Италиянын чакан шаарында коронавирусту кантип токтотушту?

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Италиянын түндүгүндөгү чакан шаарда эксперименттин жардамы менен короновирустун жайылышын токтотушту.
Венециядан анчалык алыс эмес жердеги Во Эуганео коммунасы COVID-19 очогуна айланып калганда, тургундарды дароо тесттен өткөрө башташкан.
3400 киши жашаган шаардын тургундарынын баарын тесттен өткөрүштү. Эгерде кимден вирустун белгилери байкалса, аны карантинге жөнөтүшкөн. Аны менен байланышта болгондорду дагы тез арада аныктап, карантинге алышты.
Он күндөн кийин шаар тургундарынын баарын кайрадан тесттен өткөрүп, жыйынтыгында жаңы жайылган учур токтогону белгилүү болот. Экспериментке катышкан Imperial College London университетинин профессору Андреа Кресанти италиялык жана британдык басылмаларга берген маегинде, ооругандар саны 90 пайызга азайганын айтып берген.
22-февралда Италиядагы коронавирустун биринчи курмандыгы катталган Во Эуганеодо шаардын саламаттыкты сактоо органдары инфекциянын тарашын толугу менен токтото алды.
"Тест өтө маанилүү болчу жана көп кишинин өмүрүн сактап калды",-деди шаардын мэри Жулиано Мартини.
ПрофессорАндреа Кресантинин айтымында, Во Эуганиодо вирустун белгилери байкалбаган кишилерди дагы тесттен өткөрүшкөн. Анализдер чакан шаардын тургундарынын үч пайызына вирус жукканын көрсөттү. Баарын изоляцига алышкан.
"Экинчи жолу кайра текшергенде дээрлик 90 пайызында эч кандай вирус жок болуп чыкты",-деди эксперт.
Кайталап тесттен өткөргөндө мурда байкалбай калган алты кишини аныктап, карантинге алышкан. Бул жагдай өтө маанилүү.
"Эгерде буларды билбей калганда, инфекция андан ары кулачын жайып кете бермек",-дейт Андреа Кресанти британдык Financial Times басылмасындагы интервьюсунда.
Бирок өлкө боюнча жарандардын баарын тесттен өткөрүү мүмкүн эмес. Ал эми вирус табылган кишилер менен карым-катнашта болгондорду сөзсүз тестирлөөдөн өткөрүү зарыл, деп эсептейт Андреа Кресанти.
Мындай практиканы бүтүндөй Венето чөлкөмүнө колдонууга камылга көрүп жатышат. Ал жерде күнүнө 11 миң анализ алууга туура келет.
Италияда коронавирус өтө тездик менен жайылып, 36 миңдей тургун жуктуруп алган. Көз жумгандар үч миңден ашты.
"Тест, тест жана тест"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бардык өлкөлөргө кайрылып, кол жетишинче калкты коронавируска каршы тесттен өткөрүүгө чакырды. Буга Түштүк Корея менен Тайванды мисал тартты.
"Биздин негизги сунушубуз: Тест, тест жана тест",-деди ДСУ жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус.








