Зомбулук жана башаламандык: Мьянмада демонстранттарга ок атылды

Protesters lie on the ground in Myanmar after troops opened fire

Сүрөттүн булагы, Reuters

Мьянмада шаршемби күнү аскер бийлигине каршы нааразылык акциялар учурунда 38 демонстрант окко учту. Бириккен Улуттар Уюму окуяны "кандуу күн" деп атады.

БУУнун Мьянмадагы өкүлү Кристин Шранер Бургенер өлкөнүн булуң-бурчунан үрөй учурган сүрөт жана видеолор келип жатканын маалымдады. Анын айтымында, демонстрациялар башталгандан бери кеминде элүү киши коопсуздук кызматкерлери тарабынан өлтүрүлдү.

Өлкөдө 1-февралда армия төңкөрүш аркылуу бийликке келгенден бери демонстрациялар уланууда. Активисттер армияны бийликти кайра жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү тала кылышууда. Шаршембидеги акцияларга күбө болгондор коопсуздук күчтөрү алгач желим ок колдонуп, андан кийин ок атуучу курал колдонгонун айтышты.

Төңкөрүштөн кийинки зомбулуктан улам Мьянманын армиясы эл аралык коомчулук тарабынан кескин сынга алынды. Бирок армия генералдары эскертүүлөргө көңүл деле бурган жок. Ал ортодо Британия Мьянмадагы кризисти талкууга алуу үчүн Коопсуздук кеңешин жыйынга чакырды, АКШ болсо армия расмийлерине каршы кошумча санкция жарыялоону көздөп турат.

Protesters sit in a street holding makeshift shields as they face police in riot gear, in Mandalay on 3 March 2021

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскерлер демонстранттарга каршы ок атуучу курал колдонууда
Protesters are seen in a barricade during an anti-coup protest in Yangon, Myanmar

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Демонстранттар бир нече шаарда көчөлөрдү бууп алышты

Эл аралык кысымга карабастан Армия өз саясатынан кайтпайт

Дүйнөнүн ири державалары Мьянмадагы абалга тынчсызданып турганын билдирип жатканда, армия расмийлери өлкө санкция жана обочодо калуудан эч коркпойт деп маалымдады.

БУУнун Мьянмадагы өкүлү Шранер Бургенер армия жетекчилерине каршы катаал чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Мьянманын аскер башчысынын орун басарына дагы билдирген.

Буга жооп кылып, армия жетекчиси "Басып кетүү үчүн саналуу гана достор жетиштүү" деп айткан.

"Бардык мамлекеттерди биригип, Мьянманын армиясы тарабынан жасалган зомбулукту сынга алууга чакырам",-деди Нед Прайс.

Protesters crouch after police opened fire to disperse an anti-coup protest in Mandalay, Myanmar

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын мамлекеттик катчысы шаршемби күнү болгон зомбулукту көрүп, үрөйү учканын айтты

Вашингтон Мьянманын жакын өнөктөшү саналган Кытайды өлкөнүн армия лидерлерине таасир этүүгө үндөдү. Буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши Мьянмадагы окуяларга тынчсызданып турганын маалымдаган. Бирок кеңеш окуяларды сынга алган эмес, себеби Кытай менен Орусия аны ички маселе катары көрөт.

1-февралда Мьянманын аскер жетекчилери парламенттин биринчи жыйынын үзгүлтүккө учуратып, бир нече бийлик өкүлүн камакка алган. Аскер жетекчилери бийликти ээлеп, кечки саат сегизден тарта, таңы төрткө чейин ири шаарларга коменданттык саат киргизген. Армиянын кол башчысы генерал Мин Аун Хлаин мамлекет башчынын жоопкерчилигин алганын жарыялаган. Ошондон бери өлкөнүн ири шаарларындагы митингдер токтобой жатат.

Мьянма аскер режими менен 1962-жылдан 2011-жылга чейин башкарылып келген. 1988-жылы каршылык акциясын күч менен таратуу аракетинен 3 миңдей киши каза тапкан. 2007-жылы 30 кишинин өмүрү кыйылган.