Беш өлкө, беш тамак: азык-түлүк каатчылыгын ким кантип жеңип жатат

Сүрөттүн булагы, Ben Gray
- Author, Стефани Хегарти
- Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
Дүйнөдө тамак-аш кымбаттап, кээ бир жерде каатчылык да болуп жатат. Бардык жерде адамдар жаңы шартка ылайыкташууда, бул демек алар күнүгө жеген тамагында өзгөрүү болуп жатат дегендик. Биз АКШ, Шри-Ланка, Нигерия, Перу жана Йорданиядан беш адам менен сүйлөшүп, алардын дасторконунда эмне бар экенин сурадык.
АКШдагы таңкы "жортуул"
Жоржияда таңкы саат төрттө эле күн илеби сезиле баштайт, бул убакта Донна Мартин ишке келет. Дагы бир күн жашоо үчүн күрөш башталат, анын мектеп округундагы балдардын курсагын тойгузуш керек.
Мартин айым коомдук тамактануу кызматынын директору, ал акысыз мектеп тамагы федералдык программасына катышкан 4200 баланын тамагына жооп берет.
"Биздин 22000 адам жашаган жалпы жамаатыбызга азык-түлүк саткан эки дүкөнүбүз бар, -дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Ben Gray
Азык-түлүктүн кымбатташы июлда 10,9% болду, бул 1979-жылдан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Баалар өсүп аткандыктан, мектептеги тамак программасын мурдагыдай алып кетүү кыйын болуп жатат.
АКШнын мектептеги акысыз тамак берүү федералдык программасы олуттуу жазылган. Бул деген, мисалы, сухариктер дандан жасалышын, ал эми тамактардын канты менен майы аз болушун талап кылат. Ошол себептүү Мартин айым куурулган жүгөрүдөн тартып йогуртка чейин бардык тамактарды тандап, конкреттүү гана түрүн гана сатып алат.
Анын айтымында, азык-түлүк ташыган соода уюмдары дагы кыйынчылык тартууда. Кээ бир убакта жумушчу күчү жетишпей, кээде айдоочу жетишпей калат, ал эми күйүүчү майдын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 60% кымбаттады.
Ошол себептүү кээ бир убакта азык-түлүк келбей калганда, жүгүрүп бир айласын табыш керек болот. Мисалы, жакында арахис майы жок болуп калды, аны балдар жакшы көрөт, айла жок анын ордуна фасолдун чыгын алышка туура келди.
"Мен билем бул балдарга жакпайт, бирок алардын курсагын тойгузушум керек да",-деди ал.
Көбүнчө ал өзүнүн кызматкерлери менен таң заарда же кечки күүгүмдө Walmart сыяктуу дүкөндөргө барып, такталарын тинтип, керектүү азыктарды издеп таап келет.
«Күнүгө бир апта бою йогурттун баарын сатып алып жаттык. Көп балдар мектепке кубанып келет. Алар үйүнө барганда "апа, биз бүгүн ... жеген жокпуз" деп айтышын каалабайм".

Шри-Ланкада джекфрутту жегенди билип алышты
Борбордук Шри-Ланкада жашаган Анома Кумари Паранатхала өзүнүн короосунан жашыл буурчак менен жалбыз жалбырактарын жыйноодо.
Өлкөнүн бүт жактарында кымгуут болуп, өкмөт менен экономиканын эси ооп турат.
Баары каат болууда - дары-дармек, отун-суу, азык-түлүк. Жакшы жумушу бар адамдар дагы керектүү товарларды таба албай кыйналган учурлар бар.
"Эл эртеңки күнгө кабатыр",- дейт Паранатхала. «Алар тамак түгөнүп калабы деп коркуп атышат".

Сүрөттүн булагы, Chamil Rupasinghe
Бул жер анын үй-бүлөсүнө таандык, алар пандемия убагында жерди жөн эле эрмектеп иштетип башташкан, азыр болсо жашоонун негизги булагы болуп калды.
Парантала жашылча-жемиштерди өстүргөндү китептерден жана YouTube каналынан үйрөндү. Азыр ал багынын ичинде помидор, шпинат, ашкабак, таронун тамырын жана таттуу картошка өстүрүүдө.
Жери барларга жакшы болду, бирок бул ырыскы баарына жетпейт. Ошондуктан Шри-Ланканын жашоочулары тамак-аштын башка түрү - джекфрут бактарына жармашты.
"Ар бир экинчи короодо джекфрут өсөт",-дейт Паранатхала. "Көп адамдар муну билишчү эмес. Алар бактан жерге кулап жок болуп кетчү".

Сүрөттүн булагы, Chamil Rupasinghe
Джекфрутту эми котту деп аталган куурулган тамакка кошуп жеп жатышат. Ал эми кээ бир адамдар анын данын майдалап, ун кылып, нан жасашууда.
Джекфрутту бир топ жыл мурда эле модалуу ресторандарда эттин ордуна колдонуп башташкан. Эми кризис маалында ал өзү өскөн жерде өзүнүн баасына чыкты.
Деги анын даамы кандай болду экен? "Аны сөз менен айтуу мүмкүн эмес", -дейт ал. - "Шилекей агызат".
Нигерияда наабайканалар ишсиз калды

Сүрөттүн булагы, Tom Saater
Адатта Эммануэль Онуора саясатка кызыкпайт, ал наабайчы жана нан сатканды эле билет. Бирок соңку убакта Нигерияда ага иш жок болуп баратат.
«Өткөн жылы буудай уну 200% ашык кымбаттап кетти, шекер дээрлик 150%, нан бышырганга биз колдонгон жумуртка 120% кымбаттады», — дейт ал.«Биз чыгымга гана иштеп атабыз», — дейт. Ошондуктан 350 жумушчунун ичинен 305 бошотууга туура келди. «Алардын үй-бүлөсү эми кантип жан сактайт?»
Нигериянын премиум класстагы нан өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти катары ал көп иштин чордонунда жүрөт. Июлда ал жарым миллион наабайканачыларды төрт күнгө иш таштоого чакырды.
Өкмөт туура түшүнүп, сырттан келген товарларга салыкты азайтат деп үмүт кылган эле.
Бир жагынан түшүм жакшы болбой, экинчи жагынан пандемиядан кийинки суроо талап курч болуп, буудай менен суу майы бүт дүйнөдө кымбаттады. Украинада башталган согуш абалды ого бетер курчутту.
Нигерияда наабайканаларга ингредиенттердин көбү сырттан келет. Бирок бир бөлкө нан Европага караганда арзан.
Өлкөдө ошондой эле электр дагы каат болуп, көп ишканалар дизель менен иштеген генератор сатып алып колдонуп жаткан. Бирок отундун баасы да 30% кымбаттады.
Нигерия мунайга бай болгон менен аны кайра иштеткен заводдор аз, ошондуктан дизель отунун бүт сырттан ташып келет.
Чыгымдар үч эсе көбөйгөнүнө карабай, Онуора нандын баасына 10-12% гана кошо аларын айтууда. Андан көп болсо, кардарлар сатып ала албайт.

Сүрөттүн булагы, Tom Saater
«Нигериялыктарды жакырчылык басууда, ишканалар жабылууда, айлык акы да жашоого жетпейт",-дейт ал.
Бул өлкөнүн калкы орточо алганда тапкан ташыганынын 60% тамакка жумшайт. АКШда бул көрсөткүч 7% түзөт.
Наабайканаларга ишти ушинтип уланта бергенге болбойт. "Биз кайрымдуулук уюму эмеспиз, биз бизнес кылып жатабыз, пайда табышыбыз керек",
«Бирок биз нигериялыктар ачка калбасын деп чыгымга түшүп болсо да иштеп жатабыз»,-дейт ал.
Перу: коммуналдык казанды караган 75 адам

Сүрөттүн булагы, Guadalupe Pardo
Дөбөнү көздөй кеткен ийри-муйру жол менен туман баскан Лима шаарына жетесиз. Бул шаарда Юстина Флорес айым бүгүн жасай турган тамагына баш катырып жатат. Бул барган сайын проблемага айланууда.
Пандемия күчөп турган убакта ал алтымыш коңшусу менен биригип, бир казандан тамак ичип жүрүштү. Сан-Хуан-де-Мирафлорестин көпчүлүк жашоочулары үй кызматчылары -ашпозчу, бала багат же багбанчылык кылат. Бирок пандемияда Флорес сыяктуу эле алардын көбү жумушунан ажырады. Тамак жетпей кыйналышты.
Ошондо алар Юстиндин үйүнүн жанына казан асып, от жагып, чогуу тамак жасап башташты. Андан кийин бир чакан жай куруп, жергиликтүү динаятчы меш алып берди. Ал эми Флорес айым базарда соода кылгандар менен тил табышып, азык-түлүк таап келип жатты.
Мына андан бери эки жыл өтүп, бир казандан азыр 75 адам тамактанат. Флорес бул жамаатын лидери болуп калды. "Мен эшиктерди кагып, жардам сурап жүрөм".
Ал эт менен жашылчадан даамдуу рагу жасап, күрүч менен берчү эле. Бирок соңку айларда кайрымдуулук кылгандар азайып кетти, керектүү азык-түлүктүн баары табылышы оңой болбой калды.
"Айлабыз кетүүдө, порцияларды азайтууга туура келди",-дейт Флорес. Бирок, ал кандай гана болбосун күрүч сыяктуу негизги азыктарды таап келип жатат.Апрелде отун-суу кымбаттаганына нааразы болуп дыйкандар менен айдоочулар каршылык акциясына чыккан, бир топ жерлерде иш таштоолор болду, ошол себептүү азык-түлүк ого бетер тартыш болуп баштады.
Флорес жакындан бери тамакты эти жок жасай баштады. Анын ордуна сөөк-саак, боор, ашказан кошуп жатат, анткени алардын баасы арзан базарда. Малдын ич эти дагы кымбаттап кеткенде анын ордуна жумуртка кошо баштады. Ал эми мунайдын баасы асмандагандан кийин жумуртка да чыкпай калды базарга.
Эми бүгүн болсо пияз жана чөп-чар кошуп макарон берген жатат. Анткен менен Флорес иш таштагандыгы үчүн же тартыштык болгону үчүн фермерлерди айыптабайт.
"Биз азыктарды сырттан ташыбай, өзүбүздүн эле жерде өстүрсөк болот, бирок өкмөт жардам бербей жатпайбы",-дейт ал.
Йорданиядагы тоок бойкоту

Сүрөттүн булагы, Ahmad Jaber
22-майда Твиттерде бир анонимдүү аккаунт араб тилинде тоок азыктарын төмөнкү хештег менен белгилеп, бойкат жасоого чакырык салды #Boycott_Greedy_Chicken_Companies.
Салам Насралла бир нече күндөн кийин супермаркеттен үйүнө кайтып баратып, бул өнөктүк жайылып кеткенин көрдү.
"Биз дагы бүт жерден угуп атканбыз, үйдөгүлөр, достор айтып жатышкан. Социалдык тармакта, телекөрсөтүүдөн дагы айтып жатышты".Ал баалардын жогорулап кеткенин азыр эле байкаганын айтууда. Анын эки баласы бар, ошондой эле өзүнүн ата-энесине, эже-сиңдилерине, жээндерине тамак жасап үчүн тоокту көп сатып алат.
Он күндөй тоогу жок тамак жасап ичкенге аракет кылып көрүштү, бирок оор болду. Эттин башка түрүн, балык алайын десе кымбат. Салам менен анын үй-бүлөсү тоокту күнүгө жейт. Эт ордуна хумус, фалафель же куурулган баклажан жешет.
Өнөктүк башталгандан он эки күндөн кийин тооктун баасы үчтөн бирге түштү, килосу дээрлик бир долларга арзандады.
Тоок фабрикасын жана касапкана иштеткен Рами Бархуш бойкот идеясын негизинен колдойт, бирок анын туура эмес жагы да бар дейт.
Анын фермасы жыл башынан бери кымбатчылык менен күрөшүүдө, өзгөчө отун-сууга жана тооктун жемине баалар өсүп кетти.

Сүрөттүн булагы, Ahmad Jaber
Йорданияда өкмөт тооктун эле эмес, башка бир катар продуктулардын баасына чектөө киргизди.
Тоок өстүргөн фермерлер Рамазан айынын аягына чейин эле макул болушту. Ал эми май айынын башында бааны кайра көтөрүп салышты. Ошондо социалдык тармакта кымгуут башталды.
«Бардык нерсе кымбаттап жатканына нааразылыкты тооктон чыгарышты», — дейт ал.
Насралла ушул каршылыктан бир ылаажы болсо жакшы, бирок маселенин көзүн таппай жатышат дейт.
«Тилекке каршы, майда фермерлер жана тоок саткандар эле жабыр тартууда, ал эми фермерге кымбат бааларды таңуулаган чоң соодагерлердин кылы кыйшайган жок». (КС)







