Барселона: демонстранттар унааларды өрттөп, жолду буушту

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Каталониянын көз карандысыздыгын жактагандардын бейшембидеги каршылык акциясы башаламандыктар менен коштолду. Полиция менен кагылышуу орун алды.
Окуя болгон жерден тартылган тасмалардан күйүп жаткан унааларды көрүүгө болот.
Каталониянын бардык аймагын кучагына алган акция үч күндөн бери уланып жатат. Каршылык жүрүштөрүнө Испаниянын Жогорку Сотунун каталондук лидерлерди тогуз жылдан он үч жылга чейин эркинен ажыраткан чечими себеп болду.
Өткөн түнү 51 демонстрант камакка алынгандан кийин кырдаал чыңалып кетти.
Полиция маалыматына караганда, демонстранттар "Молотов коктейлин" колдонуп жатышат. Алар борбордук көчөлөрдү бууп, бир нече унааны өрттөп салышкан. Жаракат алгандардын так саны белгисиз.

Сүрөттүн булагы, RTVE
Каталониянын көз карандысыздыгы үчүн кыймылды жетектеп, сот жообуна тартылган лидерлер зомбулукту токтотууга чакырды.
"Каршылык жүрүшү тынч маанайда өтүшү керек. Кайсыл бир топтордун көз карандысыздык үчүн кыймылга көө жаап, зыян алып келишине жол берилбеши керек",-деди Католония автономиясынын башчысы Ким Торра.
Испаниянын премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Педро Санчес өкмөт чечкиндүү чараларга барууга даяр деп айтты.
Дүйшөмбүдө Испаниянын Жогорку Соту каталондук лидерлерди тогуз жылдан он үч жылга чейин эркинен ажыратты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Каталониянын мурдакы вице-президенти Ориол Жункерас 13 жылга соттолду. Эркинен ажыратылган 12 саясатчы жана активист өздөрүнө тагылган айыптарды четке кагууда.
Соттун чечими жарыялангандан кийин Каталониянын көз карандысыздыгын жактаган жүздөгөн кишилер Барселона көчөлөрүндө "Саясий туткундарды бошоткула!" деген чакырыктар менен жүрүш өткөргөн.

Сүрөттүн булагы, EPA
2017-жылы Каталониянын көз карандысыздыгын талап кылган кыймыл референдум өткөргөн. Испаниянын Конституциялык соту референдумду мыйзамсыз деп тапкан.
Референдумдун өтүшүн мыйзамсыз санаган испан өкмөтү добуш берүүнүн жүрүшүнө тоскоолдуктарды жараткан. Полиция менен кагылышуу болгон. Шайлоочулардын жарымына чукулу гана катышканына карабастан, референдум өттү деп саналып, уюштуруучулар 90% шайлоочу көз карандысыздык үчүн добуш берди деп жарыялашкан.
Каталонияга испан өкмөтү түз башкаруу киргизгенден кийин каталондук төрт саясатчы Бельгияга качып кетти. Испания аларды козголоң уюштурган деп айыптаган эле. (AbA)












