Испанияда мурдакы королду "жоготуп", дайынын таппай жатышат

мурдагы король Хуан Карлос

Сүрөттүн булагы, Reuters

Испан басылмалары, ал тургай өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес мурдагы король Хуан Карлос кайда кеткенин таба албай убара.

Король дүйшөмбү күнү билдирүү жасап, өлкөнү таштап чыгып кете турганын айткан. Ага коррупция боюнча айыптоолор тагылып жаткан эле.

Испан басылмалары мурдакы монарх Доминикан Республикасына кеткенин кабарлашкан. Бирок бул өлкөнүн бийлиги алардын чек арасынан өтпөгөнүн айтып чыкты.

Хуан Карлос

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 82 жаштагы мурдакы монарх 2014-жылы тактыдан баш тарткан

82 жаштагы мурдакы монарх 2014-жылы тактыдан баш тартып, Испаниядан башка өлкөдө жашай турганын билдирген эле. Мындай кадамга барганын уулу, король Филипп IV башкаруусуна жолтоо болбоюн деп түшүндүргөн.

Хуан Карлосту коррупция менен айыпташып, иликтөө жүрүүдө. Бул коомчулукта чоң резонанс жаратты. Ал Мекке менен Мединанын ортосундагы темир жол куруу үчүн испан курулуш компаниясы менен түзүлгөн келишимге катыштыгы болгон деп айыпталууда. Бул келишимден үч жыл алдын испан монархы Сауд Арабиянын падышасынан 100 млн. доллар өлчөмүндө белек алган деп шектелүүдө.

Хуан Карлос өзүнүн дарегине айтылган айыптоолор боюнча пикирин билдирүүдөн баш тартып келүүдө. Испан өкмөтү мыйзам алдында баары бирдей экенин айтып, иликтөө иштерине кийлигишпей турганын билдирди.

Март айында король Филипп атасынан калган мурасты кабыл алуудан баш тартты. Ошондой эле мурдакы монархтын кем-каржысы үчүн төлөнүп келген жылына 194 миң евро берилбей турганы маалым болду. Испан мыйзамдары боюнча тактыдан кеткенге чейинки кандайдыр бир аракеттери үчүн жоопко тартылбайт.

Мадриддеги Би-Би-Си кабарчысы Ник Биктин пикиринде, азыркы түзүлгөн кырдаал Хуан Карлос үчүн өтө чоң кемсинтүү болду. Ал тарыхта Испаниянын диктатурадан демократияга алып өткөн лидер катары калгысы келген.

Хуан Карлос

Сүрөттүн булагы, Getty Images

  • 1938-жылы Италиянын Рим шаарында туулган
  • 1975-жылы диктатор Франсиско Франконун өлүмүнөн кийин испан тактысына келген
  • Өтө оор тарыхый учурда Испанияны демократиялык жолго алып келди деген репутацияга ээ болгон.
  • 39 жылдык башкаруусу учурунда бир катар чуулгандуу окуяларда аты аталган
  • 2014-жылы 18-июнда тактыны уулу Филиппке бошотуп берген