"Бизди дарыяга түртүп жиберишти": Ооганстан мигранттарды кыйноого алган деп Иранды айыптады

Сүрөттүн булагы, Reuters
Оогандык мигранттарды Иран чек арачылар кыйноого алып, кийин дарыяга секирүүгө мажбурлаганы тууралуу айтылууда. Ооганстан бийлиги бул окуя боюнча иликтөө иштерин баштады.
Жергиликтүү басылмалар Иранга мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылган ооган мигранттары жума күнү кармалганын жазышкан. Мигранттар өлкөнүн батышындагы Герат провинциясынын тургундары. Басылмалардагы маалыматка караганда, ирандык чек арачылар ооган мигранттарын сабап, дарыяга секирүүгө мажбурлашкан. Натыйжада алар каза тапкан. Азыр жети мигрант дайынсыз.
Иран бийлиги айыптоону четке какты. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү окуя Ооганстан аймагында болгон деп билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Канча ооган жараны чек арада кармалганы тууралуу кабарланган жок. Бирок расмий маалыматтарда чек араны ондогон мигрант кесип өткөнү айтылат. Учурда кеминде жети киши дайынсыз. Куткаруу иштери уланууда. Аларды дарыядан издеп жатышат.
"Аларды Геридуд [ооган-иран чек арасынан агып өтөт] дарыясынан сүзүп, артка кайтууга мажбурлашкан. Жыйынтыгында бир нече киши чөгүп кетип, айрымдары эптеп аман калышкан",-деп кабарлады Ооганстандын адам укугу боюнча комиссиясы (AHRC).
Мигранттардын бири Шир Ага ирандык чек арачылар эгерде сууга секиришпесе, атып саларын эскертишкенин Рейтер агенттигине айтып берген.
Дагы бир ооган мигранты Шах Валинин айтымында, ирандыктар аларды сабап, оор жумуштарды аткартышкан.
"Андан соң баарыбызды микроавтобус менен алып келип, дарыяга түртүп салышты",-дейт ал.
Иранда 3 млн. чамалуу оогандык качкын жана эмгек мигранттары бар. Күн сайын жүздөгөн оогандыктар жумуш издеп Иран менен чек араны кесип өтүүгө аракет кылат.
Коронавирус эпидемиясы башталганда Ирандагы оогандар массалык түрдө мекенине кайта баштаган. Иранда 100 миңдей киши вирус жуктуруп алганы белгилүү. Демек, оогандар дагы чек ара аркылуу вирусту өз мекенине алып келиши мүмкүн деген кооптонуу бар.
Бирок соңку күндөрү Иран бийлиги карантин чараларын бошоңдотту. Мындан улам оогандыктар кайрадан чек арадан өтүүгө умтулууда.
Мигранттарга байланышкан окуянын арты дипломатиялык жаңжалга дагы айланып кетиши мүмкүн.
Герат провинциясынын губернатору "Твиттер" баракчасы аркылуу Иран бийлигине кайрылып, "убагы келгенде биз дагы эсепти теңейбиз" деп айтты. (AbA)








