НАСА: Индиянын Айга болгон миссиясы ийгиликсиз аяктады

Сүрөттүн булагы, NASA
АКШнын космостук агенттиги Индиянын "Чандраян-2" аппараты Айга кулап түшүп, талкаланганын билдирди.
НАСА тарткан сүрөттөр аппарат коно турган аймакты көрсөтөт, бирок анда "Чандраян-2" так кайсыл жерге кулаганы көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу НАСА "Твиттер" баракчасына жазды.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Индиянын "Чандраян-2" (Ай спутниги-2) аталыштагы космос аппараты Айдын түштүк тарабындагы сууну, минералдык заттарды жана Айдын чайкалуусун изилдеп чыкмак. "Чандраян-2" Айдын түштүк тарабына 7-сентябрда жеткен. Коно турган аймакка 2.1 чакырым калганда, аппаратта маселе чыгып, байланыш үзүлгөн.
Наркы 150 млн доллар турган бул саякат ийгиликтүү болсо, Индия Айдын түштүк уюлуна конгон дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калмак. Ошондой эле АКШ, Кытай жана Советтер Союзунан кийинки Айдын бетинде "из калтырган" төртүнчү өлкө болмок.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди космос программасы өлкөнүн артыкчылыктуу максаттарынын бири экенин баса белгилеп келет. Бирок сынчылар Индия космостук изилдөө эмес алгач жакырчылык менен күрөшүүсү зарыл экенин айтышууда.
Өлкөдө миллиондогон кишилер азырга чейин таза сууга, үзгүлтүксүз электр жарыгына, заманбап ажатканага, унаа жана темир жолдоруна жетпей жүрөт. Бирок өлкөнүн өкмөтү илимге жана техникага сарпталып жаткан каражаттар социалдык өнүгүүгө алып келет деп ынандырып келүүдө.
Индиянын бийлиги болсо өнүгүп келе жаткан көп өлкөлөрдү Батыштын эмес, өзүнүн космостук өндүрүшүн колдонууга тарта алам деп үмүттөнөт. Ошондуктан сындарга карабастан бул тармакка каражат сарптап, дагы бюджетин кеңейткен. Ал тургай Венерага учуу планын да алдыга максат кылууда.
Индиянын Айга болгон алгачкы сапары ("Чандраян- 1") 2008-жылы ишке ашкан. Космос аппараты радарлары менен Айга конуудан мурун суу издеген эле. Ошондой эле бул мамлекет 2014-жылы Марстын орбитасында спутник орноткон төртүнчү өлкө болгон жана 2017-жылы космоско 102 спутник учуруп, рекорд койгон эле. (AT)









