Капитализм реформасы: миллиардерлер эмнеден кооптонууда?

"Капитализм нельзя исправить, его можно только победить". Век спустя по Европе вновь бродит призрак, обещающий верхам неприятности от имени низов

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Капитализмди оңдосо болбойт, аны бир гана жеңүү керек". Доор алмашкандан кийин Европада жогорку тап кайрадан коркунучка кептелди.
    • Author, Алексей Калмыков
    • Role, Би-би-си

Биз билгендей капитализм өз доорун жашап өттү. Эми байлар максималдуу пайда табууга жан үрөбөстөн, салыкты көбүрөөк төлөп, бизнестерин коомдун пайдасына иштетүүгө убакыт келди. Болбосо төңкөрүш жакындап калды.

Кызыгы, бул пикир марксисттердин кагаздарында жазылган ураандан алынган жок. Аны жакынкы арада эле миллиардерлер, банкирлер жана экономисттер айтып чыкты. Капитализмдин башчылары делген адамдар капысынан эле бир ооздан реформа тууралуу кеп кыла башташты.

"Эл байлыктын көбүн элита басып алды деп айтканда, эки нерсе болот: мыйзам өзгөртүлүп, байлыктын кайрадан бөлүштүрүлүшү же жакырчылыктан улам төңкөрүш аркылуу байлыктын бөлүштүрүлүшү",- дейт Guggenheim Partners инвестициялык банкынын башчысы, Уолл-стриттин ардагери Алан Шварц.

Ал эми америкалык инвестор, миллиардер Рэй Далио "капитализмдин башынан эле кубаттуу система экендигине ишенем, болгону азыр бул система көпчүлүккө пайда алып келбейт, ошондуктан реформаланышы керек" деген пикирин билдирди.

Президент Макрон хотел укрепить капитализм во Франции. "Желтые жилеты" его остановили

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франциянын президенти Макрон өлкөсүндөгү капитализмди бекемдөөнү каалаган. Бирок "Сары кемселчендер" аны токтотту

Эмитен эле жыйырмага чукул америкалык миллиардер аз салык төлөп жатканын айтышкан. Аларды коомдук пикир кооптондурууда.

"Теңсиздик нааразычылыкты жана коомдогу чыңалууну жаратат. Анын жыйынтыгында демократиялык институтка ишенимсиздик өсөт",- деген эле миллиардерлердин бири.

Дүйнөнү ким башкарат?

Мындан элүү жыл мурун америкалыктар планета (дүйнө калкынын 0,1 пайызы) байлыгынын жети пайызын көзөмөлдөп турган. Азыр бул көрсөткүч Америкада жыйырма пайызды түзөт.

Жалпысынан дүйнө экономикасынын үчтөн бири туура келген АКШ, Европа жана Кытайда калктын он пайызы жетимиш пайыз байлыкка ээлик кылышат.

Калган ар бир экинчи жашоочу өлбөстүн күнүн көрүүдө. Алар болгону коомдук байлыктын эки гана пайызына ээлик кылышат.

Жарды үй-бүлөлөр негизинен тапкан каражатын азык-түлүккө пайдаланып, капитал топтошпойт. Ал эми капиталы бар тургундар аны көбөйтүүгө умтулат эмеспи. Ошентип отуруп теңсиздик өсүп, бийлик менен бизнеске нааразычылык көбөйөт дейт эксперттер.

Экономикалык каатчылыктан саясий каатчылыкка карай

"Теңсиздик маанилүү саясий көйгөй болууда. Элдин демократияга ишеними төмөн,"- дейт Дүйнөлүк банктын башкы экономисти Пенни Голдберг.

Эл аралык уюмдар менен капитализмдин келечегин талкуулаган Голдберг айымдын айтымында, ушул көйгөйдөн улам эл ааламдашууга гана каршы чыкпастан, элитага, эксперттерге каршы чыгууда.

Ал аңгыча мурда саясий жана экономикалык түзүлүштү өзгөртүүнү каалабаган орто катмар келечекке ишенимин жоготуп, солчул же ашынган оңчулдарга жан тартып калганы да айтылууда. Бул ойду экономист Лоранс Бун дагы колдойт. Анын айтымында, азыркы жагдай тарыхта орчундуу орунду ээлеп калат.

"Орто катмар кыскарууда, коом өзгөрүүдө. Орто катмардын саны жогору болгон учурда экономикалык өсүү камсыздалып, алар байлыкты тең бөлүштүрүүгө жол ачкан саясий системаны колдоп келишкен",- дейт Бун.

Ким күнөөлүү?

Рост цен на жилье делает богаче тех, у кого есть недвижимость, и беднее - тех, у кого ее нет

Сүрөттүн булагы, Arterra / Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Турак-жайга баалар өсүп, кыймылсыз мүлкү барлар байып кетти, турак-жайы жоктор кээдей болуп калды

XXI кылымда автоматташтыруу жана интернет-экономика эмгек базарын өзгөрттү. Мурда негизги айлык акыны төлөгөн ири соода борборлор же туроператорлордун доору артта калды. Жаңы доордо деле жумуш орундар көп, бирок аны экономикалык өзгөрүүгө ылайыкташкан инсандар гана колдонууда.

Өзгөрүүгө ылайыкташпагандар туруктуулукту эңсеп, күнөөлүүлөрдү издешүүдө. Алар мигранттардан баштап, саясий элитаны, журналисттерди, капчыктууларды, финансисттерди жана эл аралык уюмдарды күнөөлөшүүдө.

противники иммиграции в США

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамптын бийликке келгени АКШда миграцияга каршылыкты күчөттү

"Биз дайым өкмөттүн көзүн карайбыз, бирок бул жерде негизги ролду өкмөт эмес, корпорациялар ойнойт. Саясатчыларга жана бизнес лидерлерге кимдин акылсыз экендигин айтып отурууну токтотуш керек. Биз бир пикирге келип, абалды оңдосок дейбиз",- дейт инвестор Шварц.

Эмне кылыш керек?

"Чабуулда биринчи максат - ижара экономикасы",- дейт Бун.

Бул термин менен эксперт интернет-платформанын колдонуучулары тууралуу сөз кылып жатат. Экинчиден технологиялык дөөлөрдүн салык төлөөгө милдеттендирилиши. Жигердүү экономиканын басымдуу бөлүгү интернетке өттү, алардын көбү салык төлөбөй калды."Эл аралык компаниялар киреше тапкан, жумушчу жалдаган жерде салык төлөшү зарыл",- дейт Бун.

Бийликтин бизнести жөнгө салуудан тышкары учурдагы абалга таасир эте турган башка мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгер интернет жана жогорку технологиялар жаңы экономиканын негизин түзсө, мамлекеттин приоритети элди билимге жана байланышка жеткирүү болушу керек.