Ухандагы ДССУ миссиясы: Кытай маалыматтарды жашырууда

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кытай жаңы коронавирустун пайда болушу тууралуу негизги маалыматтарды Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттерине берүүдөн баш тартты.
Бул тууралуу эл аралык изилдөө миссиясынын мүчөсү, австралиялык микробиолог Доминик Дуайер Рейтер, New York Times жана Wall Street Journal менен болгон интервьюсунда айтып чыкты. Изилдөөчүлөр 2019-жылы биринчи жолу вирус аныкталган Ухань шаарында иш алып барууда.
Окумуштуунун айтымында, кытай бийлиги биринчи бейтаптар тууралуу маалыматтарды көрсөткөн жок. Анын ордуна кыска гана маалымат беришкен. Кытай өкмөтү окумуштуунун айткандарына азырынча жооп бере элек. Буга чейин ДССУ эксперттери келгенде ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн убада кылган эле.
Өткөн аптада уюмдун Ухандагы эксперттери биринчи маалыматтарды берип, коронавирустун булагы лаборатория болгон эмес деп билдирүү жасады. Бирок жалпы доклад кийинки аптада гана жарыяланышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Reuters
2019-жылдын соңунда Уханда жаңы коронавирус белгилүү болгондон бери 106 миллион киши Covid-19 оорусуна чалдыкты. Анын 2,3 миллиону илдеттен айыга албай көз жумган.
Уюмдун адистери Кытайга январдын этегинде учуп келишти. Алар кытай бийлигине кайрылып, 2019-жылы Уханда Covid-19 белгилүү болгон мезгилдеги 174 учур тууралуу маалыматтарды сураган дейт профессор Дуайер. Анын айтымында вирусту алгач жуктургандардын жарымы гана Ухандагы базарда болгон. Ошондуктан бул алгачкы 174 учурду иликтөө маанилүү болчу.
Эмне үчүн Кытай маалыматтарды жашырганын түшүндүргөн эмес. Эл аралык изилдөө миссиясынын дагы бир мүчөсү даниялык иммунолог Теа Колсен Фишер New York Time басылмасына мегинде иликтөөнү "жогорку геосаясый деңгээлде" деп атаган.
Кытай бийлиги ДССУ изилдөөчүлөрү менен толук кызматташып жатканын ишендирүүдө. Бирок Уханга жетүү оңой болгон жок. Бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин гана эксперттерге иштөөгө уруксат берилди.
АКШ бийлиги Кытайды коронавирус белгилүү болгон биринчи учурдагы чыныгы масштабды жашырган деп айыптап келүүдө. Эми атайын барган адистердин эркин иштөөсүн камсыздабаганын сынга алды. Уханга барган эксперттер кытайлык кесиптештери менен сүйлөшкөн учурда чыңалган абал өкүм сүргөн.
Өткөн айда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдын вирустун чыгышына карата алгачкы реакциясын жетиштүү деңгээлде болгон эмес деп айтты. Эми адистер вирус тоңдурулган азыктар аркылуу тараган болушу мүмкүн деген теорияны дагы изилдеп көрмөк болду. Айрым пикирлер боюнча вирус алгач Түштүк-Чыгыш Азияга келген болушу мүмкүн.













