртөө ар кандай кылмыштар менен айыпталып, түрмөгө түштү. Дагы үчөөнүн туугандарына кылмыш иши козголуп соттолду. (КС)