"Тогуз жашыман иштеп атам": Коронавирус убагында каруусун казык кылган балдар

Пандемия убагында көп үй-бүлөлөр ого бетер жакырланды, Валентин сыяктуу балдар окуусун таштап, иштеп баштады

Сүрөттүн булагы, UNICEF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пандемия убагында көп үй-бүлөлөр ого бетер жакырланды, Валентин сыяктуу бели ката элек балдар окуусун таштап, иштеп баштады
    • Author, Ева Онтиверос
    • Role, BBC World Service

Пандемия убагында көптөгөн ата-энелер жумушсуз калып, мектептер жабылган соң, балдар акча табалы деп сыртка чыгышты. Дүйнө боюнча ар кандай жумушта иштеген балдардын саны соңку 20 жылда биринчи жолу өсө баштап, 160 миллионго жетти.

"Карантин башталганда ата-энеме, бир туугандарыма жардам бериш үчүн иштегенге туура келди", - дейт Имран.

Жашы он бирде эле болсо дагы Имран Бангладештин Дака шаарында кагазды кайра иштетүү ишканасында баштык жасап бир күн кечке иштейт.

Дүйнөнүн аркы жагында - Боливияда жагдай көп айырмалуу эмес. "Мен таңкы саат төрттө туруп, саат беште апам менен көчөгө чыгып, түшкө чейин иштейм", - дейт тогуз жаштагы Валентин.

"Биз бетаарчы сатабыз, Ла-Пазда эртең менен суук болот".

Сонку жылдары дүйнө боюнча балдардын жумушка салынышын кыскартууда көп жылыш жасалганы менен пандемиянын айынан абал начарлады.

Ата-энеси жумушсуз калып, мектептер жабылган соң, балдар акча табалы деп сыртка чыгышты.

Соңку 20 жылда иштеген балдар көбөйө баштады

Валентин: "Мен бул жылы мектепте бир да жолу болгон жокмун"

Сүрөттүн булагы, UNICEF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Валентин: "Мен бул жылы мектепте бир да жолу болгон жокмун"

Валентин 2020-жылдын мартынан бери мектепке барбай калды. Ал 23 жаштагы апасы Нэнси менен бут кийим тазалап иштейт.

"Апам мени мектепке киргизген, бирок мен бара алган жокмун, мектепке керектүү буюмдарды да алган жокпуз. Дептерлерим былтыркы. Баарынан да досторумду сагындым",-дейт Валентин.

Дүйнө боюнча ар кандай жумушта иштеген балдардын саны соңку 20 жылда биринчи жолу өсө баштап, 160 миллионго жетти. Бул маалыматты ЮНИСЕФ менен Эл аралык эмгек уюму жарыялады.

Соңку 4 жылда эле 8.4 миллион бала иштей баштады. Пандемиянын айынан дагы миллиондогон балдар иштөөгө мажбур болушу ыктымал. 20 жылдан берки жылыштар жокко чыгууда, деди бул уюмдар.

Билдирүүгө ылайык, 5 жаштан 11 жашка чейинки балдар арасында - ар кандай ишке салынгандар кескин көбөйдү. Булар дүйнө боюнча иштеп жаткан балдардын жарымынан көбүн түзөт. Ал эми ден-соолукка жана психикага зыяндуу иштерге аралашкан 5-17 жаштагылардын саны 6.5 миллионго көбөйүп, 2016 - жылдан бери 79 миллионго жетти.

Ганалык Жэйкоб ошондой балдардын бири.

Presentational grey line

"Эртең менен жумушка баратып, классташтарым мектепке жөнөгөнүн көрүп, көңүлүм чөгөт," - Жэйкоб, Гана

Жейкобдун жумушу зыяндуу: Кечке от жагат, оор жүктөрдү көтөрөт, ысык темирлер менен иштейт

Сүрөттүн булагы, UNICEF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жейкобдун жумушу зыяндуу: Кечке от жагат, оор жүктөрдү көтөрөт, ысык темирлер менен иштейт

"Менин атым Жэйкоб, он үчтөмүн, Гананын башкалаасы Аккрада балыкчылар жашаган Чокор аймагында турам.

Күндө таңкы саат төртттө туруп тай эжеме балыкты ыштаганга жардам берем. Отун алып келем, балыкты тазалайм, ыштай турган торго тизем.

Кечинде эжем дагы балык алып келгенде ушунун баарын кайрадан жасайм. Түнкү он бирде уктаганга жатам.

Карантинден кийин мектеп кайра ачылганда мен баралбай калдым, анткени тай эжем мектепке форма алып берем деп жетишпей жүрдү. Эски формамды чычкандар чайнап кетиптир. Бир жылдан бери мектепке барбай үйдө жүрөм.

Беш бир тууганым бар. Мен сегизге чыкканда апамдан айрылганбыз. Бизди тай энебиз багып жүрдү. Эки жыл мурун ал да көз жумду. Ошондон бери тай эжем менен жашап, анын иштерин жасайбыз.

Эртең менен иштер бүткөндө эжем бир долларга жакын акча берет тамак-аш апкелгенге. Мен жүгөрүдөн жасалган азык, анан куурулган балык алып келем. Эгер иштеп кереги жок болгондо мектепке барат элем. Мен аскер болгум келет. Мектепке барсам, окуй албаган, жаза албагандарга мобилдик телефондорун толтуруп бергенге жардам кылат болчумун".

Presentational grey line

Иштөөгө мажбур болгон балдардын көбөйүшүнө бир нече фактор таасир этти. Калктын санынын өсүшү, экономикалык кризистердин кайталанышы, жакырчылык, социалдык коргоо чараларынын жетишсиздиги. Азия менен Латын Америкасы 2016-жылдан бери оңолуп келе жаткан. Бирок Ковид-19 бир топ зыян кылууда.

Суб-Сахаралык Африкада соңку 4 жылда иштеген балдардын саны 16.6 миллионго өстү. Бул аймакта дүйнөнүн башка жактагы жумушчу балдарды бириктиргенден да көп бала иштеп жатат.

Бала кезинде иштөө келечек турмушка жана болочок муундарга да таасир этет

Йордандагы бала помидор жыйнап мээнет кылууда

Сүрөттүн булагы, UNICEF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча иштеген балдардын 70% айыл чарбасына туура келет

"Иш баланын жашоосуна таасир тийгизет, ошону менен катар болочок муунга да таасири бар. Балдар мектепке барышы мүмкүн. Бирок алар окуп, алдыга жыла албай калса, бул алардын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, жакырчылык чегинде кармай берет",-дейт Клаудия Каппа, ЮНИСЕФте кеңешчи, соңку билдирүүнүн авторлорунун бири.

"Окуган өтө маанилүү, - дейт Валентин. Мисалы кошуу, алуу дегенди билиш керек. Менден бирөө бетаарчы сатып алса, ал туура акчасын бергенин, же мен ага кайрып беришим керек экенин мен билем".

Бирок Валентиндин апасы кызынын онлайн окуусун каржылай албай жатканын айтууда: "Менин мобилдик телефонум эски, интернетке кошулуу абдан кымбат. Акчам жетпейт."

Кыздарга караганда эркек балдар көбүрөөк иштейт. Бирок үй кызматына кыздар көп тартылат. Валентин үйдө бала да карашат.

"Түштөн кийин апам кайра ишке кетет, мен үйдө инилеримди карап калам. Аларды ойнотуп сыртка да чыга албайм, пандемия үчүн. Бир күнү бассейнге барганда аябай кубангам. Мен ал жакка дагы барып, сууда сүзгөндү үйрөнгүм келет",-дейт Валентин.

Имран кагаздан пакет жасап керелден кечке иштейт

Сүрөттүн булагы, Mawa/Unicef

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Имран кагаздан пакет жасап керелден кечке иштейт

"Бала кезинде жумушка тартылуу жеткинчектердин эмоциялык өнүгүүсүнө таасир этип, алардын физикалык жана менталдык саламаттыгына коркунуч келтирет", - дейт Каппа.

Бангладеште Имран дагы мектептен биротоло чыкты. Карантинге чейин ал күндө бир нече саатка мектепке барчу.

Пандемия күчөп жатканда анын үй-бүлөсү баш калаадан кетип, айылга барууга мажбур болгон. Имран Дакада калып кагаз ишканасында ишин улантты.

Бирок карантинден улам иш жакшы жүрбөй, ал ЮНИСЕФ түзгөн балдар фондуна барып, үч маал тамактанып, түнөп кетип жүрдү.

Карантин жоюлганда ата-энеси кайтып келип, бары чогуу жашап калды. Бирок Имран окуудан калды. "Азыр мен жетиде туруп, тамактанып, дүкөнгө ишке барам, ал жакта түнкү саат онго чейин иштейм. Мага иштеген жакпайт. Менден башка балдар иштебейт ал дүкөндө," - дейм Имран.

Imran

Сүрөттүн булагы, Unicef

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Имран ата-энеси пандемия учурунда кетип калганда, өзү Даккада калып, иштеп жүрдү

"Балдарды жумушка салууга каршы күрөштө утулуп жатабыз. Өткөн жыл бул күрөштү ого бетер татаалдаштырды," дейт ЮНИСЕФтин башкы директору Хенриета Фор.

Бирок өкмөттөр чара көрсө, пандемиянын таасирин жокко чыгарууга мүмкүн болот, деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Балдар пособиелерин берүү, билим берүүгө каражат салуу, балдарды мектепке жөнөтүү, чоң кишилерди жумуш менен камсыздоо жолго коюлса балдарды жумшоого зарылдык жок болот. Айрым жерлерде мындай аракеттер натыйжа бере баштады.

Presentational grey line

"Мен ойногонго убактым болсо дейм" - Дана, 13, Иорданияда жашаган палестиналык

Dana smiling and playing table football

Сүрөттүн булагы, UNICEF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дана: "Ойногонго убакыт тапсам кана..."

"Мен 9 жашымда атам абакка түшкөндөн баштап иштеп жатам.

Менин эки сиңдим, байкем, апам бар. Ал карып калган чоң апабызды карайт. Бөлөлөрүм көчөдө соода кылып акча табышат. Мен да кошулдум. Күндө чач байлагыч жана башка нерселерди сатам. Тапкан акчанын баарын тамак-аш алсын деп апама берем. Мектеп карантинге жабылганда мен кеч туруп, телевизор көрүп, анан түнгө чейин соода кылым сыртка кетчүмүн."

Бирок үч ай мурун Дана иштебей калды. Ал ЮНИСЕФ каралашкан кайрымдуулук уюмунан колдоо тапты.

"Азыр үй-бүлөм менен үйдө жүргөндү, бул жакка сабактарга келгенди жакшы көрөм. Араб тилин, математиканы үйрөнүп жатам. Башка балдар менен ойнойм! Мен окуп, чоңойгондо чач-тарач болгум келет".

Бирок кошумча чаралар көрүлбөсө, 2022-жылга карата кошумча 50 миллион жеткинчектер жумушка тартылып калышы мүмкүн.