Кайгыда бири-бирин колдогон пингвиндер: сыйлыкка ээ болгон сүрөттүн баяны

Овдовевшие пингвины

Сүрөттүн булагы, Tobias Baumgaertner

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пингвиндер Мельбурн шаарын карап, бир нече саат бою чогуу турат

Жылдагыдай эле быйыл дагы ондогон сүрөт сынактары өттү. Тирүүлүктүн көз ирмемин кармап калган сүрөттөрдүн кээси көңүл көкөлөтсө, кээси жүрөктү оорутат.

Ocean Photograph Awards журналы бири-бирине колдоо көрсөткөн пингвиндерди жылдын эң мыкты сүрөтү деп тааныды.

Сүрөттү германиялык фотограф Тобиас Баумгертнер Мельбурн шаарында тарткан. Көрсө, анын эмгегиндеги пингвиндердин экөөсү тең түгөйлөрүнөн айрылгандар экен. Аны ошол жердеги ыктыярчылар айтып беришкен.

Мельбурндун четиндеги Сент-Килд жээгинде 1400гө чукул пингвин жашайт. Аларды кичинекей пингвиндер деп аташат, себеби орточо бою 33 гана сантиметр.

"Ыктыярчылардын бири мага келип, ак түстөгү пингвин карып калганын жана жакында түгөйүн жоготконун айтып берди. Ал эми анын жанында турган жашырак пингвин дагы ошондой окуяга туш болгон экен",-деп жазды фотограф "Инстаграм" баракчасына.

Ошондон бери эки пингвин улам кездешип, кечки маал Мельбурн шаарын карашат экен.

Фотограф үч түн катары менен канаттууларга көз салган:

"Эч кандай жарыктык колдонууга мүмкүн эмес эле. Анткени бул пингвиндер өтө эле кичинекей жана тынбай кыймылдайт. Бири-биринин канатын тазалап, кашынып турат экен. Ошондуктан аларды сүрөткө тартып алуу абдан татаал болду. Бирок жолум бар экен, акыры тартып алдым",-дейт Баумгертнер.