Иран: Фахризаде спутниктен башкарылган курал менен өлтүрүлгөн

Фахризаденин тажыясы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Иран бийлиги өзөктүк курал боюнча алдыңкы адис Мохсен Фахризаде спутниктен башкарылган, жасалма акылга ээ болгон пулемёт менен атып өлтүрүлгөн деп билдирди.

Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылары корпусунун башчысы Али Фадави билдирүү жасаган. Бирок эксперттердин көбү мындай жоромолго шек саноодо.

Контр-адмирал Фадавинин айтымында, пулемёттон 13 ок Фахризаде бара жаткан унааны көздөй атылган. Ок Фахризадеге таамай тийген, анын жанында отурган жубайы аман калган. Өз денеси менен Фахризадени коргоп калууга аракеттенген жан сакчыга төрт ок тийген. Пулемёт жолдун четинде токтоп турган "Ниссан" унаасына орнотулганы дагы айтылууда.

"Пулемёт заманбап камераларды колдонуп Фахризадени аныктаган. Куралда жасалма акыл технологиясы колдонулганы тастыкталды",-деп айтты ирандык аскер башчы.

Кол салууда заманбап технология колдонулганы буга чейин дагы айтылган. Бирок бул жолу жогорку даражадагы аскер башчылар аны ырастап жатат. Чабуулдан кийин Иран бийлиги кол салууга Израилди айыптаган эле. Израиль болсо буга эч кандай реакция кылган жок.

кол салуу болгон жер

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фахризаде зооттолгон унаада болгон жана аны үч унаа менен сакчылар коштоп жүргөн
2px presentational grey line

Анализ

Зоуи Кляйнман, Би-Би-Синин технология боюнча кабарчысы

Окумуштуу жогорку технологияны колдонуу менен өлтүрүлгөн деген билдирүү өтө тынчсыздандырат. Аны эч ким текшерип көрбөгөнүн дагы белгилеп коюшубуз керек. Жасалма интеллектти согуш талаасында колдонуу көптөн бери эле окумуштууларды кабатыр кылып келген. 2015-жылы маркум профессор Стивен Хокинг согуштук жасалма интеллектти иштеп чыгууну токтотууга чакырып, ачык кат жазган илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн бири болгон эле.

Бирок бул жолу Ирандагы конкреттүү окуя боюнча билдирүүгө шектүү көз караш менен мамиле жасалды. Радиоэлектрондук жааттагы аналитик жана Том Уитингтондун айтымында, бул билдирүүнү эки өңүттөн караш керек. Ошондой эле ал Фадавинин айткандарын "терминдердин укмуштуудай угулушу" деп атап, Ирандан технологиялык жактан өйдө турган күч гана өлүмдү ишке ашырышы мүмкүн экенине басым жасагандай таасир калтырды дейт.

Автономдук куралдануу системасына каршы күрөшкөн Campaign to Stop Killer Robots коалициясынын мүчөсү профессор Ноэль Шаркинин пикиринде, эгерде мунун улуттук куралдуу күчтөр колдонуп баштаса, анда кесепетин элестетүү кыйын.

"Эгерде технологиянын жардамы менен кишини жүзүнөн таанып, аныктоо жана өлтүрүү үчүн колдонулган автономдуу аппараттар пайда болсо, анда дүйнөлүк коопсуздукка жик кетип, биз төмөн карай кулайбыз",-деди ал.

2px presentational grey line

Фахризадени МАГАТЭ жана батыштын атайын кызматтары аны өзөктүк куралды иштеп чыгуу боюнча жашыруун программанын негизги кыймылдаткычы катары санап, көп жылдан бери айтып келишкен.

2010-2012-жылдары Ирандын өзөктүк программасынын төрт эксперти киши колдуу болгон. Тегеран ошол кезде дагы Израилди айыптаган, бирок эч кандай далилдерди келтирген эмес.

Иран 2015-жылдагы келишимди сактабай калгандан кийин (Трамптын келишимден чыгып кеткенине жооп кылып) өлкөдө уранды байытуу иши жанданган. Мурда келишим менен тыюу салынган жогорку деңгээлин байытып жатканы тууралуу сындар айтылган эле. Ирандык чиновниктер бул кадамдарды илимий изилдөө катары түшүндүрүп келген, бирок илимий жетишкендиктер келечекте өзөктүк курал өндүрүүгө жол ачышы ыктымал.

Аналитиктер физик Мохсен Фахризаденин өлтүрүлүшүн 2015-жылдагы келишимди калыбына келтирүүгө тоскоолдук жаратуу аракети болушу мүмкүн деген да божомолду айтышкан. Анткени АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден бул келишимге кайтып келүүгө аракеттенет деп күтүлүүдө.