Кымбатчылык менен каатчылык: 90 ашык өлкөдө эл көтөрүлдү. Би-Би-Синин талдоосу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Эфрем Гебреаб, Томас Наади, Ранга Сирилал жана Бекки Дейл,
- Role, Би-Би-Си Жаңылыктар бөлүмү
Турмуш-тиричилик наркынын кымбатташы элди көчөгө алып чыкты. Калайык негизги товарлардын кесепеттүү жогорку баасына каршы чыгууда. Би-Би-Си 2021-жылдын январь айынан бери күйүүчү майга байланыштуу дүйнөдө болгон демонстрациялардын картасын түздү. Бул карта быйыл нааразылык чаралары кескин өсүп чыккандыгын ачыктады.
Күйүүчү майдын баасы күнүмдүк турмуштун көптөгөн өңүттөрүнө, - жеке саякат, азык-түлүктүн баасын кескин көтөрө турган жүктөрдү ташуу, электр жана жылуулук кубаты ж.б. өңүттөргө, - өз таасирин тийгизээри шексиз.
Дүйнөнүн чар тарабындагы нааразылык жыйындардын катышуучулары олуттуу өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашырууга чакырышууда. Алар бензинди арзандатууну же таптакыр жеткиликтүү кылууну талап кылышты. Алар тынчтык митингдерине катышып, айрым учурларда өкмөттөргө каршы чабуул жасоого чейин барышты. Алардын айрымдары катаал тагдырга да дуушар болушту.
16 жаштагы Хадижа Бах өз үй-бүлөсүнүн короосунун кире беришинде турганда, ага капысынан ок жаңылган.
Өспүрүм кыз Хадижа Сьерра-Леоне өлкөсүнүн борбору Фритаундун чыгыш тарабындагы үйүнөн бир нече метрдей обочодо туруп алып, күйүүчү майдын кымбатташына каршы нааразылык жыйынга чогулган калайыкты бир нече күндөн бери кызыгып карап турган.
Бирок 2022-жылы 10-августта нааразылык чарасы зомбулук аракеттерге өсүп чыкты. Куралдуу полиция демонстранттар менен кагылышканда адашкан ок Хадижага тийген. Өспүрүм кыз жерге кулап түшүп, дароо жан берди.
Анын энеси Мария Сесай кызынын өлүмүнө дагы эле ишенгиси келбей жатканын айтат. Хадижа жергиликтүү орто мектепте окуп жаткан. Энесинин айтымында, Хадижа качандыр бир күнү медайым кесибине ээ болууну кыялданган экен.

"Ушунчалык оор кайгыга чөгүп турам. Кызымды чоңойтуу үчүн ушунчалык мүшкүл тартып келбедим беле! Эми ал колдон учуп кетти. Кайгыдан жаным жай таппай, жүрөгүм тилинип турат".
Күйүүчү май - талаш бутасы
Бул батыш африкалык чакан өлкөдө күйүүчү майдын болуп көрбөгөндөй жогору көтөрүлүп чыккан баасынан улам келип чыккан мындай зордук-зомбулукка аралаш нааразылык чаралары көптөгөн жылдардан бери орун ала элек болчу.
Август айында Сьерра-Леоненин борбору Фритаун шаарындагы демонстранттар менен полициянын кагылышуусунан улам 25 киши, анын ичинде беш полициячы набыт кетти.
Күйүүчү майдын кымбатташы саякатка гана кесепетин тийгизип чектелбестен, жалпы жүк ташуу тармагына да таасирин тийгизди жана андан улам азык-түлүктүн баасы кыйыр түрдө көтөрүлдү.
Жаздан бери бул өлкөдө күйүүчү майдын баасы дээрлик эки эсеге өсүп, март айындагы литрине 12,000 леонеден (0,86 доллар; £ 0,73) июлдун ичинде рекорддук көрсөткүчкө - 22,000 леонеге (1,58 доллар; £ 1,35) чейин жетти. Бул, өз кезегинде, азык-түлүктүн кескин кымбатташына алып келди.

Сүрөттүн булагы, AFP
Сьерра-Леоненин Борбордук банкы өзүнүн инфляцияга учураган валютасына болгон ишенимди калыбына келтирүү максатында июль айында үч нөлдү алып салган жаңы банкнотторду киргизген.
Акырында, бийлик борбор шаар боюнча коменданттык саат жарыялаган соң зордук-зомбулук учурлары басаңдады. Демонстранттардын ич ара баарлашуусуна жана улам жаңы жыйындарды уюштуруусуна бөгөт коюу үчүн шаарда интернет да өчүрүлдү.
Сьерра-Леоненин президенти Жулиус Маада Био кийинчерээк бул нааразылык чараларын өз өкмөтүн кулатууга жасалган зордук-зомбулук далаалаты деп жарыялады. Бирок көптөгөн тургундар мындай баага макул эмес. Алар Би-Би-Сиге курган маектеринде нааразылык жыйындар тек гана күйүүчү май менен азык-түлүктүн кымбатташына каршы уюштурулгандыгын тастыктап айтышты.
Бирок Сьерра-Леоне - кескин кымбаттаган бааларга жана турмуш-тиричиликтин оордошуна каршы нааразылык чараларынын жалынына кириптер болгон жалгыз өлкө эмес.
Дүйнөлүк бензин кризиси
Би-Би-Си, - Куралдуу жаңжалдардын жайгашкан орду жана окуяларынын маалыматтары долбоору (Acled) тарабынан төгөрөктүн төрт бурчунан чогултулган нааразылык демонстрациялар боюнча маалыматтарды талдоо менен, - үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейин 90дон ашуун өлкөдө жана аймактарда калайык күйүүчү майдын өсүп чыккан баасынан же анын жеткиликтүүлүгүнүн начардашынан улам көчөлөргө чыкканын аныктады.
Алардын үчтөн бир бөлүгүн 2021-жылы күйүүчү майга каршы нааразылык чаралары эч бир өткөрүлбөгөн өлкөлөр түздү. Мисалы, Испанияда 2021-жылы күйүүчү майдын баасына байланыштуу эч кандай нааразычылыктар болгон эмес, бирок ушул жылдын март айында эле бул өлкөдө айырмалуу 335 митинг өткөрүлдү.
Your device may not support this visualisation
Акыркы тогуз айда күйүүчү майга байланыштуу нааразылык жыйындары болбогон бир дагы континент жок.
Индонезияда быйыл бензин баасынын өсүшүнө каршы 400дөн ашык нааразылык чаралары өттү, 2021-жылы бул өлкөдө болгону 19 гана нааразылык митинги орун алган. Италияда былтыр 2 гана нааразылык чарасы катталса, 2022-жылдын биринчи сегиз айында мындай жыйындардын саны 200дөн ашты. Ал эми Эквадордо бир гана июнь айынын ичинде эле күйүүчү майдын кымбатташына каршы 1,000ден ашуун нааразылык чаралары уюштурулду.
Dragonfly (Дрэгонфлай) аттуу коопсуздук жана чалгын кызматынын башкы чалгын кызматкери Генри Уилкинсон мырза нааразылык чараларынын бүткүл дүйнөлүк түрлөрүн талдап жатып, мындай нааразылык чараоары кайсы аймактарда орун алгандыгын байкоо аны аң-таң калтырганын белгилейт.
"Бул жолку адаттан тыш нерсе - бул биз демейде нааразылык чараларын эч күтпөй келген жерлерде нааразылык жыйындарынын орун алгандыгы болду. Украинадагы согуш теңирден тескери кесепеттерге такады. Андагы жаңжалдын чечилиши дүйнөлүк кризисти олуттуу деңгээлде жеңилдетет деп санайм".
Күйүүчү майдын кымбатташынын бирден-бир себеби Украинабы?
Чийки мунай ковид пандемиясынын дүрт алган кезеңинин башында кыйла арзаныраак болгон, анткени көптөгөн ишканалар убактылуу жабылып, отун-кубатка болгон суроо-талап кыйроого учураган. Бирок турмуш «жаңы нормалдуу» абалга кайтып келип, отун-кубатка болгон талаптар кайра өсүп чыккандыктан, жабдуучулар кардардык суроо-талапты канааттандыра албай алпурушуп калышты да, андан улам баалар өсүп чыкты.
АКШ доллары британдык фунтка, еврого, юанга жана йенге карата эң жогорку көрсөткүчтү түзгөн калыбынан жазбады. Бензин өндүрүү үчүн колдонулган мунайдын акысы АКШ доллары менен төлөнөт эмеспи. Демек, долларга карата алсыз болуп калган жергиликтүү валюта күйүүчү майды ого бетер кымбаттатып коюуда.
Украина-Орусия чатагы көптөгөн өлкөлөрдүн орусиялык мунайды ташып келүүсүнө тыюуну жарыялоосуна алып келди жана, мындан улам, башка атаандаш мунай өндүрүүчүлөргө суроо-талап кескин өсүп, күйүүчү майга карата баанын ого бетер жогорулашына алып келди.
Экономикалык кыйроодон саясий кыйроого карай
Күйүүчү майдын баасына байланыштуу жарандык толкундоолорго дуушар болгон жалпы 91 өлкөнүн жана аймактардын бардыгынын ичинен Шри-Ланка өлкөсүндө быйыл жайында ири нрааразылык жыйындары байма-бай өткөрүлдү да, өкмөтү чөгөлөттү. Акыры президент Готабая Ражапакса өлкөдөн бозгунга качып чыгууга мажбур болду. Бул окуялар эл аралык гезиттерде дүйнөлүе башкы жаңылыктардын сабында чагылдырылды.
Азиядагы эң жогорку деңгээлге чыккан инфляциянын очоккторунун бири кыйнап жаткан шри-ланкалыктар, азыркы тапта дагы күйүүчү майдын, тамак-аштын жана дары-дармектин баасы улам өскөндүктөн, турмуш-тиричиликтин оордошунун айынан азап чегишүүдө.

48 жаштагы Вимала Дисанаяка айым Коломбо шаарынын чет жакасындагы Талаватхугода шаарынын четинде жашылча сатуучу болуп иштейт. Ал өз үй-бүлөсү азыркы тапта эптеп өлбөстүн күнүн көрүп, өзгөчө кыйналып жашап жатканын айтат:
"Баары жоктун баасы асманга чыкты. Турмуш-тиричилик наркы кескин өсүп жатат, бирок кирешебиз эч бир кыймылдап койгон жок.
Менин үч балам бар. Автобуста жол кире ушунчалык кымбаттады дейсиз, азыр бир окуучу балага мектепке баруу акысы 100 рупий (0,27 доллар; £ 0,24) турат. Ошентип, үчөөнө тең күнүнө 600 рупий (1,65 доллар; £ 1,44) төлөөгө туура келет".
Вимала Дисанаяка айымдын айтымында, мындан ары өзүнүн жүк ташуучу чакан унаасына май куюп, азык-түлүктү базарга жана кайра дүкөнгө алып келүүгө өзүнүн чамасы жетпейт. Анын ордуна эми ал коомдук унаа аркылуу жүк ташууга же башка сатуучулар менен жүктү үлөшүп ташып келүүгө аргасыз.
Катаал турмуштун аягы көрүнбөйт
Дүйнө жүзүндөгү ар кыл өкмөттөр өз өлкөлөрүндөгү экономикалык каатчылыктарды чечүүнүн жолдорун издеп жатканына карабастан, азык-түлүк менен күйүүчү майдын улам өскөн бааларына каршы нааразычылыктар улантыылып жатат. Бирок кээ бирөөлөр үчүн мындай нааразылык чаралары зор кесепеттерге туш кылууда.
Би-Би-Синин өз алдынча изилдөөсүнө караганда, акыркы тогуз айда күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө каршы нааразылык чаралары маалында 80ден ашуун киши набыт кетти. Мындай кайгылуу окуялар орун алган өлкөлөрдүн ичинде Аргентина, Эквадор, Гвинея, Гаити, Казакстан, Панама, Перу, Түштүк Африка, ошондой эле, Сьерра-Леоне да бар.
Жогоруда сөз кылынган Фритаунга кайтып келсек.
Борбор шаарда эми көчөлөргө тынчтык орноп, көпчүлүк соодагерлер дүкөндөрүн кайрадан ачышты. Бирок чырактай кезинде өмүрү жалп этип өчкөн өспүрүм кыз Хадижанын атасы Абдул жана анын бүткүл үй-бүлө мүчөлөрү үчүн эми жашоо эч качан мурдагы калыбына кайтпайт.
"Кызым көптү үмүттөндүргөн өспүрүм болчу. Эми анын ордун кайдан табабыз!" - дейт күйүткө баткан Абдул ата. (TT)













