Эрдоган менен Путин Сирия боюнча мунаса тапты

Russian President Vladimir Putin shakes hands with Turkish President Recep Tayyip Erdogan in Sochi, Russia (22 October 2019)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган

Түркия менен Орусия Сириянын түндүгүндө жайгашкан күрддөр боюнча "тарыхый" келишимге жетишти. Ага ылайык, Түркия менен Орусия чек араны чогуу көзөмөлдөйт.

Кечээ Орусия президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган Сочиде жолукту. Орусия Сириянын лидери Башар ал-Асаддын жакын өнөктөшү саналат. Түрк операциясы башталганда Москва Анкаранын чек арадагы аракеттерине тынчсыздануусун билдирген.

Түркиянын "Тынчтык булагы" аталган аскер операциясы эки аптадай мурун башталды. Түркия чек ара сызыгын кесип өтүп, Сириянын күрддөр жашаган аймагына чабуул койду. Анкара операциянын негизги максаты - күрд кошуундарын Сириянын түндүк райондорунан сүрүп чыгып, "коопсуз тилкени" түзүү деп айткан. Түркия өз аймагында турган эки миллионго чукул сириялык качкындарды ушул тилкелерге жайгаштыруу планын билдирген болчу.

Келишим эмнени камтыйт?

Түркия Рас-ал-Айн шаарчасынан Телл-Абьяд калаасына чейин 120 чакырым аймакты басып алды. Анкара дал ушул жерге "коопсуз тилке" орнотуп, эки миллионго чукул сириялык качкындарды көчүрүп келүүнү көздөп турат.

A Turkey-backed Syrian rebel fighter patrols in the border town of Tal Abyad, Syria, October 21, 2019

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркия колдогон сириялык козголоңчулар Телл-Абьяд шаарын көзөмөлгө алды

Орусия Түркиянын операциясына тоскоолдук кылбайт. Андан тышкары Манбиж менен Тал-Рифат шаарларындагы күрд куралчандар дагы чыгып кетиши үчүн 150 саат убакыт берилди. Түркия бул аймактарда аскердик операциясын баштай элек болчу.

Күрд кошуундар эки лидердин келишимине макулбу же жокпу белгисиз. Ага карабастан күрд куралчандары келечекте артка кайтып келүүсүн алдын алуу үчүн Орусия менен Түркия чек араны чогуу көзөмөлдөмөкчү. Биргелешкен күзөт шаршембиден башталат.

Ошондой эле түрк армиясынын катыштыгы жок аймактарды Орусия менен Сирия кайтарат.

Сириянын лидери Асад Түркия менен Орусия ортосунда мунаса табылды деген кабар тарагандан кийин, президент Путинге ыраазычылык билдирген.

Сирия карта

Түркиянын аскердик операциясынын кесепети

Бириккен Улуттар Уюмунун айтымында, Түркиянын операциясы башталгандан бери 176 миң жайкын тургун, анын ичинде 80 миң жаш бала үйлөрүн таштап чыгууга аргасыз болду. Сириянын түндүгүндө үч миллион киши жашайт.

Эки аптанын ичинде 120 жайкын тургун, күрд кошуундарынан 259 киши, Түркия колдогон сириялык козголоңчулардын 196сы жана жети түрк аскери каза тапты. Ал эми Күрддөрдүн элдик кошууну (YPG) Түркиянын аймагына жолдогон чабуулдарынан жыйырма жайкын тургун өлгөн. (AT)