Ээн калган жерлер: 2020-жылдын Earth Photo cынагынын жеңүүчүлөрү

An abandoned coffee shop, Abkhazia.

Сүрөттүн булагы, Jonk

1px transparent line

2020-жылы абройлуу Earth Photo сынагы категориялардын биринде фотографтарды "адамдын табият менен байланышындагы эки жүздүүлүккө" көңүл бурууга үндөгөн.

Бул категорияны франциялык фотограф Жонатан Жименез (дүйнөгө Жонк каймана аты менен белгилүү) жеңип алды. Ал ээн калган кофе дүкөнү, Абхазиядагы театр, Португалиядагы мейманка жана Италиядагы бассейнди сүрөткө түшүргөн. 2600 фотограф мелдешке катышты.

Беглигүү фотожурналист Маримма Рут Жонктун иштерин жогору баалады:

"Жонктун чеберчилиги жана көрөгөчтүгү бизди таң калтырды. Анын сүрөттөрүнөн адамдын табиятка болгон эки жүздүүлүгүн дароо байкаса болот",-деди ал.

Бул мелдеш айлана-чөйрөгө байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүп, дүйнөнүн жана анда байырлаган жандыктар тууралуу талкууга жеп таштоону көздөйт.

1px transparent line

"Адам" категориясында Янрон Гуонун Ляншан-Ий автоном окуругунда чылым чегип жаткан кишини сүрөтү жеңишке жетти.

A pipe-smoking man in Liangshan Yi Autonomous Prefecture, China.

Сүрөттүн булагы, Yanrong Guo

1px transparent line

Ий Сун "Жаратылыш" категориясында Испаниянын кургакчылыкка кептелген талаалары утуп чыкты. Сүрөттө кайрак жердеги трактордун издерин көрүүгө болот.

An aerial view of interlaced tractor lines carved into a Spanish farm.

Сүрөттүн булагы, Yi Sun

1px transparent line

Чарлз Кселот "Өзгөрүп жаткан токойлор" категориясында "Өлүп калган дарак" сүрөтү менен жеңишке жетти. Бул аймакта эки жыл мурун адамдын аракетинен улам токой өртү болуп, айлана-чөйрө толугу менен талкаланган.

A contorted tree trunk

Сүрөттүн булагы, Charles Xelot

1px transparent line

Жо Хаббен "Климаттык өзгөрүү" категориясында Венециядагы суунун көтөрүлүшүн сүрөткө түшүрүп, жеңишке жетти.

A man standing in high water in Venice, Italy.

Сүрөттүн булагы, Joe Habben

1px transparent line

Жеңүүчүлөрдүн чыгармалары Британияда 2021-жылдын жаз мезгилине чейин көргөзмөдө турат.

Сүрөттөр Royal Geographical Society таандык жана автордук укуктары сакталган.